Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПБ № 155 (Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин террорчулукка каршы командалык-штабдык «Тынчтык миссиясы -2016» биргелешкен аскердик машыгуусу Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2016-жылдын 2-июну ПБ № 155 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүнө, 65-беренесине, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине жана "Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Бишкек шаарында 2007-жылдын 27-июнунда кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашууга ылайык:
1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин террорчулукка каршы командалык-штабдык "Тынчтык миссиясы -2016" биргелешкен аскердик машыгуусу (мындан ары - биргелешкен машыгуу) Кыргыз Республикасынын аймагында 2016-жылдын сентябрь айында өткөрүлсүн.
2. Биргелешкен машыгууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча жетекчилик Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына жана Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү биргелешкен машыгууга даярдык көрүү жана өткөрүү менен байланышкан уюштуруу-укуктук, финансылык жана башка маселелерди чечсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 242
- Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Бишкек шаарында 2007-жылдын 27-июнунда кол коюлган макулдашуу…Закон · 05.04.2008 · № 41
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон