Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 18 марта 2022 года № 141 "О применении счета-фактуры"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-18.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 4-октябры, № 197 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык) Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 "Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген товарларга электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын формасы (BLANK STI-007) 1-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөргө электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын формасы (BLANK STI-008) 2-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген товарларга кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуранын формасы (BLANK ST1-009) 3-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөргө кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуранын формасы (BLANK STI-010) 4-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартибинде:
- 24-пунктунун биринчи абзацы "жаратылыш газын" деген сөздөрдөн кийин "берүүгө, электр энергетика рыногунда электр энергиясынын жоготууларынын баланстарын жана эсептерин берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-пункт менен толукталсын:
"241. Ушул Тартиптин 23 жана 24-пункттарында каралган мөөнөттөр 2020-жылдын 1-августунан тартып 31-декабрына чейинки мезгилге эсеп-фактураларды тариздөөгө жайылтылбайт. Мындай учурда салык төлөөчү 2020-жылдын 1-июлунан тартып 30-ноябрына чейинки мезгилде жүзөгө ашырылган жеткирүүлөргө эсеп-фактураны 2020-жылдын 31-декабрына чейин тариздөөгө укуктуу.";
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу тартибинде:
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Товарларды, жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоодо (жеткирүүдө) нарктык көрсөткүчтөр (товардын, жумуштун/кызмат көрсөтүүнүн баасы, наркы, салыктардын суммасы, ошондой эле жалпы наркы) эсеп-фактурада улуттук валютада көрсөтүлөт: Мында экинчи жыйынтыктоочу сапта нарктык көрсөткүчтөр (наркы жана жалпы наркы) түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык валютада көрсөтүлөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:
"71. Ушул Тартиптин 7-пунктунда каралган учурларда таризделген эсеп-фактурада сатып алуучунун талабы боюнча өзүнчө эсеп-фактуралар таризделген эсепке алуу документтери эсепке алынбайт.";
- 18-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде жеткирүүчү жеткирүүгө акы төлөө үчүн банктагы эсебин пайдаланбаса, анда уяча толтурулбайт.";
- 21-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 25-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде жеткирүүгө акы төлөө үчүн сатып алуучунун банктагы эсеби пайдаланылбаса, анда уяча толтурулбайт.";
- 27-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Оңдолуучу ЭЭФти тариздөө учурунда жеткирүүнүн оңдолгон датасы көрсөтүлөт. Мисалы: салык төлөөчү ЭЭФте иш жүзүндө жеткирүүнүн датасын 20-август деп көрсөтүү менен жеткирген, ага 15-сентябрда оңдоо киргизет. Мындай учурда оңдолуучу ЭЭФтин 401-уячасында жеткирүүнүн оңдолгон датасы болуп 15-сентябрь көрсөтүлөт.";
- 28-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) салык салынбаган.";
- 29-пунктунун г-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 30-пунктунун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- 32-пунктунун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 33-пунктунун 3-пунктчасында:
экинчи абзацындагы "салык салынуучу" деген сөздөр алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын: "Товарларды толук же жарым-жартылай кайтарып берүүдө сандык жана нарктык көрсөткүчтөрдүн өлчөмү минус "-" белгиси менен көрсөтүлөт. Оңдолуучу ЭЭФ жеткирүү учурунда таризделген баштапкы ЭЭФке карата гана таризделет. Оңдолуучу ЭЭФтин көрсөткүчтөрү оңдолбойт.";
- 34-пунктунда:
4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4) "Товардын коду" графада - белгилердин саны ондон кем эмес болгон, ЭЭФ МСтеги товарлардын маалымдамасына ылайык товардык позициянын боштук коюлбаган коду;"; 10-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Товарларды бир сатып алуучуга КНСтин түрдүү ставкаларын колдонуу менен жеткирүү учурунда, салык салынуучу субъект ЭЭФти КНСтин ар бир ставкасы боюнча өзүнчө тариздейт;"; 11-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Товарларды бир сатып алуучуга сатуу салыгынын түрдүү ставкаларын колдонуу менен жеткирүү учурунда, салык салынуучу субъект ЭЭФти сатуу салыгынын ар бир ставкасы боюнча өзүнчө тариздейт;"; 12-пунктчасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 35-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35. КНСтен жана/же сатуу салыгынан бошотулган же алар салынбаган товарларды сатуу (жеткирүү) учурунда, "КНС" жана "Сатуу салыгы" графаларынын "Ставка" жана "Сумма" графачаларында "0" деген цифра көрсөтүлөт.";
- 38-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38. 450-уячада уюмдун жетекчисинин же жеке ишкердин, бухгалтердин же салык өкүлүнүн аты-жөнү көрсөтүлөт.";
- 39-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 47-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде жеткирүүчү бул жеткирүү боюнча акы төлөө үчүн банктагы эсебин пайдаланбаса, анда уяча толтурулбайт.";
- 48-пунктундагы "Эгерде 2017-уячада "жок" деген жазуу көрсөтүлсө" деген сөздөр "Эгерде 2017-уяча толтурулбаса" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 54-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде бул жеткирүү боюнча акы төлөө үчүн сатып алуучунун банктагы эсеби пайдаланылбаса, анда уяча толтурулбайт.";
