Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УО «Мунапыс жөнүндө» Декрети
Бишкек шаары
2010-жылдын 26-апрели УӨ № 32
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
Мунапыс жөнүндө
Адамдын жалпы кабыл алынган укуктарына жана эркиндиктерине урмат
көрсөтүү, гуманизм жана ырайымдуулук принциптерине негизденүү менен,
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги №
1 Декретине таянып, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жењиштин 65 жылдыгына
байланыштуу жана 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги кайгылуу окуяларга катыш-
кан баатырлардын урматына Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ток-
том кылат:
1-берене.
Төмөнкүлөр жазык жоопкерчилигинен жана жазалоодон бошотулсун:
1) СССРдин жана Кыргыз Республикасынын таламдарын коргоо боюнча
согуштук аракеттерге, ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун залал-
дарын жоюуга катышкан адамдар;
2) ушул Декреттин 1-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын
жесирлери;
3) 55 жаштан өткөн аялдар;
4) 60 жаштан өткөн эркектер;
5) үй-бүлөдө бирден бир багуучу болгон, кеминде жашы жете элек эки
баласы же багуусунда I топтогу майып ата-энеси бар адамдар;
6) I жана II топтогу майыптар жана III, IV стадиядагы онкологиялык
оорулуулар;
7) 5 жылдык мөөнөткө биринчи жолу соттолгон жашы жете электер;
8) ушул Декрет күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлө элек
бөлүгү бир жылга жетпеген адамдар;
9) оор эмес жана анча оор эмес кылмыш жасаган адамдар, ушул Дек-
реттин 2-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаган адамдардан башка-
лар;
10) эркиндигинен ажыратууга сыноо мөөнөтү менен шарттуу түрдө би-
ринчи жолу соттолгон адамдар;
11) Ош облусунун Ноокат районундагы окуялар боюнча жазыктык жоопко
тартылган жана соттолгон адамдар.
2-берене.
Ушул Декрет күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде жазасын
өтөп жаткан жерге, камакта турган жерге жана аскердик кызмат өтөп жат-
кан жерге ыктыяры менен келишкен адамдар Кыргыз Республикасынын Кыл-
мыш-жаза кодексинин 336-беренесинин биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө
(эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу), 337-беренесинде (эр-
киндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качуу), 359-беренесинде
(бөлүктү же кызмат өтөгөн жерин өз эркинче таштап кетүү), 360-беренеси-
нин биринчи бөлүгүндө (аскерден качуу) каралган кылмыштар үчүн жазык
жоопкерчилигинен бошотулсун.
3-берене.
Бул Декреттин 1-беренеси ушул Декреттин 1-беренесинин 11-пунктунда
көрсөтүлгөндөрдөн тышкары төмөндөгү адамдарга карата колдонулбайт:
1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинде,
104-беренесинин экинчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 129-берене-
синде, 132, 133-беренелеринде, 164-беренесинин төртүнчү бөлүгүндө,
165-беренесинин төртүнчү бөлүгүндө, 166-беренесинин төртүнчү бөлүгүндө,
167-беренесинде, 168-беренесинин экинчи, үчүнчү жана төртүнчү
бөлүктөрүндө, 170-беренесинин үчүнчү бөлүгүндө, 172, 172-1, 172-2,
177-беренелеринде, 183-беренесинде, 204-беренесинин үчүнчү жана
төртүнчү бөлүктөрүндө, 208-беренесинин экинчи бөлүгүндө, 213-беренеси-
нин экинчи бөлүгүндө, 221-беренесинде, 226, 227, 229-232-беренелеринде,
233-беренесинин биринчи, экинчи бөлүктөрүндө, 234-беренесинин үчүнчү
бөлүгүндө, 245-беренесинде, 246-беренесинин төртүнчү бөлүгүндө, 247,
248-беренелеринде, 249-беренесинин үчүнчү бөлүгүндө, 250-беренесинин
экинчи бөлүгүндө, 292, 296, 298-беренелеринде, 299-беренесинин экинчи
бөлүгүндө, 303-316-беренелеринде, 321-1, 322, 326-беренелеринде,
336-беренесинин үчүнчү бөлүгүндө, 340-беренесинде, 341-беренесинин
экинчи бөлүгүндө, 345, 350, 353, 373-376-беренелеринде каралган кылмыш-
тарды жасаган адамдарга;
2) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97, 129-беренеле-
ринде, 164-беренесинин төртүнчү бөлүгүндө, 165-беренесинин төртүнчү
бөлүгүндө, 167-беренесинин төртүнчү бөлүгүндө, 168-беренесинин үчүнчү
жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 226, 227, 229-232-беренелеринде, 233-бере-
несинин биринчи, экинчи бөлүктөрүндө, 245-беренесинде, 246-беренесинин
төртүнчү бөлүгүндө, 247, 248-беренелеринде, 249-беренесинин үчүнчү
бөлүгүндө, 250-беренесинин экинчи бөлүгүндө, 292-296, 298-беренелерин-
де, 299-беренесинин экинчи бөлүгүндө, 345, 373-376-беренелеринде карал-
ган кылмыштарды жасаган жашы жете элек адамдарга.
