Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Ташкөмүр» жоопкерчилиги чектелген коомун Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-августу № 495
"Ташкөмүр" жоопкерчилиги чектелген коомун Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү маселелери жөнүндө
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбалык коомдорду натыйжалуу башкаруу максатында, "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
1) "Ташкөмүр" жоопкерчилиги чектелген коомунун мамлекеттик үлүшүнүн 96,94 пайызын Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
2. Таш-Көмүр шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) "Ташкөмүр" жоопкерчилиги чектелген коомунун мамлекеттик үлүшүнүн 96,94 пайызын муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн "Ташкөмүр" жоопкерчилиги чектелген коомунун мамлекеттик үлүшүнүн 96,94 пайызын андан ары ээликтен ажыратпоо жана аны жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыгында пайдалануу;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Уставдык капиталдарындагы акциялардын (үлүштүн) мамлекеттик пакети "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомуна ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилүүчү чарбалык коомдордун тизмесинде:
- 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндөЗакон · 22.05.2018 · № 51
- “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 токтомуна)Устав · 24.12.2021 · № 341 · Күчүн жоготкон