- 56-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Оңдолуучу ЭЭФти тариздөө учурунда жеткирүүнүн оңдолгон датасы көрсөтүлөт. Мисалы: салык төлөөчү ЭЭФте жеткирүүнүн датасын 20-август деп көрсөтүү менен жеткирген, ага 15-сентябрда оңдоо киргизет. Мындай учурда оңдолуучу ЭЭФ 401-уячада жеткирүүнүн оңдолгон датасы деп 15-сентябрь көрсөтүлөт.";
- 57-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) салык салынбоочу.";
- 60-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"60. 405 жана 406-уячалар бүтүмдүн шарттары өзгөргөндө, башкача айтканда төмөнкүдөй учурларда жеткирүүнүн наркын оңдоо үчүн оңдолуучу ЭЭФти тариздөө учурунда толтурулат:
1) баа өзгөргөндө;
2) аткарылган жумуштардан жана/же көрсөтүлгөн кызматтардан баш тартылганда;
3) жумуш жана/же кызмат көрсөтүү үчүн акыны кайтарып берүүдө.";
- 61-пунктунун 3-пунктчасында:
экинчи абзацындагы "салык салынуучу" деген сөздөр алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын: "Жумуштан жана/же кызмат көрсөтүүдөн баш тартылганда жана/же жумуш жана/же кызмат көрсөтүү үчүн акыны кайтарып берүүдө, сандык жана нарктык көрсөткүчтөрдүн өлчөмү минус "-" белгиси менен көрсөтүлөт. Оңдолуучу ЭЭФ жеткирүү учурунда таризделген баштапкы ЭЭФке карата гана таризделет. Оңдолуучу ЭЭФтин көрсөткүчтөрү оңдолбойт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 61-1-пункт менен толукталсын:
"611. 407-уячада салык төлөөчүнүн эсептик бухгалтердик системасындагы номери же ЭЭФ менен иштөө ыңгайлуу болушу үчүн салык төлөөчүгө зарыл болгон башка маалыматтар көрсөтүлөт.";
- 62-пунктунда:
3-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын экономикалык ишинин мамлекеттик классификаторуна" деген сөздөр "ЭЭФ МСтеги жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн маалымдамасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 41, 42 жана 43-пунктчалар менен толукталсын: "41) "Өлчөө бирдиги" графасында - жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн өлчөө бирдиги. Өлчөө бирдиги ЭЭФ МСтеги жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн маалымдамасына ылайык көрсөтүлөт;
42) "Бирдик үчүн баасы" графасында - жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн бирдиги үчүн баасы;
43) "Саны (көлөмү)" графасында - жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн саны жана/же көлөмү;";
6-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Жумуштарды жана/же кызматтарды бир сатып алуучуга КНСтин түрдүү ставкаларын колдонуу менен көрсөтүү учурунда, салык салынуучу субъект ЭЭФти КНСтин ар бир ставкасы боюнча өзүнчө тариздейт;"; 7-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жумуштарды жана/же кызматтарды бир сатып алуучуга сатуу салыгынын түрдүү ставкаларын колдонуу менен көрсөтүү учурунда, салык салынуучу субъект ЭЭФти сатуу салыгынын ар бир ставкасы боюнча өзүнчө тариздейт;";
- 63-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"63. КНСтен жана/же сатуу салыгынан бошотулган же алар салынбаган жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу (жеткирүү) учурунда, "КНС" жана "Сатуу салыгы" графаларынын "Ставка" жана "Сумма" графачаларында "0" деген цифра көрсөтүлөт.";
- 65-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"65. 450-уячада уюмдун жетекчисинин же жеке ишкердин, бухгалтердин же салык өкүлүнүн аты-жөнү көрсөтүлөт.";
- 66-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 70-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"70. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФке уюмдун жетекчиси, же жеке ишкер, же бухгалтер, же ыйгарым укуктуу адам кол коюшу керек.".
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана ал расмий жарыялангандан кийин 2 айдан эрте эмес, кийинки салык мезгилинин биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 8-октябрындагы N 103 жарыяланды
Төрага
У.А. Марипов
1-тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 токтомуна 3-тиркеме
BLANK STI-007 Товарларга электрондук документ түрүндөгү ЭСЕП-ФАКТУРА Графикалык көчүрмөнү караңыз.".
2-тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 токтомуна 4-тиркеме
BLANK STl-008 Жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөргө электрондук документ түрүндөгү ЭСЕП-ФАКТУРА Графикалык көчүрмөнү караңыз.".
3-тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 токтомуна 5-тиркеме
BLANK STI-009 Товарларга кагаз жүзүндөгү ЭСЕП-ФАКТУРА Графикалык көчүрмөнү караңыз.".
4-тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 токтомуна 6-тиркеме
BLANK STI-010 Жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөргө кагаз жүзүндөгү ЭСЕП-ФАКТУРА Графикалык көчүрмөнү караңыз.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 токтомуна)Порядок · 19.06.2020 · № 343
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелеринин талаптарын…Постановление · 22.02.2022 · № 93
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 "Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.03.2022 · № 141
- Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 токтомуна)Порядок · 19.06.2020 · № 343
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.07.2015 · № 491 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн2020-жылдын 19-июну № 343 "Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2020 · № 343 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы №93 токтомуПостановление · 22.02.2022 · № 93
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы №141 токтомуПостановление · 18.03.2022 · № 141
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелеринин талаптарын…Постановление · 22.02.2022 · № 93
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 "Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.03.2022 · № 141
- КР Өкмөтүнүн2020-жылдын 19-июну № 343 "Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2020 · № 343 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон