Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УО «Болтурбоого болбогон күчтүн жагдайларынын натыйжасында зыян келтирилген ишкердиктин субъекттеринин кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, айыптык санкциялар боюнча карыздарын кайра түзүмдөштүрүү жана кайтарымсыз карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө» Декрети
Бишкек шаары
2010-жылдын 28-июлу УӨ № 113
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
Болтурбоого болбогон күчтүн жагдайларынын натыйжасында
зыян келтирилген ишкердиктин субъекттеринин кошуп
эсептелген пайыздар, туумдар, айыптык санкциялар
боюнча карыздарын кайра түзүмдөштүрүү жана
кайтарымсыз карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө
Болтурбоого болбогон окуялардын жүрүшүндө чыгым тарткан салык
төлөөчүлөрдүн каржы-экономикалык абалына колдоо көрсөтүү максатында,
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №
1 Декретин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ушул Декретти кабыл алды:
1. Ушул Декрет 2010-жылдын апрелиндеги окуялардын натыйжасында зы-
ян келтирилген салык төлөөчүлөрдүн салыктарды, бажы төлөмдөрүн жана
милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөгөндүк үчүн кошуп
эсептелген пайыздар, туумдар, айып санкциялары боюнча карыздарын кайра
түзүмдөштүрүү жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. 2010-жылдын апрелиндеги окуялар салык, бажы максаттарында жана
мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттарында болтурбоого болбогон
күчтүн жагдайларынын аныктамасына туш келген өзгөчө жагдайларга тие-
шелүү болоору белгиленсин.
3. Ушул Декретте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
салык төлөөчү - алардын уюштуруучулук-укуктук түрүнө, ишинин
түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө жана/же болтурбоого болбо-
гон күчтүн жагдайларынын аракетинин натыйжасында зыян келтирилген салык
салуу объектинин бар экендигине карабастан экономикалык ишти жүзөгө
ашыруучу жеке жак, жеке ишкер, уюм, өзгөчөлөнгөн бөлүкчө, туруктуу ме-
кеме;
пайыздар - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 76 жана 79-бе-
ренелери менен Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 248-беренесине
ылайык бажы төлөмдөрүн, салыктарды жана жыйымдарды белгиленген мөөнөттө
өз убагынан төлөбөгөндүк үчүн кошуп эсептелген суммалар;
туум - салыктарды, бажы төлөмдөрүн, жыйымдар менен милдеттүү кам-
сыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөндүк үчүн кошуп эсептелген, аларды салык
төлөөчү "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамынын 26-беренесине, Кыргыз Республикасынын Салык кодекси-
нин 71-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 260-бере-
несине ылайык төлөөгө милдеттүү болгон акчалай суммалар;
айып санкциялары - Кыргыз Республикасынын Салык жана Бажы кодекс-
тери менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдардын
ченемдерин бузгандык үчүн кошуп эсептелген суммалар;
карыз - белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн салыктар, бажы төлөмдөрү
жана милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрү менен алар боюнча кошуп эсеп-
телген пайыздар, туумдар жана айып санкциялар;
өндүрүмсүз карыз - юридикалык жана жеке жактардын салыктар, бажы
төлөмдөрү жана милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы, аны
алуу Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтому менен түзүлүүчү
жабыр тарткандарды социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик
комиссиянын сунуштамасынын негизинде аныкталуучу жана болтурбоого бол-
богон жагдайлардын натыйжасында карызкордун төлөөгө жөндөмсүздүгүнүн
себеби боюнча Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өзүнчө Декре-
тине ылайык эсептен чыгарылуучу экономикалык, социалдык жана юридикалык
мүнөздөгү себептердин айынан мүмкүн эмес (өндүрүмсүз) деп табылат;
карызды кайра түзүмдөштүрүү - салык төлөөчүлөрдүн салыктык, бажы
төлөмдөрү жана милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызын тынды-
руунун шарттарын өзгөртүү, аны тындыруунун мөөнөтү жарым-жартылай же
толук эсептен чыгаруу усулу менен тындырууга карата аларга кыйла жагым-
дуу шарттарды берүү жолу менен келип чыгат;
жабыр тарткандардын тизмеги (тизмеси) - салык төлөөчүлөрдүн
2010-жылдын апрель окуяларынын натыйжасында келтирилген экономикалык
зыянды аныктоо боюнча комиссия тарабынан белгиленүүчү жана Кыргыз Рес-
публикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн чечими менен бекитилүүчү атайын тизме-
ги.
