Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 19 июня 2020 года № 343 "О применении счета-фактуры в виде электронного документа"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-06-19.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 4-ноябры № 569 Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816, 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кошумча нарк салыгы (мындан ары - КНС) боюнча эсеп-фактураларга серияларды жана номерлерди ыйгаруу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- КНСтин эсеп-фактураларынын формалары 2 -7-тиркемелерге ылайык.
2. КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгарууга өтүүгө байланыштуу төмөнкүлөр белгиленсин:
- 2016-жылдын 7-ноябрынан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде салык салынуучу жеткирүүлөрдү тариздөө үчүн салык төлөөчү тарабынан ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата калып калган КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктары пайдаланылсын;
- КНС төлөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кошумча нарк салыгынын эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобого ылайык салыктык катталган жери боюнча салык органына ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата калып калган КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктары боюнча реестрлер берилсин.
3) (КР Ѳкмѳтγнγн 2017-жылдын 18-декабры № 816 токтомуна редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-февралында күчүнө кирүүчү 3-пункттун экинчи абзацынан тышкары 2016-жылдын 7-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
С.Жээнбеков
2-тиркеме КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ Графикалык көчүрмөсүн караңыз. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)
3-тиркеме КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ Графикалык көчүрмөсүн караңыз. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)
4-тиркеме КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ (Cуу менен жабдуу жана/же канализация) Графикалык көчүрмөсүн караңыз. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)
5-тиркеме КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ (Электр байланышы) Графикалык көчүрмөсүн караңыз. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)
6-тиркеме КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ (жылуулук энергиясы) Графикалык көчүрмөсүн караңыз. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)
7-тиркеме КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ (электр энергиясы) Графикалык көчүрмөсүн караңыз. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (12)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр…Постановление · 20.04.2011 · № 177
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №177 токтому менен бекитилген "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана…Положение · 20.04.2011 · № 177 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн2020-жылдын 19-июну № 343 "Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2020 · № 343 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдан 29-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 156-1 жана 282-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 29.06.2018 · № 306 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 161 "Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.04.2019 · № 161 · Күчүн жоготкон
- Кошумча нарк салыгы боюнча эсеп-фактураларга серияларды жана номерлерди ыйгаруу ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 токтому менен бекитилген)Порядок · 04.11.2016 · № 569 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.07.2015 · № 491 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656-токтомуПостановление · 31.12.2018 · № 656
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-июнундагы № 343 токтомуПостановление · 16.06.2020 · № 343
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-январындагы № 42 токтомуПостановление · 29.01.2020 · № 42
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 161 токтомуПостановление · 15.04.2019 · № 161
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 656 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын…Постановление · 31.12.2018 · № 656 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр…Постановление · 20.04.2011 · № 177
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишкердик ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп…Постановление · 18.12.2017 · № 816
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн2020-жылдын 19-июну № 343 "Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2020 · № 343 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.