Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 7-октябры № 525 Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 573, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2025-жылдын 22-октябрындагы № 691 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жеке жана юридикалык жактарга электрондук форматта көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө", "Электрондук колтамга жөнүндө", "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. "Түндүк" ачык акционердик коомуна" (мындан ары - оператор) Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын техникалык коштоого ыйгарым укук берилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245, 2025-жылдын 22-октябрындагы № 691 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же "Түндүк" мобилдик тиркемеси менен санариптик форматта берилген документтер өз колу менен кол коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документтер менен бирдей юридикалык күчкө ээ деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети эки жумалык мөөнөттө Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталына кошулуу тартибин бекитсин,
4. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор:
- 2020-жылдын аягына чейинки мөөнөттө Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитишсин.
5. Муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүү жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү боюнча зарыл болгон чараларды көрүү сунушталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын техникалык тейлөөнү Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде тиешелүү жылга каралган финансы каражаттарынын чегинде өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 134 "Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 84 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (84)
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат…Стандарт · 29.01.2024 · № 2-Д
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын 2025-жылдын 12-декабрындагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана ведомстволук мекемелери тарабынан…Приказ · 12.12.2025 · № 305
- Калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2024-жылдын 19 сентябрындагы № 5-д буйругу…Стандарт · 19.09.2024 · № 5-д
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат…Стандарт · 22.10.2025 · № 10-1/283
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат…Стандарт · 22.10.2025 · № 10-1/283
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, анын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга…Стандарт · 23.10.2025 · № 291
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат…Стандарт · 22.10.2025 · № 10-1/283
- Кыргыз Республикасынын Айыл Чарба Министирлигинин 2023-жылдын 06-июнундагы № 223-ни "Ветеринария жаатындагы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселелери жөнүндө" буйругуПриказ · 06.06.2023 · № 223-ни
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат…Стандарт · 22.10.2025 · № 10-1/283
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат…Стандарт · 22.10.2025 · № 10-1/283
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат…Стандарт · 22.10.2025 · № 10-1/283
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту (1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министирлигинин 2023-жылдын 7-сентябрындагы № 4-д буйругу менен бекитилди)Стандарт · 07.09.2023 · № 4-д
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат…Стандарт · 22.10.2025 · № 10-1/283
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан маалымат берүү жаатында көрсөтүлүүчү…Приказ · 07.11.2025 · № 1
- “Жеке жана юридикалык жактардын билдирүүсү боюнча ветеринардык дары-дармек каражаттарынын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү” жөнүндө мамлекеттик кызмат…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- «Жерге орноштуруу иштерин тариздөө жана жер участокторуна укугун күбөлөндүрүүчү документтерди берүү» жөнүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти ( Кыргыз…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- “Топография-геодезиялык, сүрөткө тартуу жана картографиялык иштер боюнча материалдарды берүү” жөнүндө Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти (Кыргыз…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июну № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2021 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүруү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемесин…Постановление · 30.04.2022 · № 245
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Кыргыз Республикасынын…Стандарт · 14.08.2023 · № 436
84 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-марты № 134 "Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.03.2018 · № 134 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-августундагы № 125 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары маселелери боюнча Кыргыз…Постановление · 12.08.2021 · № 125
- Электрондук башкаруу жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 127 · Күчүн жоготкон
- Электрондук колтамга жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 128 · Күчүн жоготкон