Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
“Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 27 февраля 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые постановления Кабинета Министров Кыргызской Республики, регулирующие деятельность открытого акционерного общества "Кыргызиндустрия""» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-02-27.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 84 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 токтомуна)
“Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун
уставы
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 148 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коому (мындан ары – “Коом”) коммерциялык уюм болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, башка ченемдик укуктук актыларга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык түзүлгөн.
2. Коом өзүнүн ишин Коомдун Уставынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын негизинде ишке ашырат.
3. Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак катары түзүлдү деп саналат. Коом иштөө мөөнөтү чектелбестен түзүлөт.
4. Коомдун толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коому;
– расмий тилде: Открытое акционерное общество “Кыргызиндустрия”;
– англис тилинде: “Kyrgyzindustry” Open Joint Stock Company”.
Коомдун кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде – “Кыргызиндустрия” ААК;
– расмий тилде – ОАО “Кыргызиндустрия”;
– англис тилде – “Kyrgyzindustry” OJSC”.
5. Коомдун уюмдаштыруучусу жана жалгыз акционери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат (мындан ары – Коомдун Жалгыз акционери).
2-глава. Коомдун юридикалык статусу, укуктары жана милдеттери
6. Коом юридикалык жак болуп саналат, обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын жана анын аймагынан тышкары банктарда корреспонденттик, алыш-бериш, валюталык жана башка эсептери бар.
7. Коом – ачык акционердик коомдун формасында түзүлгөн коммерциялык уюм.
8. Коомдун мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн фирмалык аталышы жазылган тегерек мөөрү жана штамптары бар, өзүнүн фирмалык аталышы жазылган бланктары, жеке эмблемасы, ошондой эле белгиленген тартипте катталган товардык белгиси жана башка визуалдык идентификациялык каражаттары бар.
9. Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкаруу формасын аныктоо, чарбалык чечимдерди кабыл алуу, продукцияларды сатуу жана кызматтарды көрсөтүү, бааларды, эмгек акыны белгилөө, таза пайданы бөлүштүрүү маселелеринде толук чарбалык өз алдынчалуулукка ээ. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Коомдун ишин контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча укугун козгобосо, анда Коомдун чарбалык жана башка иштерине мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
10. Коом жеке менчик укугунда өзүнө таандык болгон мүлкүнүн менчик ээси болуп саналат жана ишинин максаттарына, мүлктүн багытына ылайык менчик укугун ишке ашырат.
11. Коом өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алат, жарандык жүгүртүүгө катышат, жоопкерчилик тартат, сотто доогер жана жоопкер болот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ар кандай бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу.
12. Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүп алынышы мүмкүн болгон өзүнүн бардык мүлктүк милдеттенмелери менен жоопкерчиликке тартылат.
13. Мамлекет өзү милдеттенмелерди мойнуна алган учурду кошпогондо, Коом мамлекеттин милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт, ошондой эле мамлекет Коомдун милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.
14. Коом Коомдун Жалгыз акционеринин милдеттенмелери боюнча, ал эми Коомдун Жалгыз акционери Коомдун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал өзүнө таандык болгон акциялардын наркынын чегинде Коомго байланыштуу чыгымдарга учуроо тобокелдигин гана тартат.
15. Эгерде Коомдун кудуретсиздиги (банкроттугу) Коомдун Жалгыз акционеринин же Коом үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүү укугуна же башка түрдө анын аракеттерин аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон башка жактын аракетинен (аракетсиздигинен) келип чыкса, анда Коомдун мүлкү жетишсиз болгон учурда Коомдун Жалгыз акционерине же башка жактарга анын милдеттенмелери боюнча субсидиардык жоопкерчилик жүктөлүшү мүмкүн.
16. Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык иштерин өз алдынча ишке ашырууга укуктуу.
17. Коом коммерциялык сыр укугуна ээ. Коммерциялык сырды түзүүчү маалыматтардын курамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Коомдун Аткаруучу органы тарабынан аныкталат.
18. Коом төмөнкү укуктарга ээ, бирок алар менен эле чектелбейт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставдын жоболоруна ылайык Коомду жоюу же кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алынбаса, чектелбеген мөөнөткө иштөөгө;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставдын жоболорунда белгиленген тартипте акцияларды жана башка баалуу кагаздарды чыгарууга, жайгаштырууга, алууга, сатып алууга, сатууга;
3) Өз алдынча же башка коомдор менен биргеликте чарбалык шериктиктерди жана коомдорду, ассоциацияларды жана бирикмелерди, анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын жана юридикалык жактардын катышуусунда түзүүгө, ошондой эле эл аралык, коомдук, кооперативдик жана башка уюмдар менен кызматташууга жана ишине катышууга.
4) эгерде Кыргыз Республикасынын ратификацияланган эл аралык келишимдеринде башкача каралса, Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын аймагынан тышкары туунду жана көз каранды коомдорду, филиалдарды түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын же аймагында коом, филиал же өкүлчүлүк түзүлүп жаткан чет мамлекеттердин мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен өкүлчүлүк ачууга;
5) туунду коом юридикалык жак укугуна ээ жана Коом бекиткен уставдардын негизинде иштейт.
6) филиал жана өкүлчүлүк юридикалык жак болуп саналбайт, Коом бекиткен жобонун негизинде иштейт. Филиалга жана өкүлчүлүккө алардын өзүнчө баланстарында, ошондой эле Коомдун балансында эсепке алынган мүлк бөлүп берилет. Филиалдын жана өкүлчүлүктүн жетекчилери Коомдун президенти тарабынан дайындалат жана Коом берген ишеним каттын негизинде иш алып барат.
7) Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле анын аймагынан тышкары чет өлкөлүк жана улуттук валюталарда банктык эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө;
8) келишимдерди, контракттарды жана башка макулдашууларды түзүүгө;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставдын жоболоруна ылайык кыймылсыз жана башка мүлктү сатып алууга, пайдаланууга, ээлик кылууга жана тескөөгө, ижарага алууга жана ижарага берүүгө, сатууга жана башка ыкма менен тескөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бардык бүтүмдөрдү жасоого;
10) Коомдун ишине ылайык кызмат адамдарын жана ыйгарым укуктуу кызматкерлерди, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарды дайындоого, эмгек акы жана сый акы төлөөнүн формаларын, өлчөмдөрүн жана түрлөрүн өз алдынча аныктоого;
11) Коомду өнүктүрүүнүн келечегин эске алуу менен кызматкерлерди ишке кабыл алууга жана алардын санын өзгөртүүгө;
12) башкарууну, анын ичинде кадрларды даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууну, экономикалык иштин формаларын жана методдорун жакшыртууга.
