11-берене. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын - Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164
Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы - Кыргыз Республикасынын Президенти:
1) Куралдуу Күчтөрдүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана бошотот;
2) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт, Кыргыз Республикасына агрессия болгон же түздөн-түз агрессиянын коркунучу учурунда согуштук абалды жарыялайт жана бул маселени дароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет;
3) өлкөнү коргоонун жана анын жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында согуштук абалды жарыялайт жана бул маселени дароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет;
4) согуштук абалдын киргизилиши менен Кыргыз Республикасын коргоону жетектейт;
5) согуш аракеттерин жүргүзүүгө Куралдуу Күчтөргө жана башка аскердик түзүлүштөргө директива чыгарат;
6) согуштук убактын ченемдик актыларын колдонууга киргизет жана алардын колдонулушун токтотот, согуштук убактын мамлекеттик органдарын түзөт жана жоет;
7) Коопсуздук кеңешин жетектейт, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө жобону бекитет;
8) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук концепциясын, аскердик доктринасын бекитет;
9) стратегиялык пландоо документтерин бекитет;
10) Куралдуу Күчтөрдүн аракеттеринин кызыкчылыгында аскердик-өнөр жай комплексин өнүктүрүү, экономиканы, калкты, мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, аймактарды мобилизациялык даярдоо программаларын (пландарын) жана Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча башка программаларды бекитет;
11) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскердик түзүлүштөрү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдары үчүн аскердик кийимдердин формасын жана аларды кийип жүрүү эрежелерин аныктайт;
13) Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн тууларынын жана желектеринин жоболорун жана сүрөттөлүшүн бекитет;
14) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жогорку офицердик курамдын адамдары дайындалуучу кызмат орундардын тизмегин белгилейт;
15) жогорку аскердик наамдарды ыйгарат;
16) жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу жөнүндө, мобилизациялоо боюнча жана аларды запаска бошотуу жөнүндө жарлыктарды чыгарат;
17) коргоо жана коопсуздук жаатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
18) тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Куралдуу Күчтөрдү анын чегинен тышкары пайдалануу жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет;
19) Кыргыз Республикасынын коргоо жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24, 2017-жылдын 18-мартындагы № 46, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием конституционных законов Кыргызской Республики "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О военном положении" от 20 мая 2015 года № 106 и "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики" от 14 июля 2015 года № 163"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 марта 2017 года № 46 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обороны и безопасности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 февраля 2014 года № 24 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обороне и Вооруженных Силах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…улуттук коопсуздук концепциясын, аскердик доктринасын бекитет;
9) алынып салынды: аскердик коопсуздукту камсыз кылуу, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү колдонуу, коргоо кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын аймагын даярдоо пландарын, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү мобилизациялык жайгаштыруу схемасын кошулду: стратегиялык пландоо документтерин бекитет;
10) Куралдуу Күчтөрдүн аракеттеринин кызыкчылыгында … жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча башка программаларды бекитет;
11) алынып салынды: Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы жөнүндө жобону жана аны башкаруу схемасын бекитет;
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскердик … мыйзамдары менен аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24, 2017-жылдын 18-мартындагы № 46, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 алынып салынды: (2) кошулду: (2), 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (46)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы ПЖ № 148 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик…Указ · 11.05.2022 · № 148
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 413 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик…Указ · 28.12.2022 · № 413
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 22-майындагы № 180 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Күжүрмөн туусу жана символика белгиси жана Кыргыз…Указ · 22.05.2026 · № 180
- КР Президентинин 2015-жылдын 2-майындагы ПЖ № 82 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик…Указ · 02.05.2015 · № 82
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 259 "Мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ЖарлыгыУказ · 17.07.2026 · № 259
- КР Президентинин 2016-жылдын 2-июнундагы ПБ № 155 (Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин террорчулукка каршы командалык-штабдык "Тынчтык миссиясы -2016" биргелешкен…Распоряжение · 02.06.2016 · № РП № 155
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-августундагы ПЖ № 278 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 05.08.2022 · № 278
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-февралындагы ПЖ № 34 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 20.02.2024 · № 34
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-февралы № 32 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган…Указ · 09.02.2026 · № 32
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 19-июнундагы № 221 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын…Указ · 19.06.2026 · № 221
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 294 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 10.07.2021 · № 294
- КР Президентинин 2022-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 44 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик…Указ · 17.02.2022 · № 44
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 37 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 24.02.2023 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 1-августундагы ПЖ № 182 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 01.08.2023 · № 182
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 21-июнундагы ПТ № 129 (89-мотоаткычтар бригадасынын, 91-мотоаткычтар батальонунун, 8-артиллериялык бригадасынын Күжүрмөн туусу…Распоряжение · 21.06.2024 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 207 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 26.07.2024 · № 207
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-январындагы ПЖ № 3 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 15.01.2025 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-майындагы ПТ № 166 (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобону бекитүү…Распоряжение · 22.05.2025 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" тескемесиРаспоряжение · 06.02.2026 · № 34
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Президентинин аскердик кийим формасынын, айырмалоочу белгилеринин жана аларды кийүү…Указ · 21.07.2026 · № 262
46 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеде аталган актылар (4)
- 2015-жылдын 20-майындагы № 106 "Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана 2015-жылдын 14-июлундагы № 163…Закон · 01.12.2017 · № 197(2)
- Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 07.08.2023 · № 164
- Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 18.03.2017 · № 46
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 03.02.2014 · № 24
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202668/st-11" title="11-берене - Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>