12-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-бөлүм
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши:
1) аскердик анттын текстин, Куралдуу Күчтөрдүн аскердик уставдарын бекитет;
2) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө (тиешелүү жылга) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык коргоого кеткен чыгашаларды карайт жана бекитет;
3) аскердик наамдарды белгилейт;
4) коргонуу, жамааттык коопсуздук жана аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратификациялайт жана денонсациялайт;
5) тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча эл аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Куралдуу Күчтөрдү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары колдонуу жөнүндө маселелерди чечет;
6) согуш жана тынчтык маселелерин чечет; согуштук абалды киргизет, согуштук абалды жарыялайт, ушул маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202668/st-12" title="12-берене - Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>