Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 2 февраля 2023 года № 933-VII "Об утверждении Перечня уполномоченных органов, имеющих право на проведение проверок субъектов предпринимательства"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-02-02.
КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 933-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 26-майы № 276-VII Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеги (тиркелет) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Т.Мамытов
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 276-VII токтомуна тиркеме
Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын ТИЗМЕГИ
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменти.
5. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти.
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар департаменти.
8. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы.
9. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат.
10. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат.
11. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрткө каршы көзөмөл боюнча кызмат.
12. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы.
13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Архитектуралык-курулуштун контролдоо башкармалыгы.
14. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги.
15. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол-транспорттук коопсуздук чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгы.
16. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 933-VII "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин…Постановление · 02.02.2023 · № 933-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 725 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү…Постановление · 30.12.2022 · № 725 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.11.2016 · № 1057-VI
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 933-VII "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин…Постановление · 02.02.2023 · № 933-VII
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.