Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 17 декабря 2021 года № 310 "Об одобрении Перечня уполномоченных органов, имеющих право на проведение проверок субъектов предпринимательства"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-17.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 310 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 21-июлу № 411 Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 195, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 742, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-сентябрындагы № 163 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасындагы функциялык жана түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси (мындан ары - Тизме) тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тизме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган Тизме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы № 166 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Тиркеме Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын ТИЗМЕСИ (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 195, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 742, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-сентябрындагы № 163 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 195 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
7. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.
8. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 195 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти.
10. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаменти.
11. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти.
12. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу жана контролдоо боюнча башкармалыгы.
13. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети.
14. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- КР Премьер-министринин 2017-жылдын 7-сентябрындагы № 609 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам 2018-2023" программасын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 07.09.2017 · № 609
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 310 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө"…Постановление · 17.12.2021 · № 310 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы №166 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2012 · № 166 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтомуПостановление · 03.04.2017 · № 196
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 742 токтомуПостановление · 31.12.2019 · № 742
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрели № 195 "Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын…Постановление · 03.04.2017 · № 195 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-сентябрындагы № 163 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар…Постановление · 06.09.2021 · № 163 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы №166 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2012 · № 166 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрели № 195 "Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын…Постановление · 03.04.2017 · № 195 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча…Постановление · 22.12.2021 · № 325 · Күчүн жоготкон