Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Уставдык капиталында акциялардын мамлекеттик пакетибар чарбалык коомдо корпоративдик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-апрели № 260
Уставдык капиталында акциялардын мамлекеттик пакети бар чарбалык коомдо корпоративдик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө
Мамлекеттин катышуу үлүшү бар айрым чарбалык коомдордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунда акционер катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 4-пункттун 21-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 30 (3790) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 токтомуна)Устав · 24.12.2021 · № 341 · Күчүн жоготкон