КР Өкмөтүнүн «Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 18 марта 2022 года № 141 "О применении счета-фактуры"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-18.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 19-июну № 343 Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу жөнүндө (КР Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 04-октябрындагы №197 токтомуна ылайык) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1561 жана 282-беренелерин ишке ашыруу, салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
2) Эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу тартиби, 2-тиркемеге ылайык;
3) товарларга электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын формасы (BLANK STI-007), 3-тиркемеге ылайык;
4) жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөргө электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын формасы (BLANK STI-008), 4-тиркемеге ылайык;
5) товарларга кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуранын формасы (BLANK STI-009), 5-тиркемеге ылайык;
6) жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөргө кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуранын формасы (BLANK STI-010), 6-тиркемеге ылайык;
7) эсеп-фактуралардын колдонулбаган серияларынын жана номерлеринин калдыгы жөнүндө кабарлоонун формасы (ESF STI-005), 7-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) төлөөчү, ошондой эле товарларды импорттоочу жана/же экспорттоочу субъект:
- ушул токтомдун 1-тиркемесинде белгиленген тартипте электрондук эсеп-фактуранын маалыматтык системасынын (мындан ары - ЭЭФ МС) катышуучусу катары катталат;
- 2020-жылдын 1-июлунан тартып ушул токтомдун 1-6-тиркемелеринде белгиленген форма жана тартип боюнча электрондук эсеп-фактураны тариздейт;
2) 2020-жылдын 25-августуна чейинки мөөнөттө КНС төлөөчү ушул токтомдун 7-тиркемесине ылайык форма боюнча мурунку ай үчүн КНС боюнча отчётту тиркөө менен КНСтин эсеп-фактураларынын колдонулбаган серияларынын жана номерлеринин калдыгы жөнүндө кабарлоону салыктык катталган жери боюнча салык органына берет;
3) КНС төлөөчү берген КНСтин эсеп-фактураларынын колдонулбаган серияларынын жана номерлеринин калдыгы жөнүндө кабарлоонун жана мурунку ай үчүн КНС боюнча салык отчётунун негизинде салык органы КНСтин эсеп-фактураларынын колдонулбаган серияларынын жана номерлеринин калдыгын, анын ичинде КНСтин тармактык эсеп-фактурасын жараксыз деп таануу жөнүндө чечим кабыл алат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
1) ЭЭФ МСти колдонуу менен байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүнү камсыздасын;
2) салык төлөөчүлөр арасында электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураларды колдонуу жөнүндө түшүндүрүү жана маалыматтык иштерин жүргүзсүн;
3) ЭЭФ МСтин иштөөсүнө туруктуу мониторинг жүргүзсүн жана ЭЭФ МСтин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишкердик ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 32-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1561 жана 282-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 386 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 3 жана 4-пунктчалары жана жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин 26-пункту.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
К.А. Боронов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 14 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (14)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 386 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.07.2019 · № 386
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 "Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.03.2022 · № 141
- Эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 токтомуна)Порядок · 19.06.2020 · № 343
- Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 токтомуна)Порядок · 19.06.2020 · № 343
- КР Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 25-февралындагы N 2 "Эсеп-фактураны тариздөөнүн жана колдонуунун тартибин, эсеп-фактуранын формасын…Приказ · 25.02.2022 · № 2
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишкердик ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп…Постановление · 18.12.2017 · № 816
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 04.11.2016 · № 569 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдан 29-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 156-1 жана 282-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 29.06.2018 · № 306 · Күчүн жоготкон
- Кошумча нарк салыгы боюнча эсеп-фактураларга серияларды жана номерлерди ыйгаруу ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 токтому менен бекитилген)Порядок · 04.11.2016 · № 569 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы №467 токтомуПостановление · 04.09.2020 · № 467
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы №141 токтомуПостановление · 18.03.2022 · № 141
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 197 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу маселелери боюнча айрым…Постановление · 04.10.2021 · № 197 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын…Постановление · 31.12.2018 · № 656 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 467 "Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине…Постановление · 04.09.2020 · № 467 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 "Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.03.2022 · № 141
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 386 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.07.2019 · № 386
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишкердик ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп…Постановление · 18.12.2017 · № 816
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 04.11.2016 · № 569 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдан 29-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 156-1 жана 282-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 29.06.2018 · № 306 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 197 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу маселелери боюнча айрым…Постановление · 04.10.2021 · № 197 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон