Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-статья. Коомдун жоюлушу
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 мая 2015 года № 115
1. Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ушул Мыйзамдын жана коомдун уставынын талаптарын эске алуу менен ыктыярдуу түрдө жоюлушу мүмкүн.
Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча соттун чечими менен жоюлушу мүмкүн. Коомду жоюу укук мурастоо иретиндеги укуктар менен милдеттерди башка адамдарга өткөрүп берүүсүз токтотулушуна алып келет. Коомду жоюунун тартиби, ошондой эле кредиторлорго төлөп берүүлөрдүн кезек күтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана банкроттук жөнүндө мыйзамдарга ылайык коом тарабынан жүргүзүлөт.
2. Төлөө жөндөмдүүлүгү бар коом ыктыярдуу түрдө жоюлган учурда жоюлуп жаткан коомдун директорлор кеңеши же (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) аткаруу органы акционерлердин жалпы чогулушунун кароосуна коомду жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) дайындоо жөнүндө маселени коет.
Ыктыярдуу түрдө жоюлуп жаткан коомдун акционерлеринин жалпы чогулушу коомду жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат.
3. Жоюу комиссиясы (жоюучу) дайындалган учурдан тартып ал коомдук органдардын мүлкүн тескөө боюнча ишин контролдоо ыйгарым укугуна ээ болот. Атап айтканда, коомдук органдардын аны мүлк ээлигинен ажыратууга же болбосо карыздарын тындырууга багытталган бардык актылары жоюу комиссиясынын (жоюучунун) макулдугу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 264, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 октября 2009 года № 264 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах""Редакцияларды салыштыруу
22.05.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кабыл алат.
3. Жоюу комиссиясы (жоюучу) дайындалган учурдан тартып алынып салынды: коомдун иштерин башкаруу кошулду: ал коомдук органдардын мүлкүн тескөө боюнча кошулду: ишин контролдоо ыйгарым укугуна ээ болот. Атап айтканда, коомдук органдардын аны мүлк ээлигинен ажыратууга же болбосо карыздарын тындырууга багытталган бардык алынып салынды: ыйгарым укуктар ага өтөт. Жоюу комиссиясы жоюлуп жаткан коомдун атынан сотто чыгып сүйлөй алат.
кошулду: актылары жоюу комиссиясынын (жоюучунун) макулдугу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР алынып салынды: 12 октября 2009 года кошулду: 2009-жылдын 12-октябрындагы № алынып салынды: 264 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 264, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 61 "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө" токтомуПостановление · 10.02.2023 · № 61
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 482 "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.09.2023 · № 482
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 339-т ("Азия Нью Тек" айыл чарба машиналарын чыгаруучу завод" ачык акционердик коомунун ишин токтотуу…Распоряжение · 19.06.2024 · № 339-р
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-18" title="18-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>