4. 2010-жылдын 1-апрелине абал боюнча белгиленген салыктарынын,
милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана бажы төлөмдөрүнүн, ошондой
эле утурумдук салык, бажы жана социалдык төлөмдөрүнүн негизги суммалары
боюнча карызды тындырган салык төлөөчүгө пайыздар, туумдар жана айып
санкциялары төмөнкү тартипте эсептен чыгарылат:
а) 2010-жылдын 31-декабрына чейин - 100 пайызга;
б) 2011-жылдын 31-июнуна чейин - 50 пайызга;
в) 2011-жылдын 31-декабрына чейин - 25 пайызга.
5. Утурумдук салыктар менен милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн өз
убагында төлөгөн учурда салыктардын, милдеттүү камсыздандыруу
төгүмдөрүнүн жана бажы төлөмдөрүнүн негизги суммалары боюнча карызын
тындырган салык төлөөчүгө пайыздардын жана айып санкцияларынын суммасы
ушул Декреттин 4-пунктунун а) пунктчасы менен аныкталган тартипте эсеп-
тен чыгарылат.
6. Кайра түзүмдөштүрүү жүргүзүлгөндөн кийин салык төлөөчү карыздын
калган бөлүгүн төлөөнүн мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын Салык кодекси-
нин 76-беренесинин талаптарына ылайык узартууга укуктуу.
7. Салык төлөөчү ушул Декреттин 4 же 5-пункттарына ылайык бир жол-
ку эсептен чыгаруу жана 6-пунктуна ылайык төлөө мөөнөтүн бир жолу узар-
туу укугунан пайдаланылат.
8. Салыктардын жана жыйымдардын негизги суммалары боюнча кайра
түзүмдөштүрүүчү карызды тындыруунун датасы эсепти казыначылыктын реги-
ондук бөлүмүндө сумманы кошуп эсептеген дата эсептелет.
9. Кайра түзүмдөштүрүүчү карызды тындыруу максатында ашыкча
төлөмдүн суммасына КНСтин нөлдүк ставкасы бар жөнөтүүлөрдүн эсебинен
пайда болгон ашыкча төлөө киргизилбейт.
10. Болтурбоого болбогон күчтүн жагдайларынын аракетинин натыйжа-
сында зыян келтирилген ишкердиктин субъекттеринин карыздарынын ашыкча
төлөөсү төмөнкү тартипте пайдаланылат: адегенде 2010-жылдын 1-апрелине
абал боюнча болгон карыздар тындырылып, ал эми көрсөтүлгөн сумма ашык
төлөөнүн калганы көрсөтүлгөн суммадан ашып кеткен учурда Кыргыз Респуб-
ликасынын Салык кодекси менен белгиленген тартипте тындырылат.
11. Өз ишин Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, алар
боюнча салык жана бажы жењилдиктери каралган, мыйзам менен белгиленген
тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын ратификацияланган эл ара-
лык келишимдеринин жоболоруна ылайык жүзөгө ашыруучу субъекттердин ка-
рыздары кайра түзүмдөштүрүлүүгө тийиш эмес.
12. Колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболору
ушул Декреттин ченемдерине каршы келген учурда ушул Декреттин жоболору
колдонулат.
13. Ушул Декрет расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана
2011-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 20
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 7-апрелинин №1 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Т.Усеновдун отставкасы женунде" ТескемесиРаспоряжение · 07.04.2010 · № 1
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1