Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 10-ноябры № 1057-VI Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1593-VI, 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 2023-VI токтомунун редакциясына ылайык) "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеги бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" № 553-IV токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Төрага
Ч.Турсунбеков
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI токтомуна тиркеме
Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын ТИЗМЕГИ
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1593-VI, 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 2023-VI токтомунун редакциясына ылайык)
1. (КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1593-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган камсыздандыруу төгүмдөрүн администрлөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги;
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;
8. (КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1593-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти;
10. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектер жана медициналык техникалар менен камсыздоо департаменти;
11. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти;
12. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин этил спиртин, алкоголь жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, контролдоо боюнча башкармалыгы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 742 "Электрондук колтамганы пайдаланууга байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2019 · № 742
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 2023-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI "Ишкердиктин…Постановление · 29.11.2017 · № 2023-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1593-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI токтому менен бекитилген ишкердик…Постановление · 24.05.2017 · № 1593-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча…Постановление · 22.12.2021 · № 325 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 20.06.2008 · № 553-IV · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № 586 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө" токтомуПостановление · 17.12.2018 · № 586 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 276-VII "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин…Постановление · 26.05.2022 · № 276-VII · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 742 токтомуПостановление · 31.12.2019 · № 742
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № 586-токтомуПостановление · 17.12.2018 · № 586
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 603 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.09.2017 · № 603 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1593-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI токтому менен бекитилген ишкердик…Постановление · 24.05.2017 · № 1593-VI
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.