13) Коомдун кызыкчылыгында акчалай ссудаларды берүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Коомдун каражаттарын инвестициялоого жана реинвестициялоого;
14) Коомдун жалпы максаттарын, ошондой эле кеңейтүү, реконструкциялоо жана техникалык жактан жабдуу муктаждыктарын эске алуу менен бирдиктүү өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга;
15) соода, экономикалык, илимий жана техникалык ишти, ошондой эле чет өлкөлүк уюмдар менен кызматташууну жүзөгө ашырууга;
16) Коомдун ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон тендерлерди, анын ичинде эл аралык тендерлерди өткөрүүгө;
17) Коомдун туруктуу финансылык иштеши үчүн зарыл болгон резервдик фонддорду же башка фонддорду түзүүгө;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген тартипте ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө же аны жаңы редакцияда бекитүүгө;
19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык укуктун ченемдеринде каралган бардык ыкмалар менен өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого;
20) белгиленген тартипте Коомдун институттарын жана окутуу борборлорун түзүүгө;
21) Коомдун милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон басылмаларды, теле, видео каналдарды жана интернет-сайттарды белгиленген тартипте ачууга;
22) Коомдун ишин ийгиликтүү жүргүзүү үчүн гранттык, кредиттик жана зайымдык негизде финансылык жана техникалык жардам көрсөткөн эл аралык уюмдар менен келишимдерди түзүүгө;
23) конференцияларга, семинарларга, тегерек столдорго, көргөзмөлөргө, анын ичинде эл аралык институттардын, уюмдардын, коомдордун жана финансы институттарынын катышуусу менен катышууга, барууга жана уюштурууга;
24) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган бардык аракеттерди аткарууга. Коомдун иши Уставда көрсөтүлгөн аракеттер менен гана чектелбейт.
19. Коомдун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жаңы инновациялык өндүрүштөрдү, инфраструктуралык объекттерди уюштуруу жана импортту алмаштырууну камсыздоо аркылуу Кыргыз Республикасынын энергетика жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө байланыштыруу менен өнөр жайды модернизациялоо;
2) чет өлкөлүк уюмдардан, компаниялардан, фирмалардан, чет өлкөлүк финансылык институттардан, ата мекендик юридикалык жана жеке жактардан инвестицияларды тартуу жана стимулдаштыруу;
3) өлкөдө заманбап ишканаларды, мекемелерди, уюмдарды жана жаңы жумуш орундарын түзүү;
4) маалыматтык-аналитикалык камсыздоо жана аларга финансылык колдоо көрсөтүү жолу менен өнөр жай ишканаларынын, мекемелердин, менчиктин ар кандай түрдөгү уюмдардын ишин стимулдаштыруу боюнча чараларды ишке ашыруу;
5) Коомдун төлөөгө жөндөмсүз чарбакер субъекттерин чыңдоо;
6) өнөр жай ишканаларынын, мекемелердин жана уюмдардын абалы жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгуунун, сактоонун жана жайылтуунун автоматташтырылган системаларын санариптештирүүнү өнүктүрүү;
7) долбоордун инвестициялык стадиясынын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, рынокту инвестициялоо алдындагы талдоо жана инвестициялык долбоорду оптималдаштыруу;
8) жаңы жогорку технологиялык продукцияны, техникалык жабдууларды иштеп чыгууга, ишке киргизүүгө жана жеткиликтүү мыкты технологиялардын негизинде инновациялык атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштөрдү түзүүгө багытталган долбоорлорду каржылоонун жана тең каржылоонун жеңилдетилген шарттарын берүүгө көмөктөшүү;
9) ата мекендик жана чет өлкөлүк укук ээлеринен интеллектуалдык иштин натыйжаларына укуктарды (лицензияларды жана патенттерди) алуу;
10) техникалык жабдуу жана модернизациялоо максатында заманбап өнөр жай жана башка жабдууларды алуу жана өндүрүү, ошондой эле аларды монтаждоо, ишке киргизүү жана инновациялык продукцияны сериялык чыгарууга даярдоо боюнча башка иш-чараларды жүргүзүү;
11) менчиктин ар түрдүү формасындагы жаңы уюмдарды, мекемелерди жана коомдорду ачуу;
12) ишкер субъекттерине инжиниринг кызматтарын көрсөтүү;
13) Коомдун ишин өркүндөтүү жана өнүктүрүү;
14) Коомдо коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө багытталган коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча ырааттуу жана системалуу иштерди жүргүзүү;
15) Коомдун ишинде ачык-айкындуулукту камсыздоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 148 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Коомго жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй негизги функцияларды ишке ашырат:
1) энергетика жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө байланыштыруу менен өнөр жай саясатын жана банкроттук (кудуретсиздик) механизмин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо жана киргизүү;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өнөр жайда жана ишкердикти өнүктүрүү жаатындагы программаларын ишке ашыруу;
3) Кыргыз Республикасында өнөр жай, ишкердик жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү ишкердик субъекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген каалагандай формада, анын ичинде зайымдар, гранттар, чарба жүргүзүүчү субъекттердин уставдык капиталына салым, финансылык ижара (лизинг) түрүндө финансылык жана башка колдоо көрсөтүү;
4) кызыкдар болгон жактардын кайрылуусу боюнча долбоордун маркетингдик стратегиясын иштеп чыгуу деңгээлине, өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүүдө илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин натыйжаларын киргизүү перспективаларына экспертиза жүргүзүү;
5) техникалык, экономикалык, финансылык, инвестициялык, юридикалык, маркетингдик жана уюштуруучулук-башкаруу экспертизасын камтыган финансылык колдоо көрсөтүү үчүн өнөр жай жана ишкердик чөйрөсүндөгү иштин субъекттеринин долбоорлорун белгиленген тартипте тандоо жана экспертизасын жүргүзүү;
6) Кыргыз Республикасында индустриалдык парктарды, технопарктарды, өнөр жай региондорун, аймактык өндүрүштүк кластерлерди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
7) Кыргыз Республикасында өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышуу;
8) Кыргыз Республикасынын өнөр жай жана ишкердик тармактарынын, анын ичинде банкрот болгон ишканалардын, менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын абалы, аларды өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө санариптик системалардын маалыматтар базаларын, банктарын жана маалыматтык ресурстарын түзүү, жүргүзүү жана пайдаланууну уюштуруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 148 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Коомдун ишинин максаты жана түрлөрү
21. Коомду түзүүнүн жана ишинин негизги максаты пайда алуу болуп саналат.
22. Коомдун ишинин негизги түрү: иштетүү өндүрүшү (иштетүү өнөр жайы).
Коом иштердин төмөнкүдөй башка түрлөрүн жүзөгө ашырат:
1) продукциялардын техникалык, курулуш жана башка түрлөрүн өндүрүү;
2) элдик керектөө товарларын өндүрүү;
3) тамак-аш азыктарын өндүрүү;
4) полиграфиялык кызмат көрсөтүүлөр, жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюмдары;
5) баалуу кагаздар рыногунда кесиптик иш: брокердик иш; дилердик иш; баалуу кагаздарды ишенимдүү башкаруу боюнча иш; инвестициялык консультант катары иш;
51) жер казынасын пайдалануу: пайдалуу кендерди чалгындоо, казуу жана кайра иштетүү, анын ичинде пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү;
52) инфраструктуралык объекттерди куруу жана реконструкциялоо;
53) электр энергетика объекттерин куруу жана реконструкциялоо;
54) транспорттук логистика;
6) башка топторго кирбеген бизнести колдоого багытталган кошумча иштер;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана уставдык максаттарга шайкеш болгон иштин башка түрлөрү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 148 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Атайын уруксаттарды (лицензияларды) талап кылган иштин түрлөрүн Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиялардын негизинде жүзөгө ашырат.
