Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-августу № 490
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 304 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 5, 7-пунктчалары;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” токтомунун 9-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 116 “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруу маселелери жөнүндө” токтомунун 2-пункту.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын иши токтотулган учурдан тартып күчүнө кирүүчү 3-пунктун кошпогондо, ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий гезитинин 2025-жылдын 15-августундагы № 61 (3717) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 257
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүруү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемесин…Постановление · 30.04.2022 · № 245
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 116 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.03.2024 · № 116
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июну № 308 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым…Постановление · 02.06.2025 · № 308
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 257
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүруү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемесин…Постановление · 30.04.2022 · № 245
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 116 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.03.2024 · № 116
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июну № 308 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым…Постановление · 02.06.2025 · № 308
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 304 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесин түзүү…Указ · 25.10.2024 · № 304
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15