Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Жашыруун маалыматтарды өз ара коргоо жөнүндө КЕЛИШИМ (КР Өкмөтүнүн Мыйзамы менен ратификацияланган)
КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 184
Мыйзамы менен ратификацияланган
Москва шаары
2003-жылдын 19-сентябры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын
Өкмөтүнүн ортосунда Жашыруун маалыматтарды
өз ара коргоо жөнүндө
КЕЛИШИМ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү,
мындан ары Тараптар деп аталуучу,
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда саясий,
аскердик, экономикалык, илимий-техникалык же башка кызматташтыктардын
учурунда жүргүзүлгөн алмашуудагы жашыруун маалыматтарды, ошондой эле
Тараптардын мындай кызматташуусунун процессинде келип чыккан жашыруун
маалыматтарды коргоону камсыз кылуу калоосунан келип чыгып,
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын мыйзамдык жана
башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жашыруун маалыматтарды коргоо-
ну камсыз кылууда Тараптардып өз ара кызыкчылыгын эске алып,
1993-жылдын 22-январындагы Көз каранды эмес Мамлекеттердин Шерик-
тештигине катышуучу-өлкөлөрдүн Мамлекет аралык сырларын сактоону өз ара
камсыздоо жөнүндө келишимди жүргүзүүдө өз ара кызыкчылыгын эске алып,
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-статья. Терминдердин аныктамасы
Бул Келишимде колдонулган терминдер төмөндөгүлөрдү билдирет:
"жашыруун маалымат" - Тараптардын ар бири менен белгиленген жана
ушул Келишимге ылайык берилген (кабыл алынган) Тараптардын улуттук мый-
замына ылайык корголгон, ошондой эле санкциясыз таратуу Кыргыз Респуб-
ликасынын жана (же) Россия Федерациясынын коопсуздугуна эсе кызыкчылы-
гына зыян келтире турган, Тараптардын кызматташтык процессиндеги келип
чыккан жана бардык формада айтылган маалыматтар;
"жашыруун маалыматты камтуучулар" - материалдык обьектилер, ошон-
дой эле физикалык талаалар, анын ичинде жашыруун маалыматты камтыган
символ, түр, сигнал, техникалык чечим жана процесстер;
"жашырындуулук грифи" - жашыруун маалыматка ээ болуучусуна же ээ
болуучуда болгон жашыруун маалыматтын даражасы жөнүндө күбөлөндүрүп,
жөнөтүүчү документацияга көрсөтүлгөн реквизиттер;
"ыйгарым укуктуу" - Жашыруун маалыматты алууга, сактоого, коргоо-
го, колдонууга Тараптар менен ыйгарым укук берилген мамлекеттик бийлик-
тин органы же мекемеси;
"жашыруун маалымат алуу" - жашыруун маалымат алууга жеке адамдын
укугун тариздөө, компетенттүү органдардыкы болсо - мындай маалыматты
колдонуу менен ишти жүргүзүүгө укугун тариздөө процедурасы;
"жашыруун маалыматтарга жеткиликтүүлүк" - жашыруун маалымат алууга
уруксаты болгон жеке адамды жашыруун маалымат менен тааныштыруу процес-
си;
"котракт" - берилүүчү жана (же) түзүлүүчү жашыруун маалыматтын че-
гиндеги компетенттүү органдардын ортосундагы түзүлүп жаткан макулдашуу.
2-статья. Жашыруун маалымат
1. Кыргыз Республикасындагы жашыруун маалыматтарга Кыргыз Респуб-
ликасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана
саясий кызыкчылыгын камтыган, мамлекеттин контролундагы жана Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын негизинде аны аткаруу үчүн иштетилип
чыккан атайын тизмек жана эрежелер менен чектелген бардык ээ болуучу
түрлөрү тарабынан колдонулган сакталуучу жана мамлекет менен корголгон
маалымат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлары - мамлекеттик, ас-
кердик жана кызматтык сырлар болуп бөлүнөт.
