Кыргыз Республикасынын Президентинин ПТ № 129 (89-мотоаткычтар бригадасынын, 91-мотоаткычтар батальонунун, 8-артиллериялык бригадасынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 21-июну ПТ № 129 Өздүк курамды антка, ар-намыска жана парзга бекем болууну билдирген Ата Мекенди коргоочулардын бардык муундарынын салттарынын жана күжүрмөн даңкынын духунда тарбиялоо максатында, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 89-мотоаткычтар бригадасынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) 91-мотоаткычтар батальонунун Күжүрмөн туусу жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) 8-артиллериялык бригадасынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өзгөчө ардак белгиси катары аскердик ар-намыстын, каармандыктын жана даңктын символу болгон күжүрмөн туулар жана аларга Кыргыз Республикасынын Президентинин грамоталары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин төмөнкүдөй аскердик бөлүктөрүнө тапшырылсын:
1) 89-мотоаткычтар бригадасына;
2) 91-мотоаткычтар батальонуна;
3) 8-артиллериялык бригадасына.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- 89-мотоаткычтар бригадасынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 21-июнундагы ПТ № 129 тескемесине)Положение · 21.06.2024 · № 129
- 91-мотоаткычтар батальонунун Күжүрмөн туусу жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 21-июнундагы ПТ № 129 тескемесине)Положение · 21.06.2024 · № 129
- 8-артиллериялык бригадасынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 21-июнундагы ПТ № 129 тескемесине)Положение · 21.06.2024 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" тескемесиРаспоряжение · 06.02.2026 · № 34
Шилтеме берет (2)
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 242
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндөЗакон · 07.08.1998 · № 117