Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемеси жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди) жобо
1 –тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтому менен бекитилди)
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
2. Мекеменин максаттары, милдеттери жана функциялары
3. Мекеменин укуктары жана милдеттери
4. Мекемени башкаруу
5. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
6. Мекеменин мүлкү
7. Мекемени жоюу жана кайра уюштуруу
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Мекеме) оперативдүү башкаруу укугуна негизделген мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Мекеме Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук мекемеси болуп саналат.
3. Мекеме өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Жобо Мекеменин уюштуруучу документи болуп эсептелет. Мекеменин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
5. Мекеменин ишин Министрлик контролдойт.
6. Мекеме өзүнүн фирмалык аталышына ээ:
- мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемеси»;
- расмий тилде: «Государственное учреждение «Тундук» при Министерство цифрового развития Кыргызской Республики»;
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: «Түндүк» ММ;
- расмий тилде: ГУ «Тундук».
7. Мекеме чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк, мүлктүк эмес жана жеке укуктарды алууга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
8. Мекеме белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында жана чет өлкөлүк банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
9. Мекеменин мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана визуалдык жекелештирүүнүн башка каражаттары бар.
10. Мекеме оперативдүү башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга жана аны Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте пайдаланууга милдеттүү.
11. Мекеменин юридикалык дареги: 720044, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиев көч., 96.
2. Мекеменин максаттары, милдеттери жана функциялары
12. Мекеменин максаты Кыргыз Республикасында электрондук башкаруу жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын ортосунда электрондук өз ара аракеттенүү системасын ишке киргизүүдө, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматта берүүдө техникалык координациялоону камсыз кылуу болуп саналат.
13. Мекеменин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- электрондук башкарууну ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын ишин техникалык координациялоону камсыз кылуу;
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында институттук ишке киргизүүнү камсыздоо жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдаланууга берүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнү оптималдаштыруу үчүн, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды аткарууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүү процесстерин өзгөртүүгө катышуу;
- «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын (мындан ары - «Түндүк» ЭВӨС), Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын, Бирдиктүү идентификациялоо системасын, Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасын, Электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн реестрин, Базалык маалыматтык ресурстардын реестрин пайдаланууга берүү жана башкаруу;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын маалыматтык системаларын «Түндүк» ЭВӨСкө кошууну камсыз кылуу;
- берилүүчү маалымат «Түндүк» ЭВӨСкө келип түшкөн учурдан тартып ал «Түндүк» ЭВӨСкө кошулган маалыматтык системага берилгенге чейин аталган маалыматты санкциясыз алуудан, аны бурмалоодон же бөгөт коюудан коргоону камсыз кылуу;
- «Түндүк» ЭВӨСтүн алкагында электрондук башкарууну жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылуу;
- маалыматтык системаларды иштеп чыгууну жана иштешин камсыз кылуу.
14. Мекеменин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) электрондук башкарууну ишке киргизүүнү техникалык координациялоо боюнча функциялар:
- электрондук башкарууну ишке ашырууда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин, уюмдардын ишин техникалык координациялоо;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы талаптарды иштеп чыгууга катышуу;
- электрондук башкаруу архитектурасын методологиялык камсыздоо жана өнүктүрүү;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана пайдалануу боюнча ишинин натыйжалуулугуна, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматта көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүүгө катышуу;
- электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана пайдалануу, электрондук башкаруунун техникалык жана технологиялык негиздерин өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүн түзүү жана өнүктүрүү боюнча долбоорлорду башкарууга катышуу;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, уюмдар электрондук башкарууда пайдаланган электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүн түзүүдө жана өнүктүрүүдө мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык жардам көрсөтүү;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларынын программалык камсыздоосун, баштапкы программалык коддорун (бар болсо) жана лицензиялык программалык камсыздоосунун тууралоо комплексин эсепке алуу;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө инвестициялык жана инновациялык активдүүлүккө дем берүүгө катышуу;
- бирдиктүү маалыматтык-коммуникациялык чөйрөнү, маалыматтык ресурстарды, системаларды жана стандарттарды түзүүгө катышуу;
- Евразия экономикалык бирлигине катышкан мамлекеттердин маалыматтык технологиялар жаатындагы техникалык стандарттарын иштеп чыгууга катышуу;
- электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга жана мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында санариптештирүү процесстерин ишке киргизүүгө катышуу;
- маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана иштешин камсыз кылуу;
- Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасынын, Электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн реестринин, Базалык маалыматтык ресурстардын реестринин, Улуттук мониторинг системасынын иштешин камсыз кылуу.