Мамлекеттик жашыруун сырга, аны таратуу Кыргыз Республикасынын
коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кы-
зыкчылыктарына зыян келтире турган маалыматтар кирет.
Аскердик жашыруун сырды, аны таратуу, Кыргыз Республикасынын кы-
зыкчылыктарына жана Куралдуу Күчтөрүнө зыян келтире турган аскердик
мүнөздөгү маалыматтар түзөт.
Кызматтык жашыруун сырга, аны таратуу Кыргыз Республикасынын кор-
гонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономика жана саясий кызыкчылык-
тарына тескери таасирин тийгизүүчү маалыматтар кирет. Мындай маалымат,
мамлекеттик же аскердик жашыруун сырга кирген айрым мүнөздөгү маалымат-
ты камтыйт жана алардын сырын толук ачып бербейт.
Жашыруун маалыматты санкциясыз таратуу натыйжасында Кыргыз Респуб-
ликасынын коргонуу жөндөмдүүлүк, экономика жана саясий кызыкчылыктарына
мүмкүн келтире турган зыянга карата жашыруун маалыматтын ээ болуучусуна
төмөндөгү чектелген жашырындуулук грифтери берилет:
"өзгөчө маанилүү" - бул мамлекеттик сырды камтыган жана анын тара-
туусу Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна,
экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына коркунуч туудура турган маа-
лымат;
"өтө жашыруун" - бул мамлекеттик сырды камтыган, жана анын тарату-
усу Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна,
экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына коркунуч туудура турган маа-
лымат, ошондой эле аскердик мүнөздөгү сырды камтыган, жана анын тарату-
усу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө зыян келтире турган маа-
лымат;
"жашыруун" - аскердик мүнөздөгү сырды камтыган, жана анын таратуу-
су Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө зыян келтире турган маалы-
мат, ошондой эле мамлекеттик жана аскердик сырга тиешелүү, ошону менен
бирге анын таратуусу Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө,
коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына тескери таасир
берген жана анын толук эмес берилген айрым мүнөздөгү болгон кызматтык
сыр категориясындагы маалымат;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "өзгөчө маанилүү", "өтө
жашыруун" жана "жашыруун" грифтери менен болгон жашыруун маалымат мам-
лекеттик сырга кирет;
"кызматтык колдонуу үчүн" грифи менен - Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик кызыкчылыгы үчүн санкциясыз таратууга ылайыксыз мамлекеттик
эмес сырлар.
2. Россия Федерациясында жашыруун маалыматка аскердик, тышкы сая-
сий, экономикалык, илимий-техникалык, чалгындоо, контрчалгындоо жана
оперативдүү-иликтөө аракеттери тармагындагы мамлекет тарабынан коргол-
гон маалыматтар кирет, аларды таратуу Россия Федерациясынын коопсузду-
гуна зыян келтириши мүмкүн.
Жашыруун маалыматты санкциясыз таратуунун натыйжасында Россия Фе-
дерациясынын коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн боло тургандыгына бай-
ланыштуу жашыруун маалыматтын жашырындуулук даражасы жана бул жашырын-
дуулук даражасына көрсөтүлгөн жашыруун маалыматтын ээ болуучусуна тие-
шелүү жашырындуулук гриф коюлат:
"Өзгөчө маанилүү" - бул аскердик, тышкы саясий, экономикалык, или-
мий-техникалык, чалгындоо, контрчалгындоо жана оператвдүү-иликтөө ара-
кеттери тармагына тиешелүү маалыматтар жана анын таратуусу бир же бир
нече аталган тармактардагы Россия Федерациясынын кызыкчылыктарына зыян
келтирет;
"Өтө жашыруун" - бул аскердик, тышкы саясий, экономикалык, или-
мий-техникалык, чалгындоо, контрчалгындоо жана оперативдүү-иликтөө ара-
кеттери тармагына тиешелүү маалымат, анын таратылышы бир же бир нече
аталган тармактагы Россия Федерациясынын экономика тармагындагы же ат-
каруу бийликтин федералдык кызыкчыларына зыян келтириши мүмкүн;
"Жашыруун" - бул аскердик, тышкы саясий, экономикалык, илимий-тех-
никалык, чалгындоо, контрчалгындоо жана оперативдүү-иликтөө аракеттери
тармагына тиешелүү маалымат, анын таратуусу бир же бир нече аталган
тармактагы Россия Федерациясынын уюмдарынын кызыкчылыктарына зыян кел-
тириши мүмкүн;
"Кызматтык колдонуу үчүн" белгиси ыйгарымдуу органдардын иш-араке-
ти жөнүндө таратылышы чектелген кызмат маалыматын камтыган жашыруун ма-
алыматтын ээ болуучусуна коюлат.
Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жашыруун маалымат
"өзгөчө маанилүү", "өтө жашыруун" жана "жашыруун" грифтери менеи болгон
маалыматтар мамлекеттик сыр болуп эсептелинет.
3-статья. Жашырындуулук даражалардын салыштыруучулугу
Тараптардын ар биринин улуттук мыйзамдарына ылайык жашырындуулук
даража алардын тиешелүү жашырындуук грифи төмөндөгүдөй салыштырылат:
| Кыргыз Республикасында | Россия Федерациясында |
| "Өзгөчө маанилүү" | "Особой важности" |
| "Особой важности" * | |
| "Өтө жашыруун" | "Совершенно секретно" |
| "Совершенно секретно" * | |
| "Жашыруун" | "Секретно" |
| "Секретно" * | |
| "Кызматтык колдонуу үчүн" | "Для служебного пользования" |
| "Для служебного пользования" * |
* - орус тилинде
4-статья. Компетенттүү органдар
1. Бул Келишимди ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерди координациялоо-
го жооптуу компетенттүү органдар болуп:
Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук
кызматы;
Россия Федерациясында - Россия Федерациясынын Коопсуздук Федерал-
дык кызматы саналат.
2. Кызматташтыктын мүнөзүнө карата Тараптар бул Келишимди ишке
ашыруу боюнча иш-аракетти координациялоо үчүн башка ведомстволорду,
дипломатиялык каналдар боюнча бири бирине бул жөнүндө билдирип, дайын-
дай алышат.
5-статья. Жашыруун маалыматты коргоо боюнча чаралар
1. Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мый-
замдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык төмөнкү милдет-
тенмелерди алышат:
- жашыруун маалыматтарды коргоо;
- аны өткөрүп берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз маалы-
маттын жашырындуулук грифин өзгөртпөө;
- жашыруун маалыматты колдонууда ошондой зле жашыруун маалыматына
же жашырындуулук даражага карата колдонуучу коргоо чаралары колдонулат
(ушул Келишимдин 3-статьясына ылайык салыштырылган);
- экинчи Тараптын компетенттүү органынан алынган жашыруун маалы-
матты, аны берген максатта гана каралгандай колдонууга;
- берген Тараптын алдын ала жазуу түрүндөгү макулдугусуз, жашыруун
маалыматка жеткиликтүүлүккө үчүнчү Тарапка жол бербөөгө.
2. Жашыруун маалыматка жеткиликтүүлүккө, аны берүүдө каралган мак-
сатта кызматтык милдетти аткаруу үчүн керектөөчү адамга гана уруксат
берилет.
3. Жашыруун маалыматка жеткиликтүүлүккө, ага атайын уруксаты бар
адамга гана мүмкүндүк берилет.
Бул пункт "кызматтык колдонуу үчүн" деген белгиси бар маалыматтар
үчүн колдонулбайт.
4. Керек болгон учурда жашыруун маалымат менен колдонуу боюнча
милдеттенмелер жана аны коргоо боюнча чаралар толук берилген жашыруун
маалыматтарды коргоо боюнча кошумча талаптар, аракеттин белгиленген
түрүнө контрактка киргизилет.
