Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2019-жылдын 31-декабры № 745 Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245, 2025-жылдын 22-октябрындагы № 691 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасын түзүү жана жарандар менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. "Түндүк" ачык акционердик коому электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасынын оператору болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245, 2025-жылдын 22-октябрындагы № 691 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы үчүн автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгууга Техникалык тапшырманы иштеп чыксын жана бекитсин.
4. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасы бекитилген Техникалык тапшырмага ылайык электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы үчүн автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыксын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июлундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын санариптештирүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларын уюштуруу жана башкаруу маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы үчүн автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгууга финансы каражаттарын бөлүп берүүнү камсыз кылсын;
- жыл сайын электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасынын иштешин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү өлчөмдө "субсидиялар" беренеси боюнча жалпы мамлекеттик иш-чараларды ишке ашырууга республикалык бюджетте финансы каражаттарын карасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-январындагы № 8 (3080) жарыяланды
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июну № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2021 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүруү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемесин…Постановление · 30.04.2022 · № 245
- Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 745 токтомуна) жобоПоложение · 31.12.2019 · № 745
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 691 "Түндүк" ачык акционердик коомунун ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана…Постановление · 22.10.2025 · № 691
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №245 токтомуПостановление · 30.04.2022 · № 245
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июлундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын санариптештирүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларын уюштуруу жана башкаруу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 04.07.2019 · № 340 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.