Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-марты № 260-VIII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясына жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 1702-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмегинде:
1) 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"18. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги.".
2. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 1641-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрагасынын биринчи орун басары
М.К. Алиев
Тиркеме
"2-тиркеме
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландан тышкаркы текшерүүгө, контролдук текшерүүгө жана кайра текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ТИЗМЕГИ
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 1702-VII "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын…Постановление · 14.12.2023 · № 1702-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 1641-VII "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу…Постановление · 29.11.2023 · № 1641-VII
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 1702-VII "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын…Постановление · 14.12.2023 · № 1702-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 1641-VII "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу…Постановление · 29.11.2023 · № 1641-VII
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 31.03.2016 · № 32