Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11- сентябрындагы № 468 «Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 11- сентябры № 468 Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643, 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128, 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2021-жылдын 19-октябрындагы № 224, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257, 2022-жылдын 1-февралындагы № 46, 2022-жылдын 7-февралындагы № 61, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 534, 2022-жылдын 3-октябры № 544, 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2023-жылдын 4-майындагы № 242 , 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 582, 2025-жылдын 9-июнундагы № 325 ,
2025-жылдын 15-октябрындагы № 666 , 2025-жылдын 25-декабрындагы № 831 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик ишканаларды иштетүүнүн, кайрадан уюштуруунун жана жоюунун бирдиктүү ченемин белгилөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган уюмдар алты айлык мөөнөттө:
- ведомстволук мамлекеттик ишканалардын уставдарын ушул токтомго шайкеш келтирүү боюнча чараларды көрүшсүн;
- ведомстволук мамлекеттик ишканалар тарабынын өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарын иштеп чыгууну камсыз кылышсын;
- ведомстволук мамлекеттик ишканалардын директорунун кызмат ордуна талапкерлерге карата квалификациялык талаптарды бекитишсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд алты айлык мөөнөттө:
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- ар бир мамлекеттик ишкана үчүн директордун жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитсин;
- мамлекеттик ишкананын жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасына ылайык мамлекеттик ишканалардын директорлору менен эмгек келишимдерин түзүүнү камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
5. 2021-жылдын 1-январына чейин мамлекеттик ишканаларды түзүүгө мораторий киргизилсин.
51. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
52. Ушул токтомдун колдонулушу "Чоң-Алайкөмүр", Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор", Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы "Фемида" пансионаты" жана "Ак-Талаа көмүр" жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканаларына жайылтылбайт деп белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 582, 2025-жылдын 9-июнундагы № 325 , 2025-жылдын 25-декабрындагы № 831 токтомдорунун редакциясына ылайык )
53. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы 2021-жылдан тартып 2030-жылды кошо алгандагы мезгилде иштин жыйынтыгы боюнча бюджетке таза кирешенин 50 пайызын төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-февралындагы № 46, 2025-жылдын 15-октябрындагы № 666 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
54. Бардык мамлекеттик ишканалар 2022-жылдан тартып 2030-жылды кошо алган мезгил үчүн иштин жыйынтыгы боюнча таза пайдасынын 50 пайызын бюджетке төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 831 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо каралган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилүүчү жана мамлекеттик ишканаларды уюштуруучуга киргизилүүчү документтердин толуктугу, өз убагында жана аныктыгы, ошондой эле тиешелүү жумуштарды жүргүзүү үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик ишканалардын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.";
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө” токтомунун
2, 3-пункттары жана 4-пунктунун экинчи абзацы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 “Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө” токтомунун 1 жана 2-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 3 жана 7-пункттары.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 20 · цитата келтиргендер: 51 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (51)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.02.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана…Постановление · 06.06.2007 · № 211
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Уставы (Кыргыз Республикасынын…Устав · 17.05.2024 · № 252
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 346
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июну № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2021 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 257
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтому менен бекитилген "Мамлекеттик ишканалар жөнүндө " жобоПоложение · 11.09.2019 · № 468
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июну № 307 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке…Постановление · 19.06.2023 · № 307
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 "Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз…Постановление · 24.12.2021 · № 341
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-июлундагы № 365 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Кыргыз…Постановление · 21.07.2023 · № 365
- "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 310 токтомуна)Устав · 02.06.2025 · № 310
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 831 "Мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 25.12.2025 · № 831
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19- октябрындагы № 224 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасын түзүү…Постановление · 19.10.2021 · № 224
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-февралындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы"…Постановление · 01.02.2022 · № 46
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-октябрындагы № 666 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу"…Постановление · 15.10.2025 · № 666
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 61 "Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясына ведомстволук көмүр казуучу мамлекеттик ишкананы түзүү…Постановление · 07.02.2022 · № 61
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралы № 74 "Суу чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларды түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.02.2026 · № 74
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтому 2023-жылдын 29-апрели № 232 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Курулуш-монтаждоо башкармалыгы" мамлекеттик…Постановление · 29.04.2023 · № 232
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө Кыргыз…Постановление · 07.10.2024 · № 600
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 684 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу…Постановление · 21.12.2023 · № 684
51 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (20)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.02.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана…Постановление · 06.06.2007 · № 211
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июну № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2021 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине…Постановление · 08.04.2021 · № 133
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттерди башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 20.07.2012 · № 513 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
20 ичинен 7 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" санариптештирүү жана маркетинг борбору" мамлекеттик ишканасынын…Устав · 07.03.2024 · № 98
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2020 · № 82
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 134 · Күчүн жоготкон