4-берене.
1. Ушул Декреттин 1-беренесинин күчү колдонулбачу адамдардын жаза-
сынын өтөлө элек бөлүгү төмөнкүдөй кыскартылсын:
1) соттолуп, жатак колонияларда жазасын өтөп жаткандарга - жарымы-
на;
2) 5 жылдык мөөнөткө чейин эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго
- жарымына;
3) 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондор-
го - үчтөн бирине;
4) 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондор-
го - төрттөн бирине;
5) 15 жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго
- бештен бирине;
6) 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон,
жазасын тарбиялоо колонияларында өтөп жаткан жашы жете электерге - жа-
рымына;
7) 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон,
жазасын тарбиялоо колонияларында өтөп жаткан жашы жете электерге -
үчтөн бирине.
2. Ушул Декретке ылайык жазалоо мөөнөтү кыскартылган адамдарга бул
Декрет жарыялангандан кийин алты айлык мөөнөттө жаза мөөнөтүн жањыча
эсептөө жана жазасын өтөөнүн аяктоо датасы жөнүндө расмий маалымат бе-
рилүүгө тийиш.
5-берене.
Бул Декреттин колдонулушу төмөнкү адамдарга жайылтылбайт:
1) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго;
2) өлүм жазасы өмүр бою эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган,
ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эр-
киндигинен ажыратуу менен алмаштырылган адамдарга;
3) жаза өтөө мезгилинде атайылап кылмыш жасаган адамдарга, ушул
Декреттин 2-беренесинде көрсөтүлгөндөн башка адамдарга;
4) атайылап оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн мурда мунапыс
же ырайым кылуу актысы колдонулган адамдарга, ушул Декреттин 1-берене-
синде көрсөтүлгөндөн башка адамдарга;
5) жазаны өтөө режимин такай бузгандарга;
6) эки же андан ашык кылмыш жасагандарга, эгерде ал кылмыштардын
бири ушул Декреттин колдонулушуна туура келбесе.
6-берене.
1. Бул Декреттин колдонулушуна Кыргыз Республикасынын соттору та-
рабынан соттолгон, ошондой эле башка мамлекеттердин соттору тарабынан
соттолгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында жазасын өтөп жаткан
адамдар туш келет.
2. Бул Декретти Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттол-
гон, бирок жазасын андан тышкары жерде өтөп жаткан адамдарга карата
колдонуу жөнүндө маселе Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган
жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер-
дин негизинде чечилет.
7-берене.
Жазасын өтөп жаткан жана айланадагылар үчүн коркунуч туудурган оо-
рулар (кургак учук, карантиндик инфекциялар, жыныстык оорулар) менен
ооруган адамдарга, ошондой эле медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары
дайындалган жана ушул Декретке ылайык жазадан бошотуу каралган адамдар-
га карата мунапыс актысы зарыл дарылоо курсун аяктагандан кийин колдо-
нулат.
8-берене.
Бул Декретти колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечим ар бир адамга ка-
рата жекече кабыл алынат. Соттолгон адам жөнүндө зарыл маалыматтар жок
болсо, бул Декретти колдонуу жөнүндө маселени кароо кошумча материал-
дарды алганга чейин кийинкиге калтырылат. Бул Декретти аткаруу
жүктөлгөн органдарга мунапыс актысын колдонууга байланыштуу маселелерди
чечүү үчүн тийиштүү мекемелерден зарыл материалдарды суратуу укугу бе-
рилет. Мындай суроо-талаптарды бардык уюмдар жана мекемелер, ошондой
эле кызмат адамдары дароо аткарууга тийиш.
9-берене.
Бул Декретти жаза мөөнөтү мурда ырайым кылуу же мунапыс тартибинде
кыскартылган адамдарга карата колдонууда ырайым кылуу же мунапыс
жөнүндө актыга ылайык белгиленген жаза мөөнөтүнө негизденүү керек.
10-берене.
Бул Декреттин 4-беренесин колдонууда ушул Декрет күчүнө кирген
күнгө карата жазанын өтөлө элек мөөнөтүнө негизденүү керек.
11-берене.
1. I жана II топтогу майыптар деп ушул Декрет күчүнө кирген учурга
карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык майыптыгы белгиленген
адамдарды эсептөө керек.
2. 55 жаштан өткөн аялдар деп ушул Декрет күчүнө кирген учурга ка-
рата 55 жашка чыккан жана андан өткөн аялдарды эсептөө керек.
3. 60 жаштан өткөн эркектер деп ушул Декрет күчүнө кирген учурга
карата 60 жашка чыккан жана андан өткөн адамдарды эсептөө керек.
4. Жашы жете электер деп ушул Декрет күчүнө кирген учурга карата
он сегиз жашка толо элек адамдарды эсептөө керек.
12-берене.