2) «Түндүк» ЭВӨСтү пайдалануу жана башкаруу боюнча функциялар:
- «Түндүк» ЭВӨСтүн администраторунун функцияларын жүзөгө ашыруу;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын, юридикалык жана жеке жактардын маалыматтык системаларынын «Түндүк» ЭВӨСтө өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле маалыматтык системаларды «Түндүк» ЭВӨСкө кошууну уюштуруу жана координациялоо;
- «Түндүк» ЭВӨСтүн катышуучуларынын маалыматтык системаларынын администраторлоруна методологиялык колдоо көрсөтүү;
- «Түндүк» ЭВӨСтү колдонууга мониторинг жүргүзүү;
- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик мекемелерге жана ишканаларга, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга «Түндүк» ЭВӨСкө байланышкан маселелер боюнча консультация берүү, ошондой эле тиешелүү окууларды өткөрүү;
- «Түндүк» ЭВӨСтү колдонуунун отчеттуулугун жана статистикасын жүргүзүү;
- маалыматтык системаларды, ресурстарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү чечимдеринин каталогунда каттоо;
3) Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын (мындан ары - Портал) иштешин камсыз кылуу боюнча функциялар:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизүү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты Порталга электрондук формада жайгаштыруу;
- жаңылоо жана техникалык иштерди жүргүзүү менен байланышкан учурларды кошпогондо, Порталга күнү-түнү кирүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу;
- Порталга жайгаштырылуучу жеке маалыматты уруксатсыз өзгөртүүдөн же жок кылуудан коргоо;
- Порталга кирүү фактылары жөнүндө маалыматтарды жазуу жана сактоо;
- Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасына Портал аркылуу кирүүнү камсыздоо;
4) Бирдиктүү идентификациялоо системасын (мындан ары - БИС) иштеп чыгууну жана иштешин камсыз кылуу боюнча функциялар:
- электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык БИСте пайдаланылуучу идентификациялоо, аутентификациялоо, авторлоштуруу методдорун жана ыкмаларын аныктоого катышуу;
- электрондук башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды эске алуу менен БИСти түзүү, өнүктүрүү (жаңылоо) жана иштетүү;
5) киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча функциялар:
- Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик маалыматтык системалардын жана маалыматтык технологиялардын киберкоопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга катышуу (Мекеменин компетенциясынын чегинде);
- мамлекеттик маалыматтык системалардын киберкоопсуздугун, алардын бүтүндүгүн, жеткиликтүүлүгүн жана купуялуулугун камсыз кылуу, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында маалыматтык технологияларды колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү.
3. Мекеменин укуктары жана милдеттери
15. Мекеме өз ишинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- өзүнүн маалымат базасында мамлекеттик сырга кирген маалыматты камтыган жана электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына кирбеген мамлекеттик маалыматтык системаларды кошпогондо, «Түндүк» ЭВӨС аркылуу маалымат алмашуу жана электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн башка элементтерин алмашуу, ошондой эле электрондук башкаруунун милдеттерин ишке ашыруу максатында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларына кирүү мүмкүндүгүн алууга;
- электрондук башкаруу инфратүзүмүн түзүү, өзгөртүү жана жаңылоо боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мекемелерге, ишканаларга жана уюмдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү процесстерин оптималдаштыруу жана санариптештирүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- электрондук башкаруунун программалык камсыздоосун жана инфратүзүмүн түзүү жана өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырмаларды жана техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгууга;
- маалыматтык системаларды иштеп чыгууга, жеткире иштеп чыгууга, жаңылоого жана ишке ашырууну жана өнүктүрүүнү коштоого;
- маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу үчүн программалык продуктуларды түзүүгө, тестирлөөгө жана өнүктүрүүгө;
- Мекеменин долбоорлорун ишке ашыруу үчүн эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Мекемеде иштерди аткаруу үчүн жеке жактарды ишке тартууга;
- кызматкерлерди, анын ичинде Мекеменин жетекчилигин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышууга жиберүүгө;
- өз милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, кызматташууга жана белгиленген тартипте эл аралык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
- өзүнчө мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга, милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- юридикалык жана жеке жактар менен жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардан материалдык ресурстарды, мүлктү сатып алууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик маалыматтык системалардын, ресурстардын, маалымат базаларынын коопсуздугун, алардын бүтүндүгүн, жеткиликтүүлүгүн жана купуялуулугун камсыз кылуу, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүгө;
- калкка, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчиктин уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактарга өз компетенциясынын алкагында кызмат көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардан материалдык ресурстарды, мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды накталай эмес жана накталай эсептешүү менен сатып алууга;
- юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары юридикалык жана жеке жактардан коммерциялык жана башка негизде алынган кредиттик каражаттарды Министрликтин макулдугу менен пайдаланууга;
- монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аткарылуучу иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди (бааларды) бекитүүгө;
- жарнама берүүчү катары чыгууга.
16. Мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык функцияларды жана милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү.
4. Мекемени башкаруу
17. Мекеменин кирешелер жана чыгымдар сметалары Министрлик менен макулдашылат.
18. Мекеменин ишин Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
19. Директордун бир орун басары болот, ал Мекеменин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Мекеменин директору жок учурда директордун орун басары Мекеменин директорунун милдетин аткарат.
20. Мекеменин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу, жеке мүнөздөгү маалымат, электрондук кол тамга жана киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу мүмкүндүгүнө ээ жана аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
21. Мекеменин директору:
- Мекеменин ишин жетектейт жана Мекемеге жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана анын ишинин жыйынтыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар тарабынан Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрине маалымат берет;
- Мекеменин атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт, бардык мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелерде Мекеменин кызыкчылыгын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- өз компетенциясынын чегинде Мекеменин бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Мекеменин кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Мекеменин түзүмүн, штаттык ырааттамасын бекитет;
- Мекеменин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Мекеменин кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын колдонот;
- Мекеменин милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон, ушул Жободо белгиленген башка иш-аракеттерди аткарат.
5. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
22. Мекеме өз ишин Министрлик менен макулдашылган жылдык иш пландын негизинде жүргүзөт.
23. Мекеменин иш пландарынын негизин Мекеменин жеткирүүчүлөр менен мамилесин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
24. Мекеме келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбачылык өз ара мамилелердин бардык башка шарттарын аныктоодо эркин.
25. Мекеме өз ишинин жыйынтыктарынын бухгалтердик эсебин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика жана бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
26. Мекеме компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана маалыматты жыйноонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
6. Мекеменин мүлкү
27. Мекеменин мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат.
Мекеме өз ишинин максаттарына, менчик ээсинин тапшырмаларына жана мүлктүн багытына ылайык мүлктү пайдаланууга укуктуу.
28. Мекеменин каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык бюджет;
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- гранттык жана кредиттик каражаттар;
- эл аралык уюмдардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- өзүнүн мүлкүн пайдалануудан алынган пайда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кирешелер.
29. Мекеменин финансылык-чарбалык ишинен түшкөн кирешелеринин же башка булактардын эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат.
7. Мекемени жоюу жана кайра уюштуруу
30. Мекемени жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
31. Жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
32. Мекеменин иш процессинде пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүруү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемесин…Постановление · 30.04.2022 · № 245
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021