Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 178-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) кошумча нарк салыгын төлөөчү жана товарларды импорттоочу жана/же экспорттоочу салык төлөөчү, ошондой эле катары менен келген акыркы 12 айда же болбосо катары менен келген 12 календардык айга жетпеген мезгилдин ичинде түшкөн акчанын көлөмүнүн суммасы 8 000 000 сомдон ашкан салык төлөөчү:
– бул токтомдун тиркемесинде белгиленген тартипте электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучусу катары катталат;
– ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма жана тартип боюнча эсеп-фактураларды тариздейт;
2) катары менен келген акыркы 12 айда же болбосо катары менен келген 12 календардык айга жетпеген мезгилдин ичинде түшкөн акчанын көлөмүнүн суммасы 8 000 000 сомдон ашкан салык төлөөчү эсеп-фактураларды 2022-жылдын 1-апрелинен тартып тариздейт.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы бул токтомдун 2-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөрдүн арасында эсеп-фактураларды колдонуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 “Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 197 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабитенинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
тиркеме.docx
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- КР Өкмөтүнүн2020-жылдын 19-июну № 343 "Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2020 · № 343 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 197 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу маселелери боюнча айрым…Постановление · 04.10.2021 · № 197 · Күчүн жоготкон