Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-статья. Пландан тышкары текшерүүлөр
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 июля 2023 года № 134
1. Пландан тышкары текшерүү жүргүзүүнүн негиздери:
1) текшерүүнүн субъектинин ага карата текшерүү жүргүзүү тууралуу арызын ыйгарым укуктуу органдын алышы;
2) жеке же юридикалык жактын текшерүүнүн субъекти арыз берүүчүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын бузгандыгы тууралуу ушул статьянын 2-1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык берилген жазуу жүзүндөгү арызын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин текшерүүнүн субъекти ошол администрациялык-аймактык бирдиктин калкынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузгандыгы тууралуу ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулгандыгы жөнүндө документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен берилген жазуу жүзүндөгү кайрылуусун ыйгарым укуктуу органдын алышы.
2. Ыйгарым укуктуу органга кайрылган адамдын фамилиясын, ысымын, атасынын ысымын жана турган жерин аныктоого мүмкүн болбогон арыздар текшерүү жүргүзүү үчүн негиз боло албайт.
21. Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде ыйгарым укуктуу органга берилүүчү арыздар төмөнкүдөй минималдуу маалыматтарды камтууга тийиш:
1) арыз ээсинин жеке маалыматтарын: жеке жак үчүн - аты-жөнүн, жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон почта дарегин, юридикалык жак үчүн - уюмдун аталышын, ИСНди;
2) арыз ээсинин бузулган укугунун жана/же кызыкчылыгынын маңызын;
3) укуктар жана/же кызыкчылыктар бузулгандыгын көрсөткөн документтердин, башка материалдардын түп нускаларын же көчүрмөлөрүн.
22. Ыйгарым укуктуу органдар арызда баяндалган маалыматты баалоону төмөнкүдөй чен-өлчөмдөрдүн негизинде жүргүзөт:
1) тобокелдиктин баяндалып жаткан тармагында текшерүү жүргүзүү арыз даректелген ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирет;
2) маалыматтын негиздүүлүгү;
3) укуктар бузулгандыгын көрсөткөн документтердин, башка материалдардын түп нускаларынын же көчүрмөлөрүнүн болушу;
4) текшерүүнүн субъекти бузушу мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун ченемдерин аныктоо;
5) текшерүүнүн ушул субъекти тарабынан мурдагы бузуулардын болушу;
6) бузуу табылган учурдан бери өткөн убакыт;
7) адамдын өмүрү жана ден соолугу, айлана-чөйрө, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктары үчүн мүмкүн болгон кесепеттерди баалоо;
8) коркунучка дуушар болуп жаткан керектөөчүлөрдүн тобун аныктоо жана аялуу топторго мүмкүн болгон таасири;
9) берилген үлгүнү изилдөөнүн натыйжалары (болгон учурда);
10) ушул жактан же башка жактардан бир эле факт боюнча мурда келип түшкөн арыздардын жана баяндалган маалыматтардын аныктыгын кароонун жыйынтыктарынын болушу.
23. Кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча, адамдын өмүрүнүн жана ден соолугунун, айлана-чөйрөнүн, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарынын коопсуздугуна коркунучтун даражасына жараша ыйгарым укуктуу орган жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө арыз берүүчүгө кабыл алынган чечим жөнүндө билдирме жөнөтүү менен төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) пландан тышкары текшерүүнү кечиктирбестен жүргүзүү жөнүндө;
2) мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпаган белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин пландан тышкары текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө;
3) пландуу текшерүүнүн алкагында арызда баяндалган маалыматты текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө.
Эгерде кайрылууну кароонун жүрүшүндө арызда баяндалган фактылар буга чейин текшерилгендиги белгиленсе, анда кайрылуунун авторуна мурда жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары бар жооп жөнөтүлөт.
3. Пландан тышкары текшерүүнүн мөөнөтү 3 жумушчу күндөн ашпоосу керек.
(Абзац КР 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Пландан тышкары текшерүү аны жүргүзүү үчүн негиз болгон маселелердин алкагынан чыгышы мүмкүн эмес.
5. Адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу менен байланышкан учурларда (жугуштуу оорулар жана жугуштуу эмес массалык оорулар (уулануулар) келип чыкканда жана тараганда, техногендик мүнөздөгү авария учурунда), өзгөчө экологиялык кырдаалдар, өндүрүштө кырсыктын келип чыгуу коркунучу пайда болгондо, курулуш ченемдери жана эрежелери бузулганда калктын ден соолугунун абалына жол берилгис таасир кылуунун себептерин жана булактарын табуу жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга 7 жумуш күндүн ичинде кабарлоо менен аларды алдын алуу жана четтетүү боюнча чараларды көрүү максатында текшерүүлөр күтүүсүз мүнөздө болушу жана жазуу жүзүндөгү тескемесиз (буйруксуз, жазма эскертүүсүз) жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 июля 2023 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности", "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 апреля 2016 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүннүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.01.2018 · № 56
- Жобо "Ишкердик субъекттери тарабынан көрсөтүлүүчү коомдук тамактануу кызматтарынын коопсуздугунун деңгээли жөнүндө калкты маалымдоонун тартиби тууралуу"Положение · 10.01.2018 · № 12
- 2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү боюнча (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 472-т тескемесине…План · 14.08.2023 · № 472-р
- Пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын…Положение · 12.12.2023 · № 664
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июнундагы № 358 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик…Постановление · 19.06.2013 · № 358 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202105/st-7" title="7-статья - Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>