Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын УО «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун кичи терминалын мамлекеттештирүү жөнүндө» Декрети
Бишкек шаары
2010-жылдын 3-июну УӨ №59
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун
кичи терминалын мамлекеттештирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 28-апре-
линдеги сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу
Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Респуб-
ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 288-беренесине
ылайык "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун (мындан
ары - "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы) кичи терминалы перрону жана
аянты 12,40 га жер участогу менен бирге мамлекеттештирилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо
кызматы мамлекеттештирилүүчү жер участогу үчүн "Манас" эл аралык аэро-
порту" ААКына берилген жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамле-
кеттик актыны жокко чыгарсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Манас" аэ-
ропортунун кичи терминалынын мамлекеттештирилишине байланыштуу:
- кичи терминалды перрону жана жер участогу менен бирге Кыргыз
Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Авиация депар-
таментинин балансына кабыл алууну-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын;
- "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсына жер участогун мыйзамсыз
өткөрүп берүүнүн кесепетинен мамлекетке келтирилген чыгымдарды
эсептөөнү жүргүзсүн;
- "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсына перрону жана жер участогу
менен бирге кичи терминал үчүн төлөнгөн акча каражаттарын мамлекетке
келтирилген чыгымдарды кармап калуу менен кайра берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-
рлиги кичи терминалды, кичи перронду жана жанаша аймакты реконструкция-
лоону аяктоону камсыз кылсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №
666 "Манас" эл аралык аэропортунун кичи терминалын жана кичи перронун
өткөрүп берүү жана оњдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө"
токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №
666 "Манас" эл аралык аэропортунун кичи терминалын жана кичи перронун
өткөрүп берүү жана оњдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө"
токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 10-июлундагы № 370 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №
666 "Манас" эл аралык аэропортунун кичи терминалын жана кичи перронун
өткөрүп берүү жана оњдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө"
токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 29-декабрындагы № 729 токтому.
4. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
5. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 7-апрелинин №1 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Т.Усеновдун отставкасы женунде" ТескемесиРаспоряжение · 07.04.2010 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №666 "Манас" эл аралык аэропортунун кичи терминалын жана кичи перронун өткөрүп берүү жана оңдоо-калыбына келтирүү…Постановление · 18.09.2006 · № 666 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-декабрындагы №729 "Манас" эл аралык аэропортунун кичи терминалын жана кичи перронун өткөрүп берүү жана оңдоо-калыбына келтирүү…Постановление · 29.12.2008 · № 729 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтому 2008-жылдын 10-июлу № 370 "Манас" эл аралык аэропортунун кичи терминалын жана кичи перронун откоруп беруу жана ондоо-калыбына келтируу…Постановление · 10.07.2008 · № 370 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15