4-глава. Уставдык капитал.
Коомдун мүлкү жана каражаттары
24. Коомдун уставдык капиталы 1 000 000 000,0 (бир миллиард) сомду түзөт, ал бир акциянын номиналдык наркы 1 000,0 (бир миң) сомду түзгөн 1 000 000 (бир миллион) даана жөнөкөй акцияларга бөлүнгөн.
25. Коомдун бардык акциялары энчилүү болуп саналат жана документтештирилбеген түрдө чыгарылган.
26. Ар бир жөнөкөй акция бир добушка ээ.
27. Коомдун акциялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоого алынат.
28. Коомдун уставдык капиталы ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көбөйүп же азайып турушу мүмкүн.
29. Коомдун мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле башка баалуулуктар түзөт.
30. Коомдун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) финансы-чарбалык жана башка иштен түшкөн пайданын;
2) инвестициялардын;
3) баалуу кагаздар боюнча дивиденддердин;
4) Коомдун Аткаруучу органы тарабынан өлчөмү аныкталуучу Коомдун курамына кирген түзүмдөрдүн таза пайдасынан түшкөн төгүмдөрдүн;
5) эл аралык жана башка гранттардын;
6) банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин, анын ичинде эл аралык банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин кредиттеринин;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка кирешелердин жана булактардын.
31. Коом Атайын фондду түзүүгө укуктуу, анын каражаттары Коомдун бөлүштүрүлбөгөн таза пайдасынан түзүлөт жана Коомдун Жалгыз акционеринин чечими боюнча Коомдун уставдык капиталын көбөйтүүгө (капиталдаштырууга) багытталат.
32. Атайын фонддун каражаттарын башка максаттарга пайдаланууга тыюу салынат.
5-глава. Коомдун акциялары.
Жүгүртүүдөгү акциялардын санын көбөйтүү жана азайтуу
33. Коомдун бардык жөнөкөй акциялары бирдей номиналдык наркка ээ жана акционерлерге – алардын ээлерине бирдей өлчөмдөгү укуктарды берет.
34. Коомдун жөнөкөй акциялары Коомдун Жалгыз акционеринин компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча добуш берүүчү акциялар болуп саналат.
35. Коом артыкчылыктуу акцияларды чыгарууга укуктуу, алардын жалпы уставдык капиталынын көлөмүндөгү үлүшү 25 пайыздан ашпоого тийиш.
36. Артыкчылыктуу акциялар акционерлерге – алардын ээлерине бирдей өлчөмдөгү укуктарды берет.
37. Артыкчылыктуу акциялар добуш берүү укугуна ээ эмес. Ушул Уставда каралган учурлар өзгөчө болуп саналат.
38. Коом түзүлгөндө уюштуруучулар сатып алган акцияларды кошпогондо, толук төлөгөнгө чейин акция добуш берүү укугун бербейт.
39. Потенциалдуу акционерди акцияларды төлөө боюнча милдеттенмеден бошотууга, анын ичинде Коомго коюлган талаптарды эсепке алуу жолу менен бул милдеттенмеден бошотууга жол берилбейт.
40. Коом Коомдун Жалгыз акционеринин чечими боюнча кошумча акцияларды, анын ичинде артыкчылыктуу акцияларды чыгаруу же жайгаштырылган акцияларды бөлүү жолу менен жүгүртүүдөгү акциялардын санын көбөйтүүгө укуктуу.
41. Коомдун Жалгыз акционеринин Коомдун жүгүртүүдөгү акцияларынын санын көбөйтүү жөнүндө чечими менен ушул категориялардагы (типтердеги) жарыяланган акциялардын санынын чегинде жайгаштырыла турган кошумча жөнөкөй же ар бир типтеги артыкчылыктуу акциялардын саны, жайгаштыруу ыкмасы, жайгаштыруу баасы, аны аныктоонун тартиби, кошумча акцияларды төлөө формасы, жарыяланган жазылуу мөөнөтү аныкталат, ошондой эле жайгаштыруунун башка шарттары да аныкталышы мүмкүн.
42. Кошумча акцияларды чыгарууда Коомдун Жалгыз акционерине белгиленген тартипте акцияларды сатып алууга артыкчылык укугу берилет.
43. Коомдун кошумча чыгарылган акцияларын сатып алуунун артыкчылык укугу Коомдун акцияларынын эмиссиясы катталган күндөн тартып бир жыл же Коомдун кошумча акцияларын чыгаруу жөнүндө Коомдун Жалгыз акционеринин чечими менен аныкталган башка мөөнөткө карата колдонулат.
44. Эгерде Коомдун Жалгыз акционери Коомдун кошумча чыгарылган акцияларын же анын бөлүгүн сатып албаса, Коом бул акцияларды Коомдун Жалгыз акционери менен макулдашылган баада өзү сатып алууга укуктуу.
45. Баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоосуз жана Коомдун Уставына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизбестен кошумча акцияларды чыгарууга же жайгаштырылган акцияларды бөлүүгө тыюу салынат.
46. Коом тарабынан чыгарылган кошумча акцияларды жайгаштыруу Коомдун Жалгыз акционеринин баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечиминде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
47. Эгерде Коом чыгарылган акцияларды ушул Уставда белгиленген мөөнөттө жайгаштырбаса, Коомдун Жалгыз акционери Коомдун жүгүртүүдөгү акцияларынын санын азайтуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
48. Коом Коомдун Жалгыз акционеринин чечими боюнча жүгүртүүдөгү акциялардын санын Коом тарабынан акциялардын бөлүгүн сатып алуу жолу менен же аларды жокко чыгаруу жана жалпы санын азайтуу максатында консолидациялоо жолу менен кыскартууга укуктуу.
49. Коомдун жүгүртүүдөгү акцияларынын санын аларды сатып алуу же жокко чыгаруу жолу менен кыскартууга анын бардык кредиторлоруна кабарлоодон кийин гана жол берилет. Мында Коомдун кредиторлору Коомдун тиешелүү милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда аткарууну талап кылууга укуктуу.
50. Коом, эгерде Коомдун өздүк капиталы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн төмөн болсо, Коомдун жүгүртүүдөгү акцияларынын санын алардын жалпы санын азайтуу максатында алардын бөлүгүн сатып алуу жолу менен кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуксуз.
51. Коом өзүнүн жайгаштырылган акцияларын кийин кайра сатуу же жокко чыгаруу үчүн сатып ала алат. Мындай акциялар алар алынган күндөн тартып бир жылдан кечиктирилбестен сатылууга тийиш, антпесе Коомдун Жалгыз акционери үч айдын ичинде бул акцияларды жокко чыгаруу жолу менен жүгүртүүдөгү акциялардын санын азайтуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
Коом тарабынан бул максаттарда сатып алынган акциялар добуш берүү укугуна ээ эмес, алар добуштарды эсептөөдө эсепке алынбайт жана алар боюнча дивиденддер эсептелбейт.
