Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 16-июнундагы № 331-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Россия
Федерациясынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Мамлекеттик аба
кемелеринин учууларынын коопсуздугу жаатында кызматташуу женүндө
макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен
жактырылсын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин ортосундагы
Мамлекеттик аба кемелеринин учууларынын коонсуадугу жаатында
кызматташуу жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Коргоо
министрлиги жана Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги,
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскер
жаатында кызматташуу жөнүндө 1993-жылдын 5-июлунда Москва шаарында кол
коюлган келишимдин жоболорун жетекчиликке алып,
пайдаланылуучу авиациялык парктын бир типтүүлүгун жана учуулардын
коопсуздугун жана авиациялык кырсыктарга жол бербөө боюнча иш-
чаралардын натыйжалуулугун арттырууга жалпы кызыкчылыкты көњүлгө алып,
авиациялык кырсыктарды жана авиациялык чыр-чатактарды изилдөөнүн
жана жол бербөөнүн колдонулуучу системаларына карата өз ара ишеним
принциптерине негизденип,
Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик аба
кемелеринин авиациялык кырсыктары жана авиациялык чыр-чатактары
жөнүндө маалыматтарды изилдөө жана берүү жол-жоболорун өркүндөтүүгө өз
ара зарылдыкты таанып,
өздөрүнүн мамилелерин достук жана өз ара өнөктөштүк аракет деминде
түзүүгө умтулууларын бекемдеп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья
Бул Макулдашууда колдонулуучу терминдер төмөнкүлөрдү билдирет:
«мамлекеттик авиация» - аскердик, чегаралык, милициялык
(полициялык), бажылык жана башка мамлекеттик кызматты ишке ашыруу,
мобилизациялык-коргонуу маселелерин аткаруу, ошондой эле өзгөчө
кырдаалдардын алдын алуу жана табигый кырсыктарды жоюу боюнча
милдеттерди аткаруу үчун колдонулуучу авиация;
«мамлекеттик аба кемеси» - мамлекеттик авиациянын мамлекеттик
кызматты ишке ашыруу, ошондой эле мобилизациялык-коргонуу маселелерин
аткаруу үчүн колдонулуучу аба кемеси;
«авиациялык кырсык» - мамлекетгик аба кемесин учууга пайдалануу
менен байланышкан, ушул аба кемесинин бортунда жүргөн кайсы-бир
адамдын өлүмүнө (өлүмгө учураткан зыян тартуусуна) жана (же) ушул аба
кемесин жоготууга алып келген окуя;
«авиациялык чыр-чатак» - мамлекеттик аба кемесин учууга пайдалануу
менен байланышкан, ушул аба кемесинињ бүтүндүгүнө жана (же) анын
бортунда жүргөн адамдардын өмүрүнө коркунуч келтириши мүмкүн болгон же
коркунуч келтирген, бирок авиациялык кырсыкка чейин жетпеген окуя;
«олуттуу авиациялык чыр-чатак» - мамлекеттик аба кемесинин бортунда
жүргөн адамдардын жок дегенде биринин ден соолугуна зыян келтирилген
авиациялык чыр-чатак же авиациялык кырсык болуп аз жерден гана болбой
калганын көрсөтүүчу анын кырдаалы;
«мамлекеттик аба кемесин бузуу менен болгон олуттуу авиациялык чыр-
чатаю» - бузулган аба кемесин ондоого мүмкүн жана экономикалык жактан
максатка ылайык болгон авиациялык чыр-чатак.
2-статья
Тараптар мамлекеттик аба кемелеринин учууларынын коопсуздук
маселелеринде кызматташууну тењ укуктуулук, өнөктөштүк жана өз ара
пайда принциптеринде ишке ашырышат.
3-статья
Бул Макулдашуунун максаттары үчүн Тараптардын ыйгарым укуктуу
органдары төмөнкүлөр болот:
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинен - Кыргыз
Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын авиация
башкармалыгы;
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинен - Россия Федерациясынын
Куралдуу Күчтөрүнүн Авиациялык учуулардын коопсуздук кызматы.
Тараптар өзүлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын аталышындагы
өзгөрүүлөр жөнүндө бири бирине жазуу жүзүндө, анын ичинде
дипломатиялык каналдар боюнча кабарлап турушат.