6-статья. Жашыруун маалыматты берүү
1. Бир Тараптын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органы, экинчи Тарап-
тын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органына жашыруун маалыматты берүүнү
каалаган учурда, болжолдогон ыйгарым укуктуу орган жашыруун маалыматка
атайын жеткиликтүүлүккө уруксаты бар деген жазуу түрүндөгү
күбөлөндүрүүнү экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынан ал-
дын ала сурайт.
Бир Тараптын компетенттүү органы экинчи Тараптын компетенттүү ор-
ганынан биринчи Тараптын ыйгарым укуктуу органынан тиешелүү жашыруун
маалыматка жеткиликтүүлүктүн бар болгонун жазуу жүзүндө күбөлөндүрүүнү
сурайт.
2. Жашыруун маалыматты берүү жөнүндөгү чечим ар бир мамлекеттин өз
мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык түзүлгөн кыр-
даалга Тараптар тарабынан кабыл алынат.
3. Жашыруун маалыматты бир мамлекеттен экинчиге берүү Тараптардын
ортосундагы колдонулган Келишимине ылайык дипломатиялык каналдар,
фельдьегерлик кызмат же ыйгарым укуктуу кызмат боюнча жүргүзүлөт. Тие-
шелүү ыйгарым укуктуу орган жашыруун маалымат алгандыгын аныктайт.
4. Бир далай көлөмдөгү жашыруун маалыматты берүү үчүн тиешелүү ый-
гарымдуу органдар тарабынан компетенттүү органы менен макулдашуу боюнча
ар бир учурда ташуунун, маршруттун ыкмаларын жана коштоонун түрлөрүн
макулдашышат.
Компетенттү органдар мындай ташуунун ар бир учурлары жөнүндө тие-
шелүү маалыматтар менен алмашып турушат.
7-статья. Жашыруун маалыматтар менен иштөө
1. Ушул Келишимдин 3-статьясына ылайык берилген жашыруун маалымат,
аны алганга жооптуу ыйгарым укуктуу орган аркылуу салыштыруучу кошумча
жашырындуулук грифи коюлат.
Жашырындуулукту гриф менен белгилөөнүн милдеттүүлүгү ошондой эле
кабыл алынган котормонун, көчүрмө түшүрүүнүн же нускалоонун натыйжасын-
да Тараптардын кызматташтык процессиндеги топтолгон жашыруун маалымат-
тарга сөзсүз коюлат.
Жашыруун маалыматты бергендин негизинде топтолгон жашыруун маалы-
матка, берилген жашыруун маалыматтын грифинен ылдый эмес жашырындуулук
грифи коюлат.
2. Топтолгон же берилген жашыруун маалымат Тараптардын мамлекетте-
ринин колдонуудагы өз жашыруун маалыматтарынын талаптарына ылайык сак-
талат жана эске алынат.
3. Жашыруун маалыматтан жашырындуулук даражаны өзгөртүү же алуу
тууралуу, аны берген Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы экинчи
Тараптын мамлекетинин тиешелүү компетенттүү органына жазуу түрүндө гана
уруксат берилет.
Жашыруун маалыматтын жашырындуулук даражасы, аны берген Тараптын
мамлекетинин тиешелүү компетенттүү органынын жазуу түрүндөгү уруксаты
боюнча гана ыйгарым укуктуу орган менен өзгөртүлүшү же алынышы мүмкүн.
Тараптардын кызматташтык процессинде пайда болгон Жашыруун маалы-
маттын жашыруундуулук даражасы, Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары-
нын өз ара макулдашуусу боюнча аныкталат, өзгөртүлөт же алып салынат.
4. Жашыруун маалыматтын ээ болуучусун кайтарып берүү же жоюу доку-
мент жүзүндө таризделет, ал эми жоюу процесси аны кайра калыбына кел-
тирүү мүмкүн эместигине кепил болууга тийиш.
Жашыруун маалыматтын ээ болуучулары аларды берген Тараптын компе-
тенттүү органдарынан жазуу түрүндөгү уруксаты кайтарылат же жок кылы-
нат.
Жашыруун маалыматты жок кылуу же кайтаруу тууралуу Тараптардын ый-
гарымдын органынын жазуу түрүндөгү билдирүүсү аркылуу билдирилет.
