Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын УО «Пансионат Витязь» жоопкерчилиги чектелген коомунун жеручастогун жана объекттерин мамлекеттештируу женундв» Декрети
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 20-майы УӨ № 48
"Пансионат Витязь" жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун жана объекттерин мамлекеттештирүү жөнүндө (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ №102 Декретинин редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 7-майындагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан, "Пансионат Витязь" жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары "Пансионат Витязь" ЖЧКсы) таризделген, аянты 9,32 га жер участогу жана ушул участокто жайгашкан 91 кыймылсыз мүлк мамлекеттештирилсин.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 декретинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:
- мамлекеттештирилген мүлктү балансына кабыл алсын жана анын сакталышын камсыздасын;
- жер участогун жана кыймылсыз мүлк объекттерин мамлекеттештирүүдөн келип чыккан башка маселелерди чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы "Пансионат Витязь" ЖЧКсына таризделген аянты 7,02 га жана 2,3 га жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жокко чыгарсын.
4. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
5. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл чараларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана тариздөө менен байланышкан чараларды көрүшсүн.
Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы N 11-р чечими (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 декретинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- К Р Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы N 37-р ""United Cement Group PLC" компаниясынын, "Эмгек Курулуш", "Ташкөмүр", "Пансионат "Витязь"…Сот практикасы · Решение · 11.07.2014 · № № 37-р
Цитата келтиргендер (4)
- К Р Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы N 37-р ""United Cement Group PLC" компаниясынын, "Эмгек Курулуш", "Ташкөмүр", "Пансионат "Витязь"…Решение · 11.07.2014 · № № 37-р
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 16-февралындагы № 89 (Аманкулов Марат Аскеровичке ишеним кат берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 16.02.2012 · № 89
- КР УӨ 2010-жылдын 19-июлу № 102 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым декреттерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ДекретиДекрет · 19.07.2010 · № 102
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 172 “Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мамлекеттештирүү жөнүндө айрым декреттери боюнча талаш мамилелерди чечүү тууралуу” Кыргыз…Постановление · 22.03.2017 · № 172 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- К Р Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы N 37-р ""United Cement Group PLC" компаниясынын, "Эмгек Курулуш", "Ташкөмүр", "Пансионат "Витязь"…Решение · 11.07.2014 · № № 37-р
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 7-апрелинин №1 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Т.Усеновдун отставкасы женунде" ТескемесиРаспоряжение · 07.04.2010 · № 1
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндөЗакон · 26.05.2014 · № 78