4-статья
Тараптар өзүлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары аркылуу: авиациялык
кырсык фактысы жөнүндө маалыматтарды авиациялык кырсыктан кийин бир
сутканын ичинде, ал эми алардын себептерин -териштирүү аяктагандан
кийин 5 сутканын ичинде өз ара кабарлап турушат;
мамлекеттик аба кемесин бузуу менен болгон олуттуу авиациялык чыр-
чатак фактысы жөнүндө маалыматтарды ал аныкталгандан кийин 5 сутканын
ичинде, ал эми анын себептери женүндө - териштирүү аяктагандан кийин
15 сутканын ичинде бири-бирине жиберип турушат;
авиациялык кырсыктар жана олутгуу авиациялык чыр-чатактар боюнча
маалыматтык чыгарууларды (маалыматтарды) бири-бирине жарым жыл сайын
берип турушат;
учуулардын коопсуздугу боюнча профилактикалык иштерди өткөрүү
боюнча методикалык материалдарды жана сунуштарды бири-бирине берип
турушат;
башка Тарап өткөрүүчү учуулардын коопсуздугун камсыздоого
багытталган иш-чараларга аскердик кызматташуунун алкагында (учуулардын
ксюпсуздугу боюнча конференцияларга, учуу иштерин уюштуруу боюнча
жыйындарга, методикалык жыйындарга ж.б.) катышышат;
учуулардын коопсуздугу жаатында профилактикалык иштерди жүргүзүү
тажрыйбасын үйрөнүү (алмашуу) максатында адистердин делегацияларын
алмашат.
Мамлекеттик аба кемелеринде болгон авиациялык кырсыктар жана олутгу
авиациялык чыр-чатактар жөнүндө маалыматтарды алмашуу орус тилинде
жүргүзүлөт.
Маалыматтарды өз ара алмашууну ишке ашыруу тартиби өзүнчө протокол
менен аныкталат.
5-статья
Тараптар ар түрдүү багыттагы эки тараптуу машыгууларды өткөрүшкөндө
авиациялык учуулардын коопсуздук талаптары сакталышын контролдоо
биргелешкен контролдоо тобу тарабынан жүргүзүлет.
Биргелешкен контролдоо тобун түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн тартиби
өзүнчө протокол менен аныкталат.
6-статья
Кыргыз Республикасынын же Россия Федерациясынын мамлекеттик аба
кемелери менен болгон, ага эки мамлекеттин авиациялык персоналы
катышкан авиациялык кырсыктарды жана авиациялык чыр-чатактарды
Тараптар биргелешкен комиссия менен териштиришет.
Биргелешкен комиссияны түзүү тартиби, анын ишин фннансылык жана
материалдык-техникалык камсыздоо маселелери жана көрсөтүлгөн
авиациялык кырсыктарды жана авиациялык чыр-чатактарды териштирүү
тартиби өзүнчө Макулдашуу менен аныкталат.
7-статья
Бул Макулдашууну ишке ашырууда Тараптар 2003-жылдын 19-
сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия
Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашырын маалыматтарды өз ара
коргоо жөнүндө макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасында жана Россия
Федерациясында мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды ббришет жана
сактоону камсыз кылышат.
Жашырын маалыматтарды берүү Тараптардын мамлекеттеринин улуттук
мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Жашырын маалыматтарды берүү фактылары
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын протоколдору менен
белгиленет.
Берилчү жашырын маалыматтарга Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары
тарабынан төмөнкүлөрдөн кем эмес чектөө белгиси коюлат:
Кыргыз Республикасында - «Кызматтык пайдалануу үчүн»;
Россия Федерациясында - «Кызматтык пайдалануу үчүн».
Тараптардын биринин жашырын маалыматты алган ыйгарым укуктуу органы
өзүнүн мамлекетинин мыйзамына ылайык аны коргоону камсыздайт. Бул
маалымат аны берген Тараптын жазуу жүзүндөгү мякулдугусуз үчүнчү
Тарапка берилиши мүмкүн эмес.
8-статья
Россия Тарап мүмкүн болсо Кыргыз Тарапка төмөнкүлөргө жардам
көрсөтөт:
авиациялык кырсыктарды жана авиациялык чыр-чатактарды россиялык
адистерди жана учуу боюнча лабораторияларды тартуу менен изилдөөгө;
авария болгон техниканы изилдөөнүн алдыњкы методдорун оздөштүрүүтө;
учуулардын коопсуздук органдарынын адистерин окутууну жана кесиптик
даярдыгын жогорулатууиу уюштурууга.
Жардам көрсөтүү тартиби жана шарттары (анын ичинде ушул ишти
финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелери) өзүнчө
макулдашуулар менен аныкталат.
9-статья
Тараптардын макулдугу боюнча бул Макулдашууга Макулдашуунун
ажырагыс бөлүгү болуучу өзунчө протоколдор менен таризделүүчү
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
10-статья
Бул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө байланышкан маселелер
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда кењешүү жана
сүйлөшүү жолу менен чечилет.
11-статья
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш
жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгер тийиштуү мезгил бүтөөрдөн алты ай мурда
Тараптардын бири аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка
кабарлабаса, анын жарактуулугу кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн
өзү узартылат.
200__-жылдын «___»_______ ___________ шаарында ар бири кыргыз жана
орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү жана эки текст тењ бирдей күчкө
ээ®
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Коргоо
Коргоо министрлиги үчүн министрлиги үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.