Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 17-июлундагы № 259
Мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өзгөчө ардак белгиси катары Күжүрмөн туу жана Күжүрмөн тууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Грамотасы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматына тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 54 (3814) саны менен жарыяланды.
| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 242
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндөЗакон · 07.08.1998 · № 117