10-берене. Куралдуу Күчтөрдү колдонуу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 2-бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164
1. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы тарабынан бекитилген пландар боюнча Куралдуу Күчтөр колдонулат.
Бекитилүүчү документтердин тизмеси жана аларды иштеп чыгуунун мезгилдүүлүгү Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы тарабынан белгиленет.
2. Кыргыз Республикасына күтүүсүз кол салынган же согуштук аракеттер (согуштук инциденттер, согуштук акциялар түрүндө жана куралданууну, аскердик техниканы колдонуу менен чектелген масштабдагы башка аскердик кагылышуулар) анык башталган учурунда Куралдуу Күчтөрдүн жетекчилиги жана аскердик командачылык согуштун жарыяланышын жана согуштук абалдын киргизилишин күтпөстөн, агрессиянын мизин кайтаруу үчүн чараларды көрүүгө, ошондой эле коргонууну камсыз кылуу маселелерине аскердик каттоодо турган жана резервдик түзүмдөрдүн курамына киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандарын тартууга милдеттүү.
3. Эл аралык келишимдерге ылайык милдеттерди аткаруу үчүн Куралдуу Күчтөрдү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары колдонуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
4. Куралдуу Күчтөрдү ички мамлекеттик саясий максаттарга жетүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 февраля 2014 года № 24 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обороне и Вооруженных Силах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 205 "Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында аскердик жүктү ташыган же Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү…Постановление · 13.04.2018 · № 205
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 317-б (Кризистик жана өзгөчө кырдаалдардын мезгилинде калкка кабарлоо боюнча мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу…Распоряжение · 09.07.2015 · № 317-р
- КР Президентинин 2022-жылдын 7-январындагы ПЖ № 1 "Кыргыз Республикасынын аскердик контингентин Казакстан Республикасынын аймагына тынчтыкты сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүү…Указ · 07.01.2022 · № 1
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-апрелиндеги №205 токтомуПостановление · 13.04.2018 · № 205
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202668/st-10" title="10-берене - Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>