52. Коом тарабынан сатылып алынган өзүнүн акциялары менен бүтүмдөрдү аларды сатып алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин жүргүзүүгө тыюу салынат.
53. Коомдун Жалгыз акционеринин Коомдун жүгүртүүдөгү акцияларынын санын азайтуу жөнүндө чечиминин негизинде Коом тарабынан сатып алынган акциялар аларды сатып алууда жоюлат.
54. Акцияларды сатып алуу жөнүндө акционердин чечими менен сатылып алынуучу акциялардын категориясы, Коом тарабынан сатылып алынган ар бир категориядагы акциянын саны, сатып алуудагы баасы, төлөө мөөнөтү жана формасы, ошондой эле акцияларды сатып алуу жүргүзүлө турган мезгил аралыгы аныкталат.
55. Коом тарабынан акцияларды сатып алуу баасы акциялардын рыноктук наркы боюнча аныкталат.
56. Коомдун Жалгыз акционеринин чечими боюнча Коом жайгаштырылган акцияларды консолидациялоого укуктуу, анын натыйжасында Коомдун эки же андан көп акциялары ошол эле категориядагы бир жаңы акцияга конвертирленет. Мында ушул Уставга акциялардын номиналдык наркына жана санына карата тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.
57. Консолидациялоодо бөлүнгөн акциялар пайда болгон учурда акыркысы Коом тарабынан анын номиналдык наркында сатып алынууга тийиш.
58. Коомдун акциялары күрөөгө коюлган учурда күрөө кармоочу тарабынан кийин аларды өндүрүп алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелер колдонулат.
6-глава. Акционерлердин реестри
59. Коом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Коомдун акционерлеринин реестрин жүргүзүүгө жана сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
60. Коом Коомдун акционерлеринин реестрин жүргүзүүнү жана сактоону Коомдун атынан агент катары иштеген көз карандысыз реестр кармоочуга тапшырууга укуктуу, ага карабастан Коом реестрди жүргүзүү жана сактоо жоопкерчилигинен бошотулбайт.
Коом ошондой эле акционерлердин реестрин өз алдынча жүргүзүүгө жана сактоого укуктуу. Бул учурда Коомдун Жалгыз акционери акционерлердин реестрин жүргүзүү жана сактоо үчүн жооптуу адамды тандап алат жана ага тиешелүү ыйгарым укуктарды берет.
61. Акционерлердин реестринде баалуу кагаздар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган маалыматтар камтылууга тийиш.
Коом – эмитент тарабынан сатылып алынган өз акциялары жөнүндө маалыматтар акционерлердин реестрине милдеттүү түрдө киргизилүүгө тийиш.
62. Коомдун Аткаруучу органы акционерлердин реестрин жүргүзүүгө укуктуу көз карандысыз реестр кармоочу турган жери боюнча акционерлердин реестрин сактоону камсыз кылууга милдеттүү. Реестр кармоочу гана өзгөртүүлөрдү киргизип, акционерлердин реестрин жүргүзө алат.
63. Коомдун акцияларын сатып алуучу жак акционерлердин реестрине жазуу киргизилген учурдан тартып ага бардык мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алат.
64. Акционерлердин реестринин жана жеке өздүк эсептердин мазмуну коммерциялык сыр болуп саналат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкары, Коомдун макулдугу менен же акционердин өзүнүн макулдугу менен гана ачыкка чыгарылышы же үчүнчү жактарга берилиши мүмкүн.
65. Коом акционерлердин реестринин баштапкы эсепке алуу документтерин, чогулуштардын протоколдорун Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген мөөнөттө, бирок аларды кийин архивге өткөрүп берүү менен 5 жылдан кем эмес сактоого милдеттүү.
7-глава. Коомдун пайдасын бөлүштүрүү.
Дивиденддерди төлөө
66. Бардык салыктарды жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөнгөндөн кийин Коомдун таза пайдасы Коомдун карамагында калат жана дивиденддер түрүндө Коомдун Жалгыз акционерине төлөнөт, резервдик фонддорго которулат, өндүрүштү өнүктүрүүгө же Коомдун Жалгыз акционеринин чечими менен каралган башка максаттарга багытталат.
67. Финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча дивиденддерди төлөө, дивиденддердин өлчөмү, ар бир категориядагы акциялар боюнча жана аларды төлөөнүн формасы жөнүндө чечим Коомдун Жалгыз акционери тарабынан кабыл алынат.
68. Дивиденддер Коомдун Жалгыз акционеринин менчиги болуп саналат.
69. Дивиденддер акчалай түрдө төлөнөт. Дивиденддер акциялар (пайданы капиталдаштыруу), баалуу кагаздардын башка түрлөрү, мүлк, мүлктүк же акчалай баалуулукка ээ болгон башка укуктарды өткөрүп берүү түрүндө да төлөнүшү мүмкүн.
70. Бир жөнөкөй акцияга дивиденддердин өлчөмү Коомдун Аткаруучу органы сунуштагандан ашпоого тийиш, бирок Коомдун Жалгыз акционери тарабынан азайтылышы мүмкүн.
71. Дивиденддерди төлөөнүн башталышы Коомдун Жалгыз акционеринин дивиденддерди төлөө жөнүндө чечими (төлөө күнү) менен аныкталат жана мындай чечим кабыл алынгандан кийин 30 күндөн эрте жана 120 күндөн кеч болушу мүмкүн эмес.
72. Эгерде дивиденддерди төлөө учурунда коом Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө ченемдик укуктук актыларына ылайык банкроттуктун (кудуретсиздиктин) белгилерине туш келсе же көрсөтүлгөн белгилер Коомдо дивиденд төлөөнүн найтыйжасында келип чыга турган болсо, Коом акциялар боюнча дивиденддерди жарыялоого жана төлөөгө укуксуз.
8-глава. Баалуу кагаздар
73. Коом Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар жөнүндө ченемдик актыларында каралган облигацияларды жана башка эмиссиялык баалуу кагаздарды жайгаштырууга укуктуу.
74. Облигацияларды жана башка эмиссиялык баалуу кагаздарды жайгаштыруу жөнүндө чечимди Коомдун Жалгыз акционери кабыл алат.
75. Облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечимде чыгаруунун көлөмү, жайгаштыруунун тартиби, төлөөнүн мөөнөтү жана башка шарттары аныкталууга тийиш. Облигациялар документтик же документсиз түрдө чыгарылышы мүмкүн.
76. Коом бир жолку төлөө мөөнөтү менен облигацияларды же белгилүү бир убакытта сериялар боюнча төлөө мөөнөтү менен облигацияларды чыгара алат.
Облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечимге ылайык алар акчалай же башка мүлк менен төлөнүшү мүмкүн.
77. Облигацияларды чыгарууда, чыгарылган мезгилге карата Коомдун эки жылдык балансы талаптагыдай бекитилген шартында, акциялар акыркы жолу жайгаштыргандан кийин жана иштеп баштаган учурдан тартып үч жылдан эрте эмес өзүнүн капиталынын өлчөмүнөн ашпаган суммага чыгарууга жол берилет.
