Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 29 сентября 2023 года № 516 "Об одобрении Перечня уполномоченных органов, имеющих право на проведение проверок субъектов предпринимательства"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-29.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 516 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 17-декабры № 310 Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасындагы функциялык жана түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеги (мындан ары - Тизмек) тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тизмек Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри аталган Тизмек Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 195 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 742 "Электрондук колтамганы пайдаланууга байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-сентябрындагы № 163 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 155(3336) жарыяланды
Төрага
А.У. Жапаров
Тиркеме
Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеги (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент.
5. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматы.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти.
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти.
8. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат.
9. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча кызмат.
10. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат.
11. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт көзөмөлү боюнча кызмат.
12. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы.
13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин архитектуралык-курулуштук контролдоо боюнча башкармалыктары.
14. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат.
15. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Транспорт коопсуздугу чөйрөсүндөгү контроль жана көзөмөл боюнча башкармалыгы.
16. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 742 "Электрондук колтамганы пайдаланууга байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2019 · № 742
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 516 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын…Постановление · 29.09.2023 · № 516
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 933-VII "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин…Постановление · 02.02.2023 · № 933-VII
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 21.07.2016 · № 411 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрели № 195 "Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын…Постановление · 03.04.2017 · № 195 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-сентябрындагы № 163 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар…Постановление · 06.09.2021 · № 163 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 742 "Электрондук колтамганы пайдаланууга байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2019 · № 742
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 516 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын…Постановление · 29.09.2023 · № 516
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 21.07.2016 · № 411 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрели № 195 "Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын…Постановление · 03.04.2017 · № 195 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-сентябрындагы № 163 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар…Постановление · 06.09.2021 · № 163 · Күчүн жоготкон
8 ичинен 7 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.