8-статья. Контрактар
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары менен түзгөн контракттарга
өзүнчө бөлүк киргизилип, төмөндөгүлөр аныкталат:
- топтолгон жана (же) берилген жашыруун маалыматтын тизмеги жана
анын жашырындуулук даражасы;
- топтолгон жана берилген жашыруун маалыматты коргоонун
өзгөчөлүгү;
- келишпестик жагдайларды чечүү жана топтолгон (же) берилген жашы-
руун маалыматтарды санкциясыз таратууда болуучу зыяндын ордун толтуруу
тартиби.
9-статья. Кењешмелер
1. Тараптардын компетенттүү органдары ушул Келишимди иш жүзүнө
ашыруу үчүн зарыл болгон жашыруун маалыматты коргоо тармагындагы Тарап-
тардын мамлекеттеринин тиешелүү мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук
актылары менен алмашат.
2. Ушул Келишимди иш жүзүнө ашырууда кызматташтыкты камсыздоо мак-
сатында компетенттүү органдар биринин суроосу боюнча биргелешкен кењеш-
мелерди өткөрүлөт.
10-статья. Баруулар
1. Бир Тараптын ыйгарым укуктуу органынын өкүлүнүн экинчи Тараптын
мамлекетинин жашыруун маалыматтарына жеткиликтүүлүгү каралган баруулар,
кабыл алып жаткан Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынын уруксаты
боюнча жүргүзүлөт. Мындай барууларга уруксат ушул Келишимдин 5-стать-
ясынын 2-жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарга гана берилет.
2. Мындай баруулардын мүмкүнчүлүгү жөнүндө кайрылууну, жиберип
жаткан Тараптын компетенттүү органы болжолдогон барууга төрт жумадан
белгиленген убакытка чейин кабыл алып жаткан Тараптын мамлекетинин ком-
петепттүү органына жиберет.
Мындай баруунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө кайрылуу кабыл алып жаткан
Тараптын мамлекетиндеги кабыл алынган процедуралардын негизинде
түзүлөт, жана төмөндөгүдөй маалыматты камтыйт;
- баруу максаты;
- ыйгарым укуктуу келүүчүнүн фамилиясы жана аты, туулган күнү жана
туулган жери, граждандыгы жана паспортунун номери;
- келүүчүнүн кызматы жана адиси, ал иштеген компетенттүү органдын
аты;
- тиешелүү жашырындуулук даражасы менен жашыруун маалыматка урук-
саты болгондугу;
- баруунун болжолдогон күнү жана узактыгы;
- болжолдонун, бара турган компетенттүү органдын аталышы;
- ыйгарым укуктуу органынын өкүлү менен жолугушууга болжолдогон
адамдардын кызматы, фамилиясы жана аты.
3. Баруу мезгилинде бир Тараптын ыйгарым укуктуу органдарынын
өкүлдөрү экинчи Тараптын жашыруундулуктун тиешелүү даражадагы жашыруум
маалыматы менен иштөө эрежелери менен таанышат жана бул эрежелерди сак-
ташат.
11-статья. Жашыруун маалыматты коргоо боюнча чараларды ишке
ашыруу боюнча чыгымдар
Бир Тараптын ыйгарым укуктуу органдарынын жашыруун маалыматты кор-
гоо боюнча чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарын, экинчи Тараптын
мамлекетинин ыйгарым укуктуу органы ордун толтурбайт.
12-статья. Жашыруун маалыматты коргоо боюнча талаптарды бузуу
1. Экинчи Тараптын ыйгарым укуктуу же компетенттүү органы тарабы-
нан берилген жашыруун маалыматты санкциясыз таратууга алып келген, жа-
шыруун маалыматты коргоо боюнча талаптар бузулган учурда, же ошондой
санкциясыз таратууну болжолдогондо, Тараптар кийинкиге калтырбай экинчи
Тарапка бул тууралуу билдирет.