78. Коом облигацияларды алардын ээлеринин каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүнчүлүгүн шарттоого укуктуу. Мында облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечимде төлөөнүн наркы жана алар мөөнөтүнөн мурда төлөнүшү ыктымал болгон мөөнөт аныкталууга тийиш.
9-глава. Фонддор
79. Коом фонддорду түзүүгө укуктуу.
80. Түзүлүүчү фонддордун максаты, түзүү тартиби жана өлчөмү Коомдун Аткаруучу органынын сунушу боюнча Коомдун Жалгыз акционеринин чечими менен аныкталат. Коомдун фонддору Коомдун таза пайдасынан гана түзүлөт.
10-глава. Коомдун башкаруу жана контролдоо органдары
81. Коомдун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Коомдун Жалгыз акционери – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети – башкаруунун жогорку органы болуп саналат.
2) Коомдун президенти – жалгыз аткаруучу орган, Коомдун учурдагы ишин башкарат. Коомдун президентинин компетенциясына Коомдун Жалгыз акционеринин өзгөчө компетенциясына таандык болбогон бардык маселелерди чечүү кирет.
3) Коомдун ревизору – контролдоочу орган. Коомдун ревизору Коомдун финансы-чарбалык ишин контролдоо үчүн акционерлердин жалпы чогулушунда шайланат.
82. Коом башкарууну Директорлор кеңешин түзбөстөн ишке ашырат.
83. Коомдун башкаруу жана контролдоо органдарынын иши Коомдун Уставы жана Коомдун ички документтери (жоболору) менен жөнгө салынат.
11-глава. Коомдун Жалгыз акционери
84. Коомдун жогорку башкаруу органы болуп Коомдун Жалгыз акционери саналат, анын компетенциясына акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставдын жоболоруна ылайык маселелер кирет.
85. Коомдун Жалгыз акционери жыл сайын Коомдун президенти тарабынан белгиленген мөөнөттө, бирок отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга милдеттүү. Өзүнүн компетенциясынын чегинде Коомдун Жалгыз акционери каалаган маселени кезексиз тартипте кароого укуктуу.
86. Коомдун Жалгыз акционеринин өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Коомдун Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же Коомдун Уставын жаңы редакцияда бекитүү;
2) Коомду кайра уюштуруу;
3) Коомдун стратегиялык максаттарын аныктоо жана анын саясатын түзүү, ошондой эле Коомдун Аткаруучу органы тарабынан алардын аткарылышын контролдоо;
4) Коомду жоюу, жоюу комиссиясын дайындоо жана жоюу балансын бекитүү;
5) Коомдун жүгүртүлүүчү акцияларынын санын өзгөртүү (көбөйтүү же азайтуу), ошондой эле акцияларга конвертирленген баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
6) Коом тарабынан кошумча чыгарылган акцияларды же Коомдун акцияларга конвертирленген баалуу кагаздарын жабык жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
7) Коом тарабынан акцияларга конвертирленбеген облигацияларды жана башка баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
8) Коомдун артыкчылыктуу акцияларын жөнөкөй акцияларга конвертирлөө;
9) Коомдун акцияларын же акцияларга конвертирленген баалуу кагаздарды сатып алууга акционердин артыкчылык укугун колдонбоо жөнүндө чечим кабыл алуу;
10) бүтүм жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата наркы Коомдун активдеринин баланстык наркынан 50 жана андан ашык пайыз болгон ири бүтүмдөрдү Коом тарабынан түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
11) Коомдун мүлкүн күрөөгө коюу жөнүндө чечим кабыл алуу;
12) долбоорлордо, анын ичинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө катышуу тууралуу чечим кабыл алуу;
13) дивиденддерди төлөөнүн өлчөмү жана тартиби жөнүндө чечим кабыл алуу;
14) Коомдун президентин дайындоо жана анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
15) Коомдун Ревизорун дайындоо жана анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
16) Коомдун президентине төлөнүүчү сыйакынын жана компенсациялардын өлчөмүн бекитүү;
17) Коомдун Ревизоруна төлөнүүчү сыйакынын жана компенсациялардын өлчөмүн бекитүү;
18) Коомдун резервдик жана башка фонддорун пайдалануу;
19) Коомдун жылдык отчетторун, бухгалтердик баланстарын, кирешелеринин жана чыгашаларынын эсептерин бекитүү, анын кирешелерин жана чыгашаларын бөлүштүрүү;
20) Коомдун жылдык бюджетин бекитүү;
21) Коомдун аудиторун дайындоо жана анын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо;
22) мурдагы акционер же акционерлердин мурдагы жалпы чогулуштары тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерди жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
23) ушул Уставдын жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү;
24) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Устав менен Коомдун Жалгыз акционеринин компетенциясына киргизилген башка маселелерди чечүү.
87. Ушул Устав менен Коомдун Жалгыз акционеринин өзгөчө компетенциясына киргизилген маселелер боюнча чечим Коомдун Аткаруучу органына жүктөлүшү мүмкүн эмес.
88. Коомдун Жалгыз акционеринин чечимдери төмөнкүлөрдүн демилгеси боюнча кабыл алынат:
1) Коомдун Жалгыз акционеринин;
2) Коомдун президентинин;
3) Коомдун Ревизорунун;
4) Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдары бузулган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын.
89. Коомдун Жалгыз акционеринин чечими Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарына ылайык жазуу жүзүндө таризделүүгө тийиш.
12-глава. Коомдун Жалгыз акционеринин укуктары жана милдеттери
90. Коомдун Жалгыз акционери төмөнкүдөй мүлктүк укуктарга ээ:
1) Коомдун ишинен түшкөн кирешенин (дивиденддердин) бир бөлүгүн алууга;
2) Коом жоюлган учурда анын мүлкүнүн бир бөлүгүн алууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Коомдун ушул Уставында белгиленген эрежелерди эске алуу менен Коомдун акцияларын же алардын бир бөлүгүн башка жарандардын же юридикалык жактардын менчигине сатууга же башкача түрдө берүүгө;
4) акцияларды же алардын бир бөлүгүн башка жарандарга же юридикалык жактарга күрөөгө же ишенимдүү башкарууга берүүгө;
5) Коом тарабынан чыгарылган акцияларды артыкчылыктуу негизде сатып алууга;
6) Коом тарабынан өндүрүлгөн продукцияны (кызмат көрсөтүүлөрдү) алууга артыкчылыктуу укукка ээ болууга.
91. Коомдун Жалгыз акционери төмөнкүдөй мүлктүк эмес укуктарга ээ:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда аныкталган тартипте Коомдун иштерин башкарууга катышууга;
2) сот тартибинде өз укуктарын коргоого;
3) чечим чыгарылган учурдан тартып бир жылдын ичинде Коом тарабынан кабыл алынган чечимдерди талашууга;
4) Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан акцияларды чыгаруу мамлекеттик катталган учурдан тартып эки айдын ичинде эмиссиянын аныктыгын жана/же эмиссияга байланыштуу жол-жоболорду сот тартибинде талашууга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген тартипте Коомдун иши жөнүндө маалымат алууга.
