Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 156-1 жана 282-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 19 июня 2020 года № 343 "О применении счета-фактуры в виде электронного документа"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-06-19.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдан 29-июну № 306 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1561 жана 282-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 657, 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691, 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1561 жана 282-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө тариздөө мүмкүн болбогон учурлар болуп төмөнкүлөр белгиленсин:
- электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү мезгили;
- электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү мезгилинде КНС төлөбөгөндөр тарабынан товарларды импорттоо жана/же экспорттоо.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда эсеп-фактураны кагаз жүзүндө үч нускада тариздеп жана бир нускасын салыктык катталган жери боюнча салык органына берүү менен андан ары электрондук эсеп-фактураны тариздөө 2020-жылдын 1-июлунан тартып ишке ашырылат;
- электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү мезгилинде КНС төлөөчү эсеп-фактураны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген форма боюнча жана тартипте тариздейт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 657, 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691, 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча эсеп-фактураларга серияларды жана номерлерди ыйгаруу тартибинде:
- бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "электрондук санариптик колтамга" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "электрондук колтамга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11, 59 жана 60-пункттарында "электрондук документ жүгүртүү жана электрондук санариптик колтамга чөйрөсүндөгү мыйзамдар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын электрондук документ жүгүртүү жана электрондук санариптик колтамга жөнүндө мыйзамдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"МСКнын маалыматтык системасы аркылуу берилген арызга Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жана электрондук колтамга жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык электрондук колтамга коюлушу керек.";
- 32-пунктунда "Отчеттор берилүүгө тийиш болгон күндөн кийинки күндөн баштап 2 календардык айдын ичинде" деген сөздөр "КНС боюнча отчет берилүүчү айдан кийинки айдын 15-күнүнө чейин" деген сөздөр жана аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 33-пунктунда "230-беренесине, 282-беренесинин 1 жана 14-бөлүктөрүнө" деген сөздөр "4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 26-пунктуна жана 230-беренесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 38-пунктунун 1-пунктчасындагы жана 42-пунктунун 2-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-беренесине ылайык," деген сөздөр алып салынсын;
- 64-пунктунун 1-пунктчасындагы "282-беренесинин" деген сөздөр "156-1-беренесинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонууну караган токтомунун долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кошумча нарк салыгы боюнча эсеп-фактураларга серияларды жана номерлерди ыйгаруу ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 токтому менен бекитилген)Порядок · 04.11.2016 · № 569 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн2020-жылдын 19-июну № 343 "Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2020 · № 343 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 657 токтомуПостановление · 31.12.2018 · № 657
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомуПостановление · 17.12.2019 · № 691
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомуПостановление · 30.03.2020 · № 191
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-июнундагы № 343 токтомуПостановление · 16.06.2020 · № 343
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 657 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 156-1…Постановление · 31.12.2018 · № 657 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 04.11.2016 · № 569 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн2020-жылдын 19-июну № 343 "Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2020 · № 343 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.