Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүруү министрлигине караштуу „Түндүк“ мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 30-апрели № 245 Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүруү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2025-жылдын 13-августундагы № 490 , 2026-жылдын 11-мартындагы № 173 токтомунун редакциясына ылайык)
Электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүнү талаптагыдай жана натыйжалуу техникалык координациялоо, ошондой эле Кыргыз Республикасын санариптештирүү чөйрөсүндө стратегиялык маанилүү техникалык милдеттерди аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Мекеме) түзүлсүн.
2. Мекеме жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мекеме электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн төмөнкү элементтеринин оператору болуп аныкталсын:
- «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы;
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы;
- Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы;
- Бирдиктүү идентификациялоо системасы;
- Электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн реестри;
- Базалык маалыматтык ресурстардын реестри.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 «Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасына» деген сөздөр «Түндүк» мамлекеттик мекемесине» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31 -декабрындагы № 745 «Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнундө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы» деген сөздөр «Түндүк» мамлекеттик мекемеси» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-мартындагы N 173 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-пункттун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
9. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 490 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы Мекеменин балансына төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн элементтерин («Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын, Бирдиктүү идентификациялоо системасын, Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын, Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасын, Улуттук мониторинг системасын, Электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн реестрин, Базалык маалыматтык ресурстардын реестрин);
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Түндүк» мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруунун натыйжасында мурда алынган жабдууларды жана негизги каражаттарды.
11. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы жабдууларды жана негизги каражаттарды Мекеменин балансына өткөрүп берүүсү. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 288-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган берүү болуп саналары белгиленсин.
12. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнундө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгертүүлөрдү белгиленген тартипте карасын;
- маалыматтык системалардын иштешин жана Мекеменин ишин камсыздоо үчүн Мекеме тарабынан берилген өлчөмдөгү финансы каражаттарын жыл сайын республикалык бюджетте карасын.
13. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Мекемени туруктуу жайгаштыруу үчүн жалпы аянты 421 кв.м болгон, Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 96 дарегинде жайгашкан жайга Мекемени жайгаштырсын.
14. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлгөн Мекемени юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
15. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
16. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
2-тиркеме «239-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Санаринтик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№
Кызмат орундарынын аталышы
Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен)
1
Директор
120000
2
Директордун орун басары
115000
3
Долбоордун координатору
110000
4
Архитектор
130000
5
Дизайнер
80000
6
Башкы бизнес-аналитик
100000
7
IТ-аналитик
90000
8
Бизнес-аналитик
70000
9
Башкы программист
120000
10
Программист
95000
11
Кенже программист
75000
12
Системалык администратор
100000
13
Маалыматтык коопсуздук боюнча адис
90000
14
Тууралоо, долбоорлоо жана тестирлөө боюнча адис
70000
15
IТ-юрист
55000
16
Бухгалтер
55000
17
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис
30000
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине ушул токтомдун 1-пунктунун бешинчи абзацы жана 2-пункту колдонулбайт; Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине эмгектин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көтөргөндүгү, ченемделбеген жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 50% өлчөмүндө пайыздык үстөк төлөнөт».
3-тиркеме «2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башкаруу схемасы
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги
Министрликтин коллегиясы Министрликтин жетекчилиги Борбордук аппарат
Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат
Архив кызматы
Качкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти
«Түндүк» мамлекеттик мекемеси
“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы
“Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасы
«Инфоком» мамлекеттик ишканасы
Аймактык бөлүмдөр
Аймактык бөлүмдөр
Филиалдар
Аймактык бөлүмдөр
Ведомстволук бөлүмдөр
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (10)
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставы "КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтомуна"Устав · 15.11.2021 · № 257
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 "Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.10.2019 · № 525
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 745 "Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 31.12.2019 · № 745
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июну № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2021 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 257
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемеси жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги…Положение · 30.04.2022 · № 245
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым…Постановление · 13.08.2025 · № 490
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик…Постановление · 06.04.2015 · № 197 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 748 "Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2019 · № 748 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз…Постановление · 01.08.2022 · № 434 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (10)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июну № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2021 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 "Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.10.2019 · № 525
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 745 "Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 31.12.2019 · № 745
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым…Постановление · 13.08.2025 · № 490
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-марты № 173 "Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жобону жана Мамлекеттик органдардын…Постановление · 11.03.2026 · № 173
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 31.12.2022 · № 130
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз…Постановление · 01.08.2022 · № 434 · Күчүн жоготкон
10 ичинен 9 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу ЭРЕЖЕЛЕ- РИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы N 525 токтомуна)Правила · 07.10.2019 · № 525
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.01.2022 · № 1
- Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 745 токтомуна) жобоПоложение · 31.12.2019 · № 745