92. Коомдун Жалгыз акционери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Коомдун Уставына ылайык башка мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болушу мүмкүн.
93. Коомдун Жалгыз акционери төмөнкүдөй милдеттерге ээ:
1) Коомдун Уставынын жана Коомдун ишин жөнгө салуучу кандай болбосун башка документтердин жоболорун сактоого;
2) Коомдун акционери болуп турганда алган коммерциялык сырды жана Коомдун иши жөнүндө купуя маалыматты ачыкка чыгарбоого;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Коомго карата белгиленген тартипте кабыл алынган өз чечимдерин аткарууга;
4) Коомдун уставдык максаттарына жетүүсүнө көмөк көрсөтүү;
5) Коомго зыян келтириши мүмкүн болгон аракеттерден алыс болууга;
6) Коомдун акцияларын кармоочулардын реестрин жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтардын өзгөргөнү жөнүндө көз карандысыз реестр кармоочуга билдирүүгө. Коомдун Жалгыз акционери өзүнүн маалыматтарынын өзгөргөнү жөнүндө маалыматты бербеген учурда, Коом жана көз карандысыз реестр кармоочу буга байланыштуу келип чыккан кесепеттер үчүн жоопкерчилик тартпайт;
7) ушул Уставда жана аларды чыгаруу жөнүндө чечимде каралган тартипте, өлчөмдө жана ыкмалар менен акцияларды төлөөгө.
13-глава. Коомдун президенти
94. Коомдун президенти Коомдун Жалгыз акционери тарабынан шайлануучу жана ага ушул Уставда берилген компетенциянын чегинде Коомдун учурдагы ишин жетектөөчү Коомдун жалгыз аткаруучу органы. Коомдун Жалгыз акционеринин өзгөчө компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо, Коомдун президентинин компетенциясына Коомдун учурдагы ишин жетектөөнүн бардык маселелери кирет.
95. Коомдун президенти Коомдун Жалгыз акционеринин чечимдеринин аткарылышын уюштурат.
96. Коомдун президенти өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Коомдун мүлкүн башкарууга жана аны тескөөгө ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Коомдун президенти Коомдун өндүрүштүк-чарбалык ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана тескемелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана тескемелерине, ушул Уставдын жоболоруна, Коомдун Жалгыз акционеринин чечимдерине жана ички регламентке ылайык жүргүзөт.
97. Коомдун президенти финансылык отчет, Коомдун Ревизорунун корутундулары, баяндамалар жана жылдык отчет менен ал Коомдун Жалгыз акционеринин жактыруусуна берилгенге чейин таанышат.
98. Коомдун Жалгыз акционеринин Коомдун президентинин компетенциясына тиешелүү маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укугу жок.
99. Коомдун президенти жыл сайын жылдык отчетту, балансты, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчетту, жылдык бюджетти даярдайт, Коомдун Жалгыз акционеринин жана Коомдун Ревизорунун бул материалдар менен таанышуусун камсыз кылат.
100. Коомдун президенти Коомдун Жалгыз акционеринин өзгөчө компетенциясына кирген маселелер боюнча Коомдун Жалгыз акционерине өзүнүн сунуштарын берүүгө укуктуу.
101. Коомдун президенти Коомдун Жалгыз акционеринен Коомдун ишине тиешелүү ар кандай маселени кароону талап кылууга укуктуу.
102. Коомдун президенти Коомдун Ревизору боло албайт.
103. Коомдун президенти төмөнкүлөргө укуктуу:
1) түздөн-түз же туунду коомдор аркылуу бул активдердин баланстык наркынын элүү пайызынан аз өлчөмдө активдерди сатууга;
2) Коомго түздөн-түз же туунду ишканалар аркылуу Коомдун активдеринин баланстык наркынын элүү пайызынан аз өлчөмдө кошумча активдерге ээлик кылууга мүмкүндүк берүүчү активдерди сатып алууга же башка операцияларды жүргүзүүгө;
3) Коомдун ички документтерин, Коомдун түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду кабыл алууга жана бекитүүгө, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө;
4) Коомдун штаттык ырааттамасын, Коомдун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын бекитүүгө;
5) Коомду күтүүгө чыгымдардын сметасын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүн, туунду коомдорунун, филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн ж.б.у.с. чыгымдарынын сметасын бекитүүгө;
6) ушул Устав менен берилген өз ыйгарым укуктарынын чегинде документтердин типтүү формаларын, нускама, методикалык көрсөтмөлөрдү жана башка ченемдик документтерди бекитүүгө;
7) Коомдун Жалгыз акционерине Коомдун учурдагы ишинин бардык маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
8) Коомдун Жалгыз акционерине акциялар боюнча дивиденддердин өлчөмү жана аларды төлөө тартиби боюнча сунуштарды даярдоого;
9) Коомдун Жалгыз акционеринин кароосуна материалдарды даярдоого;
10) Коомдун Жалгыз акционерине жүгүртүүдөгү акциялардын санын көбөйтүүнүн же азайтуунун чоңдугу, шарттары жана тартиби боюнча сунуштарды даярдоого;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Уставга жана башка жергиликтүү ченемдик актыларга ылайык Коомдун ишинин максаттарына жетүү жана анын натыйжалуу ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткарууга, буга Коомдун Уставы, башка жергиликтүү ченемдик актылар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Коомдун башка башкаруу органдарына бекитилип берилген функциялар кирбейт.
104. Коомдун президенти ушул Устав менен анын өзгөчө компетенциясына киргизилген маселелерди жеке өзү чечет.
105. Коомдун президентинин өзгөчө компетенциясына төмөнкү ыйгарым укуктар жана укуктар кирет:
1) Коомдун атынан ишеним катсыз иш жүргүзүү, анын ичинде анын кызыкчылыктарын билдирүү;
2) бардык мекемелерде, ишканаларда, уюмдарда, бардык юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасында да, анын чегинен тышкары да, анын ичинде соттордо жана арбитраждарда Коомдун атынан чыгуу;
3) Коомдун атынан иш жүргүзүүгө ишеним каттарды берүү;
4) Коомдун Жалгыз акционеринин чечимдеринин аткарылышын контролдоо;
5) Коомдун уюштуруу жана контролдоо ишинин негизги иш-чараларынын пландарын бекитүү;
6) Коомдун финансылык документтерине биринчи кол коюу укугуна ээ болуу;
7) Коомдун атынан бүтүмдөрдү түзүү;
8) чарба жүргүзүү формаларын жана методдорун, Коомдун өндүрүшүн башкаруу саясатын аныктоо, Коомдун ишине оперативдүү учурдагы жетекчилик кылуу;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашуу боюнча Коомдун вице-президенттерин дайындоо;
10) Коомдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, туунду жана көз каранды коомдорунун, өкүлчүлүктөрүнүн, филиалдарынын жетекчилерин дайындоо, милдеттерди бөлүштүрүү, алардын жоопкерчилик даражасын белгилөө;
11) өзүнүн компетенциясынын чегинде Коомдун бардык кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгаруу жана көрсөтмөлөрдү берүү;
12) Коом менен анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, туунду коомдорунун, өкүлчүлүктөрүнүн, филиалдарынын өз ара аракеттенүү тартибин аныктоо жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү;
13) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызматкерлерди ишке кабыл алуу жана бошотуу;
14) Коомдун кызматкерлерине сыйакы берүү боюнча маселелерди чечүү, аларга карата сыйлоонун башка чараларын колдонуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Коомдун өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардак наамдарды ыйгарууга белгиленген тартипте көрсөтүү;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Коомдун кызматкерлерине жаза колдонуу;
16) Коомдун ишине учурдагы жетекчилик кылуу үчүн башка ыйгарым укуктар.
