Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 августа 2024 года № 162
Ыйгарым укуктуу органдар - ишкердиктин субъекттерин текшерүүнү жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунда ыйгарым укук берилген, тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети иштеп чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитүүчү аткаруу бийлик органдары. Караңыз: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 310 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө" токтому; КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 933-VII "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому; Текшерүү - өмүрдүн, ден соолуктун, айлана-чөйрөнүн, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тобокелдиктерди болтурбоо жана башкача башкаруу максатында жүргүзүлгөн текшерүүнүн субъекттеринин ишин мамлекеттик контролдоонун же көзөмөлдөөнүн ар кандай формасы. . Пландуу текшерүү - ыйгарым укуктуу органдын текшерүүнүн субъекттеринин иштерин текшерүүнү жүзөгө ашыруунун өзү тарабынан бекитилген планга ылайык жүргүзүлүүчү текшерүү. Пландан тышкары текшерүү - ушул Мыйзамдын 7-статьясында каралган негиздер боюнча жүргүзүлүүчү текшерүүнүн субъекттеринин иштерин текшерүү. Контролдук текшерүү - текшерүүнүн субъекттеринин мурдагы текшерүүдө белгиленген укук бузууларын четтетүүсүн текшерүү. Кайра текшерүү - пландуу текшерүүнүн натыйжаларына карата ишкердиктин субъекттеринин даттануусунун негизинде жана пландуу текшерүүнү жүргүзүү менен байланышкан, актыда чагылдырылбаган же болбосо так чагылдырылбаган айрым учурларды тактоо үчүн жүргүзүлүүчү текшерүү. Текшерүүнүн субъекттери - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган юридикалык жактар, жеке ишкерлер, филиалдар жана өкүлчүлүктөр. Тобокелдик ишкердикти жүргүзүүдөгү натыйжалардын пайда болушу жана алар келтирүүчү зыяндын болжолдуу ченеми, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн текшерүүнүн субъекттеринин өз милдеттерин аткарбагандыгы (толук көлөмдө же тийиштүү даражада аткарбагандыгы). Тобокелдиктин даражасын баалоо чен-өлчөмдөрү - текшерүүнүн субъекттеринин иши менен түздөн-түз байланышкан текшерүүнүн субъекттеринин тобокелдиктин ар кандай даражаларына алып барууга мүмкүндүк берүүчү сандык жана/же сапаттык көрсөткүчтөрдүн жыйындысы. Текшерүү барактары - бул текшерүүнүн субъекттеринин ишине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунда каралган, аларды сактабоо адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарына түздөн-түз коркунуч келтирген талаптардын толук тизмеги. Мында, көрсөтүлгөн талаптар ченемдик укуктук актылардын түзүмдүк элементтерине, анын ичинде эң кичинекей түзүмдүк элементине конкреттүү шилтемелер болушу керек. Текшерүүнүн объекти - тобокелдиктин тиешелүү тармагында жүзөгө ашырылуучу текшерүүнүн субъектинин иши же ишинин бөлүгү. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2011-жылдын 22-июлундагы № 121, 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134, ,2024-жылдын 7-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 августа 2024 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства", "О конкуренции")Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 7 июля 2023 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности", "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 апреля 2016 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 июля 2011 года № 121 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ишин мамлекеттик контролдоонун же көзөмөлдөөнүн ар кандай формасы. алынып салынды: Текшерүүнүн ар кандай формасы деп ар кандай максаттар үчүн ишкердиктин субъекттеринин иши жөнүндө маалыматка ар кандай суроо-талаптар, мамлекеттик органдар жүргүзүүчү ишкердиктин субъектин (өкүлүн) чакыруулар түшүнүлөт.
кошулду: .
Пландуу текшерүү - ыйгарым укуктуу органдын текшерүүнүн … № 121, 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2023-жылдын 7-июлундагы № алынып салынды: 134 кошулду: 134, ,2024-жылдын 7-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (12)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 933-VII "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин…Постановление · 02.02.2023 · № 933-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.11.2016 · № 1057-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 1702-VII "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын…Постановление · 14.12.2023 · № 1702-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 5-марты № 260-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 05.03.2026 · № 260-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 471-VIII "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын…Постановление · 30.04.2026 · № 471-VIII
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 310 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө"…Постановление · 17.12.2021 · № 310 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 21.07.2016 · № 411 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 276-VII "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин…Постановление · 26.05.2022 · № 276-VII · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтомуПостановление · 03.04.2017 · № 196
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрели № 195 "Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын…Постановление · 03.04.2017 · № 195 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы №427 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик…Постановление · 04.07.2009 · № 427 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 603 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.09.2017 · № 603 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 933-VII "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин…Постановление · 02.02.2023 · № 933-VII
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 310 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө"…Постановление · 17.12.2021 · № 310 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202105/st-2" title="2-статья - Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>