Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимдин долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 19-июну № 241-б
1. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимдин тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальнигине Кыргыз Республикасынын атынан жогоруда аталган Келишимге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
С. Ш. Жээнбеков
Долбоор Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө КЕЛИШИМ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1999-жылдын 25-августундагы Аскердик-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун жоболорунун негизинде, Тараптардын улуттук куралдуу күчтөрүн, башка аскерлерин, аскердик түзүлүштөрүн, укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын куралдардын жана аскердик техникалардын келечектүү үлгүлөрү менен жабдууну узак мөөнөттүү пландоо жана алардын күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн камсыздоо тутумун түзүү менен; Тараптардын улуттук куралдуу күчтөрүнүн, башка аскерлеринин, аскердик түзүлүштөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын кызыкчылыктарында аскердик багыттагы продукцияларды түзүү, өндүрүү, оңдоо, модернизациялоо жана тейлөө жаатында Тараптардын илимий-техникалык жана өндүрүштүк-техникалык потенциалын колдоп; аскердик багыттагы продукцияларды өз ара жеткирүү, иштерди аткаруу жана аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүү жол-жоболорун өркүндөтүү зарылчылыгын түшүнүп, Тараптардын куралдуу күчтөрүн, башка аскерлерин, аскердик түзүлүштөрүн, укук коргоо органдарын, атайын кызматтарын жана аскерлердин (күчтөрдүн) региондук топторун куралдардын жогорку натыйжалуу жана келечектүү системалары менен жабдуу жана Тараптардын жамааттык коопсуздук системасынын техникалык компонентин түзүү максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Ушул Келишимдин предмети болуп Тараптардын аскердик багыттагы продукцияларды жеткирүүнү жүзөгө ашыруусунун тартиби эсептелет, ал төмөнкүлөрдү камтыйт: куралдарды, аскердик техникаларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, интеллектуалдык иштин жыйынтыктарын, анын ичинде аларга (интеллектуалдык менчикке) өзгөчөлөнгөн укуктарды жана аскердик-техникалык жааттагы маалыматтарды; 1994-жылдын 18-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өнөр жайдын коргоо тармактарынын ишканаларынын өндүрүштүк жана илимий-техникалык кооперациялары жөнүндө макулдашууга ылайык жеткирилүүчү жана түзүлгөн кооперациялык байланыштардын алкагында куралдарды жана аскердик техникаларды өндүрүү үчүн зарыл болгон материалдарды, чала фабрикаттарды, комплекттөөчү буюмдарды жана башка материалдык ресурстарды кошпогондо Тараптардын ар биринин мыйзамдарына ылайык аскердик багыттагы продукцияларга киргизилген кандай гана болбосун башка продукциялар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр. 2-берене. Ушул Келишимди ишке ашыруу боюнча Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети;
- Россия Тараптан - Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызмат.
3-берене. Аскердик багыттагы продукцияларды жеткирүү аскердик багыттагы продукцияларды ташып кирүүгө (ташып чыгууга) лицензияларды бербестен Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдары түзүүчү контракттар боюнча жүзөгө ашырылат. Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдары болуп төмөнкүлөр эсептелет: Кыргыз Тараптан - курамына аскерлер жана аскердик түзүлүштөр кирген мамлекеттик башкаруунун республикалык органдары, аскердик багыттагы продукцияларга байланышкан иштерди жүргүзүү укугуна атайын уруксаты (лицензиясы) бар уюмдар; Россиялык Тараптан - Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлеринин, аскердик түзүлүштөрүнүн, укук коргоо органдарынын, атайын кызматтарынын жана аскердик багыттагы продукцияларга карата иштин тийиштүү түрүнө укугу бар уюмдардын кызыкчылыктарында мамлекеттик заказчынын мамлекеттик коргоо заказы функциясын аткарууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин федералдык органдары. 4-берене. Аскердик багыттагы продукцияларды жеткирүүгө контракттарды түзүү аскердик багыттагы продукцияларды жеткирүүчү Тараптын ыйгарым укуктуу органы бекиткен, бир Тараптан экинчи Тарапка жеткирилүүчү аскердик багыттагы продукциялардын тизмелери боюнча Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Аталган тизмелер аскердик багыттагы продукцияларды алууга кызыкчылыктары болгон Тараптын биринин ыйгарым укуктуу уюмдарынын өтүнмөлөрүнүн негизинде түзүлөт, ал ушул Тараптын ыйгарым укуктуу органы тарабынан экинчи Тараптын ыйгарым укуктуу органына берилүүчү тизмеге туура келтирилет. Экинчи Тарап суралып жаткан жеткирүүлөрдү жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүнө жараша жана зарылчылык болгондо өзүнүн Тарабынын кызыкчылыктары бар аткаруу бийлигинин органдары (мамлекеттик башкаруу) менен макулдашуу боюнча экинчи Тарапка жеткирилүүчү аскердик багыттагы продукциялардын тизмесин түзөт, аны бекитет жана бул жөнүндө экинчи Тараптын ыйгарым укуктуу органына маалымдайт. Аскердик багыттагы жеткирилүүчү продукциялардын тизмелери аскердик багыттагы продукцияларды жеткирүүгө контракттарды түзгөн Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдарынын аталыштарын, ошондой эле жеткирилүүчү аскердик багыттагы продукциялардын номенклатурасын жана көлөмүн камтыйт. Жеткирилүүчү аскердик багыттагы продукциялардын бекитилген тизмелеринен көчүрмөлөрдү Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары Тараптардын кызыкдар болгон ыйгарым укуктуу уюмдарына жиберет. 5-берене. Тараптардын ар бири өзүнүн куралдуу күчтөрү, башка аскерлери, аскердик түзүлүштөрү, укук коргоо органдары жана атайын кызматтары үчүн жеткирилүүчү продукциялардагыдай эле мүнөздөгү жана комплектациядагы аскердик багыттагы продукцияларды экинчи Тарапка жеткирүүнү жүзөгө ашырат, эгерде тийиштүү контракттарда же Тараптар менен макулдашылган мүнөздөмөлөргө жана комплектацияларга ылайык башка айтылбаса. Аскердик багыттагы продукцияга баалар өзүнүн куралдуу күчтөрүнүн, башка аскерлердин, аскердик түзүлүштөрдүн, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын кызыкчылыктарында заказдарды аткарууда аскердик багыттагы продукцияларды жеткирүүчү Тараптын аскердик багыттагы продукцияларга баа түзүүнү регламенттеген мыйзамдарына ылайык түзүлөт, эгерде Тараптардын тийиштүү келишимдеринде башка айтылбаса. 6-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сырларын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик сырын түзүүчү маалыматтарды, анын ичинде аскердик багыттагы продукцияларды жеткирүүгө контракттарды түзүүдөгү маалыматтарды берүү жана колдонуу тартиби Тараптардын ар биринин мыйзамдарына жана 2003-жылдын 19-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы жашыруун маалыматтарды өз ара коргоо жөнүндө макулдашууга ылайык белгиленет. 7-берене. Бажы мыйзамына ылайык аскердик багыттагы продукциялар Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдарына берилүүчү аскердик багыттагы продукциялардын бекитилген тизмесинен көчүрмөлөр боюнча бир Тараптын аймагынан экинчи Тараптын аймагына өткөрүлөт. 8-берене. Ушул Келишимдин алкагында аскердик багыттагы продукцияны жеткирген Тарап анын болушун жана максаттуу колдонулушун контролдоого укуктуу, анын тартибин Тараптар кошумча макулдашууда аныктайт. 9-берене. 2005-жылдын 5-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташтыктын жүрүшүндө алынган жана колдонулган интеллектуалдык иштин натыйжаларына укуктарды өз ара коргоо жөнүндө макулдашууга ылайык ушул Келишимдин алкагында Тараптардын ар бири аскердик-техникалык кызматташтыктын жүрүшүндө алынган жана колдонулган интеллектуалдык иштин натыйжаларына укуктардын корголушун камсыздайт. 10-берене. Тараптардын ар бири жеткирүүчү Тараптын мыйзамдарына ылайык ушул Келишим боюнча ал жеткирген аскердик багыттагы продукциянын сапатын контролдоону жана кабыл алууну аскердик-техникалык коштоону камсыздайт. 11-берене. Тараптардын бири дагы жеткирүүчү Тараптын алдын-ала жазуу жүзүндөгү уруксаты жок үчүнчү тарапка, анын ичинде эл аралык уюмдарга, чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга ушул Келишимдин алкаганда алынган аскердик багыттагы продукцияны, ал жөнүндө илимий жана техникалык маалыматты, изилдөөлөрдүн жыйынтыгын, ошондой эле ойлоп табууларды, ноу-хау жана башка маалыматтарды бербейт жана сатпайт. 12-берене. Ушул Келишимдин Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы катышуучусу болгон башка эл аралык келишимдер боюнча Тараптардын милдеттерине жана укуктарына тиешеси болбойт. Ушул Келишимге анын ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. 13-берене. Эгерде Тараптардын ортосунда ушул Келишимди колдонууга жана чечмелөөгө байланышкан талаш-тартыштар келип чыкса алар өз ара консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. 14-берене. Ушул Келишим анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы тууралуу акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн баштап күчүнө кирет. Ушул Келишим 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка тийиштүү мезгил бүткөнгө 6 ай калганга чейин жазуу жүзүндө ушул Келишимди колдонууну токтотуу жөнүндө өзүнүн ниеттенүүсүн кабарлабаса, анда бул Келишим автоматтык түрдө кийинки 5 жылдык мезгилдерге узартылат. Ушул Келишимдин колдонулушун токтотуу ушул Келишимдин алкагында Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдары менен түзүлгөн контракттарды аткарууга тиешеси болбойт. Ушул Келишимди колдонуу токтотулган учурунда ушул Келишимдин 9-11-беренелери менен каралган милдеттер, эгерде Тараптар башка жөнүндө макулдашпаса, өз күчүн жоготпойт.
____________________ шаарында 20___-жылдын "____" _____________ ар бири кыргыз жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Тараптан:
Россия Тараптан:
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Жашыруун маалыматтарды өз ара коргоо жөнүндө КЕЛИШИМ ( КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы №…Соглашение · 19.09.2003
- Соглашение между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Российской Федерации о военно-техническом сотрудничестве (Ратифицировано Законом КР от 25 июля 2000 года N…Соглашение · 25.08.1999
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.