106. Коомдун президенти финансылык отчеттордун жана атайын билимди талап кылган башка маселелердин тууралыгын ырастоо максатында көз карандысыз аудиторлорду жана башка адистерди тартууга укуктуу.
107. Коомдун президенти өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Уставга жана Коомдун Жалгыз акционеринин чечимдерине так ылайык жүргүзөт.
14-глава. Коомдун финансы-чарбалык ишин контролдоо. Коомдун Ревизору
108. Коомдун финансы-чарбалык ишин контролдоо үчүн Коомдун Жалгыз акционери тарабынан кийин көп санда кайра шайлануу мүмкүнчүлүгү менен бир жылдык мөөнөткө Коомдун Ревизору шайланат.
Коомдун кызматкерлери Коомдун Ревизору боло албайт.
109. Коомдун Ревизоруна жүктөлгөн функцияларды аткаруунун жүрүшүндө ал Коомдо кандайдыр бир штаттык кызматты ээлебеген адамдардын ичинен эксперттерди тарта алат. Коомдун Ревизору тартылган адистердин аракеттери үчүн жоопкерчилик тартат.
110. Коомдун Ревизорунун иш тартиби Коомдун Жалгыз акционери бекиткен Коомдун ички документи менен аныкталат.
Коомдун Ревизору Коомдун Жалгыз акционерине жүргүзүлгөн ревизия жөнүндө отчетту, ошондой эле бекитүүгө берилген бухгалтердик баланстын жана кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчеттун Коомдун иш жүзүндөгү абалына шайкештиги жөнүндө корутундуну аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштар менен берет.
111. Коомдун финансы-чарбалык ишин текшерүү (ревизия) Коомдун бир жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча, ошондой эле Коомдун Жалгыз акционеринин чечими боюнча каалаган убакта жүргүзүлөт.
112. Коомдун Ревизору тарабынан текшерүүлөрдүн документтик түрдө таризделген жыйынтыгы чараларды көрүү үчүн Коомдун президентинин кароосуна берилет жана Коомдун Жалгыз акционерине маалымдалат.
113. Жылдык финансылык отчеттун аныктыгын текшерүү жана ырастоо үчүн Коом жыл сайын түзүлүүчү келишимдин негизинде мындай текшерүүнү жүргүзүүгө лицензиясы бар жана Коом же анын катышуучулары менен мүлктүк кызыкчылыктары байланышпаган кесиптик аудитордук уюмду тартат (тышкы аудит).
114. Коомдун финансы-чарбалык ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Коомдун Ревизору жана аудитордук уюм тарабынан түзүлгөн корутундуларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган маалыматтар камтылууга тийиш.
15-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук
115. Коом бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту берүүгө милдеттүү, анын мүнөзү, көлөмү, ченемдердин тизмеси жана берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.
116. Бухгалтердик эсепке алуунун жана башка отчеттуулуктун уюштурулушу, абалы, аныктыгы, ар жылдык отчеттун жана башка финансылык отчеттун тиешелүү органдарга өз убагында берилиши, ошондой эле Коомдун иши жөнүндө акционерлерге, кредиторлорго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына берилүүчү маалыматтар үчүн Коомдун президенти жана Коомдун башкы бухгалтери жоопкерчилик тартат.
117. Коомдо, анын филиалдарында жана өкүлчүлүктөрүндө эсепке алуу саясаты, документ жүгүртүүнү уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Коомдун президентинин чечими менен белгиленет.
118. Коомдун финансылык жылы 1-январдан тартып 31-декабрды кошкондогу мезгил деп белгиленет.
16-глава. Коомдун Уставы жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
119. Коомдун ушул Уставынын талаптары Коомдун бардык органдарынын жана Коомдун Жалгыз акционеринин аткаруусу үчүн милдеттүү.
120. Коомдун Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же Коомдун Уставын жаңы редакцияда бекитүү Коомдун Жалгыз акционеринин чечими боюнча ишке ашырылат. Коомдун Жалгыз акционеринин Коомдун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынуучу чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеши керек.
121. Каалаган адам Коомдун Уставы менен таанышууга укуктуу. Коом ага Коомдун Уставы менен таанышуу мүмкүндүгүн берүүгө жана анын талабы боюнча Коомдун Уставынын көчүрмөсүн аны даярдоого кеткен чыгымдардан ашпаган акы үчүн берүүгө милдеттүү.
17-глава. Коомдун документтери
122. Коом төмөнкүдөй документтерди сактоого милдеттүү:
1) Коомдун Уставын, Коомдун Уставына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, Коомду түзүү жөнүндө чечимди, Коомду мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү;
2) иштин лицензиялануучу түрлөрүн ишке ашырууга лицензияларды жана уруксаттарды;
3) Коомдун балансында болгон мүлккө анын укуктарын ырастоочу документтерди;
4) Коомдун Жалгыз акционери жана Коомдун башка башкаруу органдары тарабынан бекитилген Коомдун ички документтерин;
5) Коомдун филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө жобону;
6) жылдык отчетторду;
7) Коомдун акцияларынын эмиссиясынын проспекттерин;
8) бухгалтердик эсепке алуу документтерин;
9) финансылык отчеттуулук документтерин, анын ичинде тийиштүү органдарга берилүүчү;
10) Коомдун Жалгыз акционеринин чечимин;
11) Коомдун Ревизорунун, аудитордун, мамлекеттик финансылык контролдоо органдарынын корутундуларын;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Уставда, Коомдун Жалгыз акционеринин, Коомдун президентинин чечимдеринде жана башка ички документтерде каралган башка документтерди.
123. Коом Коомдун Аткаруучу органы жайгашкан же акционерлер жана башка кызыкдар жактар үчүн белгилүү жана жеткиликтүү жерде, ушул Уставдын 124-пунктунда каралган документтерди сактайт.
124. Коомду кайра уюштурууда бардык документтер (башкаруучу, финансы-чарбалык, жеке курам боюнча жана башкалар) мыйзамдарда белгиленген эрежелерге ылайык укук улантуучуга өткөрүп берилет. Коом жоюлган учурда анын ишинин процессинде пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
18-глава. Коомду кайра уюштуруу
125. Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен Коомдун Жалгыз акционеринин чечими боюнча ыктыярдуу түрдө кайра уюшулушу мүмкүн.
Коомду кайра уюштуруунун башка негиздери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
126. Коомду кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же өзгөртүп түзүү формасында ишке ашырылышы мүмкүн.
