Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 21-октябры № 351-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
C.Жапаров
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү, эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоого олуттуу таасир берген маалыматтык-коммуникациялык технологиянын өнүгүүсүндөгү жана киргизүүдөгү чоң прогрессти белгилеп, адамзаттын жыргалчылыгына карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн, ошондой эле эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту колдоо үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиянын зор маанисин белгилеп, Тараптардын мамлекеттеринин эгемендигин, коопсуздугун бүлүндүрүү жана алардын ички иштерине кийлигишүү, жарандардын жеке жашоосунун кол тийбестигин бузуу, ички саясий жана социалдык-экономикалык кырдаалды туруксуздаштыруу, улуттар жана диндер аралык кастыкты козутуу үчүн, эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо милдеттери менен айкалышпаган максатта маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү менен байланышкан коркунучтарга тынчсызданууну билдирип, эл аралык коопсуздук системасынын негизги элементтеринин бири катары эл аралык маалыматтык коопсуздукка терең маани берип, бардык өлкөлөргө бирдей коопсуздукту камсыздоого көмөк көрсөтүү үчүн маалымат мейкиндигинде Тараптардын мамлекеттеринин жоопкерчиликтүү жүрүм-турум эрежелерин, ченемдерин жана принциптерин Бириккен Улуттар Уюмунун калкасы астында иштеп чыгууну жана кабыл алууну колдоп, мамлекеттик эгемендик жана мамлекеттик эгемендиктен келип чыгуучу эл аралык ченемдер менен принциптер маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана алардын аймагында маалыматтык инфратүзүмдүн үстүнөн болгон Тараптардын мамлекеттеринин юрисдикциясын пайдаланууга байланышкан иштердин алкагында мамлекеттердин жүрүм-турумуна жайылтыла тургандыгын, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин "Интернет" маалыматтык-коммуникациялык тармагына байланышкан, анын ичинде анын коопсуз жана туруктуу иштешин камсыздоо маселелери боюнча мамлекеттик саясатты аныктоого жана жүргүзүүгө эгемен укугун ырастап, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу жаатында Тараптардын ишенимин андан ары тереңдетүү жана өнүктүрүү зарыл экендигине жана алардын кызыкчылыгына жооп бере тургандыгына ишенүү менен, коопсуздукту камсыздоо менен маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу жаатындагы адам укуктарын сактоонун ортосундагы тең салмактуулукту камсыздоого маани берип, тынчтык, коопсуздук, ачыктык жана кызматташтык мүнөздүү болгон эл аралык маалыматтык чөйрөнү түзүү максатында эл аралык маалыматтык коопсуздуктун коркунучтарын алдын алууга жана Тараптардын мамлекеттеринин маалымат чөйрөсүндөгү улуттук кызыкчылыктарын камсыздоону көздөп, көз карандысыздыкты, эгемендикти, кызыкчылыкты жана аймактык бүтүндүктү өз ара урматтоонун негизинде үчүнчү тараптын кызыкчылыгына зыян келтирүүгө багытталбаган эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы Тараптардын кызматташтыгынын укуктук жана уюштуруу негиздерин түзүүнү каалап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы негизги коркунучтар Ушул Макулдашууга ылайык кызматташууну ишке ашырууда Тараптар эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы негизги коркунуч төмөнкүлөр үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу экендигине таянышат:
1) Тараптардын мамлекеттеринин эгемендигин, коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган актыларды жасоо;
2) кооптуу маалыматтык инфратүзүм объектилерине деструктивдүү таасир этүү;
3) террористтик максатта, анын ичинде терроризмди пропагандалоо жана террористтик ишке тартуу;
4) компьютердик маалымат чөйрөсүндө, анын ичинде компьютердик маалыматка мыйзамсыз жетүүгө, зыяндуу компьютердик программаларды түзүү, пайдалануу жана жайылтууга, сактоо каражаттарын эксплуатациялоо, компьютердик маалыматты жана маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды иштеп чыгуу же өткөрүп берүү эрежелерин бузуу менен байланышкан кылмыштарды жасоо;
5) Тараптардын мамлекеттеринин ички иштерине кийлигишүү, коомдук тартипти бузуу, улуттар, расалар жана диндер аралык кастыкты козутуу, жек көрүүнү жана басмырлоону пайда кылуучу, зомбулук менен туруксуздукка алып келүүчү расалык, ксенофобиялык идеяларды жана теорияларды пропагандалоо, ошондой эле ички саясий жана социалдык-экономикалык кырдаалды туруксуздаштыруу, Тараптардын мамлекеттерин башкарууну бузуу;
6) Тараптардын мамлекеттеринин коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык системаларына, рухий, адеп-ахлактык жана маданий чөйрөлөрүнө зыян келтирүүчү маалыматты жайылтуу.
