Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын жана бөлүктөрүнүн кызыкчылыктарында биргелешкен аракеттерде радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайды аныктоо жана баалоо жаатындагы өз ара аракеттенүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 443 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын жана бөлүктөрүнүн кызыкчылыктарында биргелешкен аракеттерде радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайды аныктоо жана баалоо жаатындагы өз ара аракеттенүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Астана шаары, 2024-жылдын 26-апрели
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги, 2008-жылдын 14-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин коргоо министрликтеринин радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайды контролдоо жаатындагы өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууга таянуу менен, мындан ары аскерлер (күчтөр) деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн кызыкчылыктарында радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайды контролдоо боюнча күч-аракеттерди бириктирүү зарылчылыгынан улам, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Тараптар радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайды аныктоо жана баалоо жаатында аскерлердин (күчтөрдүн) кызыкчылыгында радиоактивдүү заттардын, уулуу химикаттардын жана биологиялык каражаттардын таралуу коркунучу жана анын өзгөрүшү жөнүндө маалыматтарды берүү жолу менен өз ара аракеттенет. 2-берене. Тараптар төмөнкү милдеттерди чечүү үчүн өз ара аракеттенет: аскерлердин (күчтөрдүн) кызыкчылыктарында радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайга туруктуу биргелешкен контролду камсыз кылуу; аскерлердин (күчтөрдүн) жайгашкан (аракеттенген) райондорунда радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайдын өзгөрүшү жана радиоактивдүү заттардын, уулуу химикаттардын жана биологиялык каражаттардын таралуу коркунучу жөнүндө маалымат алуу; аскерлердин (күчтөрдүн) жайгашкан (аракеттенген) райондорунда радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайдын өзгөрүшү жана радиоактивдүү заттардын, уулуу химикаттардын жана биологиялык каражаттардын таралуу коркунучу жөнүндө аскерлерди (күчтөрдү) кабардар кылуу боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө иш-аракеттерди координациялоо. 3-берене.
1. Тараптар Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлеринин башчысынын башкаруу пункту жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуунун башкаруу пункту аркылуу өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.
2. Радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайды аныктоо жана баалоо аскерлер (күчтөр) жайгашкан (аракеттенген) райондордо жүзөгө ашырылат:
Россия Федерациясынын аймагында - Россия Федерациясынын радиациялык, химиялык жана биологиялык контролдоонун жана баалоонун улуттук системасынын күчтөрү жана каражаттары тарабынан; Кыргыз Республикасынын аймагында - Кыргыз Республикасынын радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайды контролдоонун жана баалоонун улуттук системасынын күчтөрү жана каражаттары тарабынан.
3. Аскерлердин (күчтөрдүн) жайгашкан (аракеттенген) райондорунда радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдай жөнүндө маалымат алмашуу күн сайын Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлеринин башчысынын башкаруу пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуунун башкаруу пунктунун нөөмөттүк күчтөрү аркылуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин 2012-жылдын 11-декабрындагы "Радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдай жөнүндө маалымат алмашууну жүзөгө ашыруучу аскердик башкаруу (контролдоо пункттары) органдарынын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" чечими менен бекитилген радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдай жөнүндө жеткирүүнүн бирдиктүү формаларына жана радиациялык, химиялык жана биологиялык булгануу жөнүндө билдирүүлөрдүн сигналдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Тараптар аскерлердин (күчтөрдүн) жайгашкан (аракеттенген) райондорунда радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайдын өзгөрүшүнүн бардык фактылары жана радиоактивдүү заттардын, уулуу химикаттардын жана биологиялык каражаттардын таралуу коркунучу жөнүндө учурдагы байланыш каналдары аркылуу бири бирине токтоосуз кабарлашат.
4-берене.
1. Аскерлер (күчтөр) жайгашкан (аракеттенген) райондордо радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайдын өзгөрүшү жана радиоактивдүү заттардын, уулуу химикаттардын жана биологиялык каражаттардын таралуу коркунучу жөнүндө аскерлерди (күчтөрдү) кабардар кылуу боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө Тараптардын аракеттерин координациялоону Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу боюнча аскерлеринин башчысынын башкармалыгы жүзөгө ашырат.
2. Россия Федерациясынын радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайды контролдоонун жана баалоонун улуттук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын башкаруу Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу боюнча аскерлеринин башчысынын башкаруу пунктунан ал эми Кыргыз Республикасынын радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайды контролдоонун жана баалоонун улуттук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын башкаруу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуунун башкаруу пунктунан жүзөгө ашырылат.
3. Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлеринин башчысынын башкаруу пункту жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуунун башкаруу пункту үчүн төмөнкүдөй иштөө режимдери белгиленген:
күнүмдүк - аскерлер (күчтөр) жайгашкан (аракеттенген) райондордо радиоактивдүү заттардын, уулуу химикаттардын жана биологиялык каражаттардын таралуу коркунучу жок шарттарда; күчөтүлгөн - радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдай өзгөргөндө жана аскерлер (күчтөр) жайгашкан (аракеттенген) райондордо радиоактивдүү заттардын, уулу химикаттардын жана биологиялык каражаттардын таралуу коркунучу болгондо; күжүрмөн - согуш мезгилинде. 5-берене. Ушул Макулдашуунун алкагында берилүүчү маалымат анын формасына жана мазмунуна карабастан анын максаттары үчүн гана пайдаланылат. Талаптардын бири алган маалымат экинчи Тарапка зыян келтирүү менен пайдаланылбоого тийиш. Тараптар экинчи Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында алынган же биргелешип түзүлгөн маалыматты үчүнчү тарапка бербөөгө милдеттенет. Тараптар биргелешкен иштерди жүргүзгөн учурда өз алдынча же биргелешип ушул Макулдашууга ылайык берилүүчү же аны аткаруунун натыйжасы болгон маалыматтын купуялуулугун сактоо зарылдыгын аныктайт. Мындай маалыматты алып жүрүүчүлөрдө төмөнкүдөй белги коюлат: Россия Федерациясында - "Кызматтык пайдалануу үчүн"; Кыргыз Республикасында - "Кызматтык пайдалануу үчүн". Кызматташуунун жүрүшүндө берүүчү Тарап ага карата купуялуулукту сактоо зарылдыгын айткан маалыматты алган Тарап, аны коргонуу жана аны өз мамлекетинин ушундай мүнөздөгү маалыматты колдонууну жөнгө салуучу мыйзамдарынын жоболоруна ылайык колдонууну камсыз кылат. Бул Макулдашууну ишке ашыруунун жана анын колдонулушу аяктагандан кийин мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды алмашуу тартиби, коргоо шарттары жана чаралары 2003-жылдын 19-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу менен аныкталат. 6-берене.
1. Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлеринин башчысынын башкаруу пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуунун башкаруу пунктунун нөөмөтчү күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайды аныктоо жана баалоо жаатындагы милдеттерди аткарууга туруктуу даярдыгын камсыз кылуу максатында аскерлердин (күчтөрдүн) жайгашкан (аракеттенген) райондорунда моделдештирилүүчү радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдай жөнүндө маалыматты алмашуу жолу менен биргелешкен машыгуулар жүргүзүлөт.
2. Биргелешкен машыгуулардын жүрүшүндө аскерлер (күчтөр) жайгашкан (аракеттенген) райондордогу моделдештирилүүчү радиациялык. химиялык жана биологиялык жагдай жөнүндө маалыматты берүү колдонуудагы байланыш каналдары боюнча жүзөгө ашырылат.
3. Биргелешкен машыгууларды өткөрүү тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан аныкталат.
7-берене.
1. Ушул Макулдашуунун алкагында маалымат алмашуу кайтарымсыз негизде жүргүзүлөт.
2. Ушул Макулдашууга ылайык экинчи Тараптан маалымат алган Тарап кошумча маалымат суроого укуктуу.
3. Кошумча маалымат берүү чыгымдар менен байланышкан учурда мындай чыгымдарды кошумча маалыматты сураган Тарап төлөйт.
8-берене. Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууда жана чечмелөөдө келип чыгуучу Тараптардын ортосундагы талаш маселелер консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет. 9-берене. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү жана ушул Макулдашуунун 11-беренесине ылайык күчүнө кирүүчү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. 10-берене. Ушул Макулдашууну аткарууга байланышкан кандай болбосун маалыматты алмашуу максаты үчүн жумушчу тил катары орус тили колдонулат. 11-берене.
1. Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон бюджеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка кезектеги мезгил аяктаганга чейин алты айдан кем эмес мөөнөттө анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө кабарлабаса, автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мезгилге узартылат.
3. Бул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу, эгерде Тараптар башка жөнүндө макулдашпаса, ушул Макулдашууну ал токтотулганга чейин аткаруунун натыйжасында келип чыккан Тараптардын укуктарына жана милдеттерине таасирин тийгизбейт.
2024-жылдын 26-апрелинде Астана шаарында, эки түп нускада, ар бири орус жана кыргыз тилдеринде түзүлдү, мында эки текст тең бирдей юридикалык күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алат.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн
Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Жашыруун маалыматтарды өз ара коргоо жөнүндө КЕЛИШИМ ( КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы №…Соглашение · 19.09.2003
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлунун № 443 "2024-жылдын 26-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен…Постановление · 31.07.2024 · № 443