Коомду кайра уюштурууда анын укуктары жана милдеттери Коомдун укук улантуучусуна өтөт.
127. Коом кошуу формасында кайра уюштурулган учурдан тышкары, жаңы пайда болгон юридикалык жактар мамлекеттик катталган учурдан тартып кайра уюшулган болуп саналат.
Коомду башка Коомго кошуу жолу кайра уюштурууда, алардын биринчиси кошулган Коомдун ишин токтотуу жөнүндө жазуу мамлекеттик каттоо органы тарабынан юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген учурдан тартып кайра уюштурулган болуп саналат.
128. Кайра уюштуруунун натыйжасында пайда болгон коомдорду мамлекеттик каттоо жана кайра уюштурулган коомдордун ишин токтотуу жөнүндө жазууну киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
129. Коомду кайра уюштуруу расмий басылмага бул тууралуу билдирүү жарыялангандан кийин эки айдан эрте эмес мөөнөттө жүргүзүлөт. Кредиторлор Коомду кайра уюштуруу жөнүндө маалымат жарыяланган учурдан тартып эки айдын ичинде Коомго тийиштүү милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда токтотуу же аткаруу жөнүндө талапты коюуга укуктуу, ал эми Коом алардын талабын канааттандырууга милдеттүү.
Эгерде бөлүү балансы кайра уюштурулган Коомдун укук улантуучусун аныктоого мүмкүндүк бербесе, анда жаңы пайда болгон юридикалык жактар кайра уюштурулган Коомдун анын кредиторлорунун алдындагы милдеттенмелери боюнча бирдей жоопкерчилик тартышат.
130. Эгерде натыйжада кайра уюштурулган Коомдун капиталы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген уставдык капиталдын өлчөмүнөн аз болуп калса, Коом кайра уюштурулууга тийиш эмес.
131. Коомду кайра уюштурууда анын жөнөкөй, ошондой эле эмиссиясынын проспектисине ылайык жөнөкөйгө конвертирленген Коомдун артыкчылыктуу акцияларын мүлккө жана башка мүлктүк укуктарга алмаштырууга жол берилбейт.
132. Бириктирүү жөнүндө келишим жана бириктирүүдөгү өткөрүп берүү актысы, бөлүү же бөлүп чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган Коомдун Жалгыз акционеринин чечими жана бөлүүдө жана бөлүп чыгаруудагы бөлүштүрүү балансы жаңы түзүлүүчү чарбалык коомдордун уюштуруу келишимин алмаштыруучу документтер болуп саналат.
19-глава. Коомду жоюу тартиби.
Жоюу комиссиясы
133. Коомду жоюу укуктары жана милдеттери укук улантуу тартибинде башка жактарга өтпөстөн анын ишинин токтошуна алып келет.
134. Коомду мажбурлап жоюу, анын ичинде анын төлөөгө жөндөмсүздүгүнөн улам жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
135. Коомду ыктыярдуу жоюу:
1) Коомду ыктыярдуу жоюу жөнүндө чечим ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Коомдун Жалгыз акционери тарабынан кабыл алынат;
2) ыктыярдуу жоюуда Коомдун Жалгыз акционери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен кеминде үч адамдан (эгер мыйзамдарда башкача белгиленбесе) турган жоюу комиссиясын дайындоо жөнүндө чечимди кабыл алат;
3) жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ага Коомдун иштерин башкаруу боюнча бардык ыйгарым укуктар өтөт. Жоюу комиссиясы үчүнчү жактар менен болгон мамилелерде Коомдун атынан чыгат;
4) жоюу комиссиясы Коомго, анын акционерлерине, ошондой эле үчүнчү жактарга келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат;
5) жоюу комиссиясы коммерциялык уюмдарды ыктыярдуу жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо менен Коомду ыктыярдуу жоюу жана кредиторлордун доолорун билдирүү мөөнөтү жөнүндө билдирүүнү басылма органдарында жайгаштырат;
6) кредиторлор талаптарын коюу үчүн мөөнөт Коомду жоюу жөнүндө билдирүү жарыяланган датадан тартып эки айдан кем болбошу керек;
7) жоюу комиссиясы кредиторлорду аныктоо жана дебитордук карызды алуу чараларын көрөт, ошондой эле Коомду жоюу жөнүндө кредиторлорго жазуу жүзүндө кабарлайт;
8) кредиторлор талаптарын коюу үчүн мөөнөт аяктагандан кийин, жоюу комиссиясы орто аралык жоюу балансын түзөт, анда жоюлуучу Коомдун мүлкүнүн курамы, кредиторлор койгон талаптар, ошондой эле аларды кароонун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар камтылат. Орто аралык жоюу балансы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен Коомдун Жалгыз акционери тарабынан бекитилет;
9) эгерде жоюлуучу Коомдун болгон акча каражаттары кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, жоюу комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Коомдун башка мүлкүн сатат;
10) жоюлуучу Коомдун кредиторлоруна акчалай суммаларды төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кезектүүлүк тартибинде жоюу комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт;
11) кредиторлор менен эсептешүү аяктагандан кийин жоюу комиссиясы акыркы жоюу балансын түзөт, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен Коомдун Жалгыз акционери тарабынан бекитилет;
12) мамлекеттик каттоо органы тийиштүү буйрукту чыгарган учурдан тартып Коомду жоюу аяктады, ал эми Коом – ишин токтотту деп эсептелет.
20-глава. Корутунду жоболор
136. Эгерде ушул Уставдын жоболорунун кайсы бири жараксыз болуп калса, бул калган жоболордун колдонулушун токтотуу үчүн негиз болуп саналбайт. Жараксыз жоболор укуктук мамиледе жол берилген же мааниси жакын болгон жоболорго алмаштырылат.
137. Ушул Уставда жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
138. Ушул Уставдын мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине каршы келген учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери колдонулат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 148 "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун мындан аркы ишинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 22.03.2023 · № 148
- КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 194 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын автотранспорттук-экспедициялык ишканасы" мамлекеттик ишканасын…Постановление · 23.04.2024 · № 194
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-августундагы № 495 "Ташкөмүр" жоопкерчилиги чектелген коомун Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү маселелери…Постановление · 14.08.2025 · № 495
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-апрелиндеги № 260 "Уставдык капиталында акциялардын мамлекеттик пакетибар чарбалык коомдо корпоративдик башкаруунун…Постановление · 18.04.2026 · № 260
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун ишин…Постановление · 27.02.2024 · № 84
- КР Министрлер Кабинетинин 22.03.23 ж. № 148 токтомуПостановление · 22.03.2023 · № 148
- КР Министрлер Кабинетинин 04.04.23 ж. №181 токтомуПостановление · 04.04.2023 · № 181
- КР Министрлер Кабинетинин 04.09.23 ж. №445 токтомуПостановление · 04.09.2023 · № 445
- КР Министрлер Кабинетинин 07.03.24-ж. № 98 токтомуПостановление · 07.03.2024 · № 98
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 "Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз…Постановление · 24.12.2021 · № 341
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун ишин…Постановление · 27.02.2024 · № 84
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15