2. Ыйгарымдуу же компетенттүү орган өзүнүн мамлекетинин мыйзамына
ылайык тергөө жүргүзөт, ал эми күнөөлүү адам болсо жоопко тартылат.
3. Тараптардын компетенттүү органдары тергөөнүн жыйынтыгы жана
көрүлгөн чаралар тууралуу бири бирине билдиришет.
13-статья. Башка макулдашууларга мамиле
Тараптар мамлекеттеринин ортосундагы болгон жашыруун маалыматтын
жашырындуулугун камсыздоону жөнгө салган макулдашуулар колдонуда берет,
эгерде анын жоболору ушул Келишимге каршы болбосо.
14-статья. Талаш суроолорду чечүү
Бул Келишимдин турумун талкулоо же колдонуу боюнча талаш-тартыштар
Тараптардын компетенттүү органдарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрү аркылуу
чечилет. Мындай сүйлөшүүлөр болгон учурда, Тараптар ушул Келишимге ыла-
йык өздөрүнүн милдеттерин аткарууну улантышат.
Келишпестиктер болгон учурда, талкуулоо максаты үчүн орус тилин-
деги текст колдонулат.
15-статья. Келишимдин күчүнө кириши, колдонуу мөөнөтү, өзгөрүлүшү
жана колдонууну токтотуу
1. Бул Келишим өз күчүнө анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мам-
лекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы тууралуу акыркы
жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып кирет жана белгисиз
мөөнөткө түзүлдү.
2. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өз күчүнө
ушул статьянын 1-пункту тарабынан белгиленген тартипте кирген атайын
протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши
мүмкүн.
3. Ар бир Тарап ушул Келишимдин колдонулушун токтотууга болгон
өзүнүн ниети тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү экинчи Тарапка дипло-
матиялык каналдар боюнча жөнөтүү аркылуу бул Келишимдин колдонулушун
токтото алат. Мындай учурда бул Келишимдин колдонулушу мындай билдирүү
алынган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин токтотулат.
4. Бул Келишимдин колдонулушу токтотулган учурда, жашыруун маалы-
маттын жашырындуулук грифи алынмайынча, ал жашыруун маалыматка карата
ушул Келишимдин 5-статьясында белгиленген аны коргоо боюнча чаралар
колдонула берет.
Москва шаарында 2001-жылдын 19-сентябрында ар бири бирдей күчкө ээ
болгон кыргыз жана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү, мында эки
текст бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (12)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ор- тосундагы Аскердик фельдъегердик почта байланышы жаатындагы кызматташ- тык жөнүндө МАКУЛДАШУУ (Бишкек…Соглашение · 28.03.2019
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 255-б "2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү…Распоряжение · 17.07.2020 · № 255-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 641 "2023-жылдын 17-ноябрында Москва шаарында жана Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 05.12.2023 · № 641
- КР Өкмөтунун 2020-жылдын 29-декабры № 632 "2020-жылдын 23-декабрында Москва шаарында жана 2020-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ички иштер…Постановление · 29.12.2020 · № 632
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 773-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана…Распоряжение · 09.09.2025 · № 773-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 241-б (Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимдин…Распоряжение · 19.06.2017 · № 241-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-мартындагы № 67-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик фельдъегердик-почта байланышы жаатында…Распоряжение · 26.03.2019 · № 67-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-октябрындагы № 351-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо…Распоряжение · 21.10.2020 · № 351-р
- КР Министрлер Кабинетинин Долбоору Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин федералдык кызматынын ортосундагы…Распоряжение · 01.02.2022 · № 41-р
- 2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимдин алкагында берилүүчү аскердик…Соглашение · 16.08.2022 · № 135
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Россия Федерациясынын…Соглашение · 02.08.2024 · № 433
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Россия Федерациясынын…Соглашение · 31.07.2024 · № 443
Шилтеме берет (2)
- Москва шаарында 2003 -жылдын 19 -сентябрында кол коюлган жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы…Закон · 22.12.2005 · № 184
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-июнундагы № 331-б буйругуРаспоряжение · 16.06.2006 · № 331