2-берене. Кызматташтыктын жалпы принциптери
1. Ушул Макулдашуунун алкагында Тараптар эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында социалдык жана экономикалык өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү ниетинде, эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо милдеттерине шайкеш келе турган таризде, жалпы кабыл алынган принциптер менен эл аралык укуктук ченемдерге, анын ичинде Тараптардын мамлекеттеринин эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн, талаш маселелерди жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу, күч колдонбоо жана күч менен коркутпоо, ички иштерге кийлигишпөө, адам укугу менен эркиндигин сыйлоо принциптерине, ошондой эле эки тараптуу кызматташтык жана маалымат ресурстарына кийлигишпөө принциптерине ылайык кызматташат.
2. Ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын иши Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына шайкеш келүүгө тийиш.
3. Ар бир Тарап өз мамлекетинин маалымат ресурстарын мыйзамсыз пайдалануудан жана санкцияланбаган кийлигишүүдөн, анын ичинде компьютердик чабуулдардан коргоого бирдей укукка ээ. Ар бир Тарап башка Тарапка мындай иш-аракеттерди жасабайт жана башка Тарапка бул укуктарды ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.
4. Тараптардын мамлекеттерине зыян келтирүү максатында Тараптардын мамлекеттеринин маалымат инфратүзүмүн жана ресурстарын үчүнчү тараптын пайдаланбашы үчүн Тараптар күч-аракет жумшайт.
3-берене. Кызматташтыктын негизги багыттары
1. Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн негизги коркунучтарды эске алып, Тараптар, ушул Макулдашуунун 5-беренесине ылайык аныкталуучу Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында төмөнкүдөй негизги багыттар боюнча кызматташат:
1) Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы коркунучка каршы аракеттенүүнү координациялоо;
2) террористтик жана кылмыштуу максатта маалыматтык-коммуникациялык технологияны пайдалануу менен байланышкан мыйзам бузууларды табуу, алдын алуу, бөгөт коюу жана териштирүү максатында укук коргоо жаатында маалымат алмашуу;
3) эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоого өбөлгө түзүүчү ишеним чараларын макулдашуу жана ишке ашыруу;
4) Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары менен маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери, анын ичинде компьютердик инциденттерге таасир этүү жаатындагы кызматташтык боюнча маалымат алмашуу;
5) маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары тууралуу маалымат алмашуу;
6) эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы эки тараптуу ченемдик укуктук базаны жана Тараптардын мамлекеттеринин кызматташуусунун практикалык механизмдерин өркүндөтүү;
7) улуттук жана эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында эл аралык укук ченемдерин иштеп чыгууга жана алдыга жылдырууга катышуу;
8) эл аралык уюмдардын жана форумдардын (Бириккен Улуттар Уюму, Эл аралык электр байланыш союзу, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги жана башка) алкагында эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо көйгөйлөрүн чечүүдө өз ара аракеттенүү жана Тараптардын мамлекеттеринин ишин координациялоо;
9) Тараптардын мамлекеттеринин эл аралык маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана эксперттеринин жумушчу жолугушууларын, конференцияларды, семинарларды жана башка форумдарды өткөрүү;
10) эл аралык маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө кадрларды даярдоо, такшалмаларды өткөрүү, адистер менен алмашуу жаатында өз ара аракеттенүү.
2. Тараптар же Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары жазуу жүзүндөгү макулдашуу аркылуу кызматташуунун башка багыттарын аныктай алат.
