Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 19-июну № 221 Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өзгөчө ардак белгиси катары Күжүрмөн туу жана Күжүрмөн тууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Грамотасы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 23-июнундагы № 46 (3806) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 242
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндөЗакон · 07.08.1998 · № 117