Бул Декретти аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлсүн:
1) жазаны аткарууну тескеген органдарга - түзөтүү мекемелеринде
жүргөн соттолгондорго карата;
2) тергөө жана прокуратура органдарына - кылмыш жөнүндө иши жана
материалдары ошол органдардын өндүрүшүндө турган адамдарга карата;
3) сотторго:
- кылмыш жөнүндө иши сот өндүрүшүндө турган жана ушул Декрет
күчүнө киргенге чейин карала элек адамдарга карата;
- өкүмдү аткаруу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
72-беренесине ылайык кийинкиге калтырылган соттолгон адамдарга карата;
- жазык-аткаруу инспекцияларына - сыноо мөөнөтү менен шарттуу
түрдө эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга карата, ошондой эле
жазадан шарттуу түрдө - мөөнөтүнөн мурда бошотулган жана жазык-аткаруу
инспекциясынын контролдугу алдында турган адамдарга карата;
- аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командачылыгына - сыноо
мөөнөтү менен шарттуу түрдө эркиндигинен ажыратууга соттолгон аскер
кызматчыларына карата, ошондой эле тартиптик аскер бөлүктөрүндө кармоо-
го соттолгон аскер кызматчыларына карата.
13-берене.
1. Бул Декреттин 1, 4-беренелеринде көрсөтүлгөн адамдарга карата
мунапыс актысын колдонуу жөнүндө чечим ушул Декреттин 1-беренесинин
11-пунктунда айтылгандан башка адамдарга алар өкүм менен аныкталган ма-
териалдык зыяндын кеминде 1/2 бөлүгүнүн ордун толтурушкандан кийин ка-
был алынат.
2. Тергөөчүлөр, түзөтүү мекемелеринин жана жазык-аткаруу инспекци-
яларынын начальниктери, аскердик бөлүктөрдүн командачылыгы кабыл алган
мунапыс актысын колдонуу жөнүндөгү токтомго прокурор санкция берет.
3. Сот тарабынан мунапыс актысын колдонууда прокурордун катышуусу
милдеттүү болот.
14-берене.
Мунапыска туш келген адамдар кошумча жазадан бошотулбайт.
15-берене.
Бул Декреттин колдонулушуна ушул Декрет күчүнө киргенге чейин кыл-
мыш жасаган, Кыргыз Республикасында 2010-жылдын 6-7-апрелинде болгон
кайгылуу окуяларга күнөөлүүлөрдөн башка адамдар туш келет.
16-берене.
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөргө көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат:
1) ушул Декреттин негизинде жазадан бошотулган жашы жете электерди
алар жашаган жерине келгенде өз убагында каттоого алууга, аларды ишке
орноштурууга же ата-энелеринин же аларды алмаштырган адамдардын
көзөмөлүнө өткөрүп берүүгө, зарыл болсо жашаган жерине келген күндөн
тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен аларды балдар үйлөрүнө, жа-
так-мектептерге жайгаштырууга, жашы жете электердин укуктарын коргоо
боюнча ыйгарым укуктуу органдардын, ички иштер органдарынын, коомдук
уюмдардын жана эмгек жамааттарынын жаза өтөөдөн бошогон жашы жете элек-
терди тарбиялоо боюнча иштерин координациялоону;
2) ушул Декреттин негизинде бошонгон бардык адамдарды өз убагында
каттоого алууну уюштурууга, аларды жашаган жерине келген күндөн тартып
эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен ишке жана тиричилик жагынан жай-
гаштырууну; жазасын өтөөдөн бошогон, багуусуна ала турган туугандары
жок майыптарды жана кары-картањдарды майыптар же картањдар үчүн үйлөргө
жайгаштырууну уюштурууга.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-
касынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы башка органдар
менен бирдикте жазасын өтөөдөн бошотулган, кургак учуктун оор түрү ме-
нен ооругандарды белгиленген тартипте каттоого алууну жана атайын дары-
лоо мекемелерине жиберүүнү уюштурушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы бул Декреттин так
жана бирдей аткарылышына көзөмөлдү камсыздасын.
17-берене.
1. Бул Декрет расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Тергөөнүн өндүрүшүндө турган жазык иштери жана материалдар,
ошондой эле соттун өндүрүшүндө турган жана ушул Декретке ылайык токто-
тулууга тийиш болгон жазык иштери 15 күндүн ичинде токтотулат.
3. Ушул Декретке ылайык жазасын андан ары өтөөдөн бошотула турган
адамдар ушул Декрет күчүнө кирген күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен
бошотулат.
4. Бул Декретти колдонуу жөнүндө маселе ушул беренеде каралган
мөөнөт өткөндөн кийин пайда болгон учурда, бул Декрет аталган мөөнөттөр
өткөндөн кийин колдонулушу мүмкүн.
5. Бул Декретти белгиленген мөөнөттө аткарбаганы үчүн күнөөлүү
адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 8-апрелинин №1 "Бир жолку берилуучу матерналдык жардам женунде" ТоктомуПостановление · 08.04.2010 · № 1
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.