4-берене. Координациялоочу органдар Ушул Макулдашуунун жоболорун натыйжалуу ишке ашырууга көмөк көрсөтүү жана ушул Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ортосунда түздөн-түз өз ара аракеттенүү максатында координациялоочу органдар болуп төмөнкүлөр аныкталды: Кыргыз Республикасынан - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы; Россия Федерациясынан - Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин аппараты. Тараптар зарыл болгон учурда координациялоочу органды алмаштырууга укуктуу, мында алар ушул өзгөрүүлөр тууралуу дипломатиялык канал боюнча жазуу жүзүндө экинчи Тарапка дароо билдирүүгө милдеттүү. 5-берене. Кызматташуунун формалары жана механизмдери
1. Тараптар ушул Макулдашууда каралган кызматташуунун конкреттүү багыттары боюнча практикалык өз ара аракеттенүүнү ушул Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын линиялары боюнча ишке ашыра алышат. Ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып 60 күндүн ичинде Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тууралуу маалыматтарды алмашышат.
2. Конкреттүү багыттар боюнча кызматташуунун укуктук жана уюштуруу негиздерин түзүү максатында Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тийиштүү келишимдерди түзө алышат.
3. Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүн кароо, маалымат алмашуу, эл аралык маалыматтык коопсуздуктун келип чыккан коркунучтарын талдоо жана биргеликте баалоо, мындай коркунучтарга чара көрүүнүн биргелешкен чараларын аныктоо, макулдашуу жана координациялоо максатында Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен туруктуу негизде ведомстволор аралык консультацияларды, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын консультацияларын өткөрүшөт.
Ведомстволор аралык консультациялар Тараптардын макулдашуусу боюнча жылына жок дегенде бир жолу Кыргыз Республикасында жана Россия Федерациясында кезеги менен, ал эми компетенттүү органдардын консультациясы ушул органдардын макулдашуусу боюнча өткөрүлөт. Ар бир Тарап өткөрүү убактысын жана ордун, ошондой эле күн тартибин сунуштоо менен кошумча консультацияларды өткөрүүнү демилгелей алат. 6-берене. Маалыматты коргоо Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуунун жүрүшүндө берилүүчү же түзүлүүчү, аларды алуу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык чектелген маалыматты тийиштүү түрдө коргоону камсыз кылышат. Мындай маалыматты коргоо алуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына жана (же) тийиштүү ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт. Мындай маалымат берүүчү Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз жана шарттарын сактабастан ачыкка чыгарылбайт жана берилбейт. Мындай маалымат Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык белгиленет, ал эми аны Тараптардын ортосунда берүү фактысы документтик түрдө белгиленет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырын жана (же) Россия Федерациясынын мамлекеттик купуя сырын түзүүчү маалыматты алмашуу тартиби, сактоо шарттары жана чаралары ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө жана колдонулушу аяктаганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө 2003-жылдын 19-сентябрындагы макулдашуу менен аныкталат. 7-берене. Каржылоо
1. Тараптар ушул Макулдашууну аткаруу боюнча тийиштүү иш-чараларга өз өкүлдөрү менен эксперттеринин катышуусуна байланышкан чыгымдарды өз алдынча тартат.
2. Тараптар ар бир өз алдынча учурда ушул Макулдашууну аткарууга байланышкан башка чыгымдарды Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык каржылоонун башка тартибин макулдаша алат.
8-берене. Талаш маселелерди чечүү Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө же пайдаланууга байланыштуу пайда болуучу талаш маселелерди Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен жана зарыл болгон учурда дипломатиялык каналдар аркылуу чечишет. 9-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү дипломатиялык каналдар боюнча алынган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Тараптардын макулдугу менен ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген жана өзүнчө протокол менен таризделүүчү өзгөртүүлөр ушул Макулдашууга киргизилиши мүмкүн.
3. Ушул Макулдашуу ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети тууралуу башка Тарапка жазуу жүзүндөгү билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча Тараптардын бири алган күндөн тартып 90 күн өткөндөн кийин токтотулушу мүмкүн.
4. Ушул Макулдашуунун колдонулушу токтогон учурда Тараптар маалыматты сактоо милдеттенмелерин толук аткаруу үчүн чара көрөт, ошондой эле ушул Макулдашуунун алкагында ишке ашырылуучу мурда макулдашылган бирдиктүү иштерди, долбоорлорду жана ушул Макулдашуунун колдонулушу токтогон учурда бүтпөй калган башка иш-чаралардын аткарылышын камсыздайт.
Ушул Макулдашуу 20___-жылдын "____" _________________ эки нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.