19-статья. Ыктыярдуу түрдө жоюлуп жаткан коомдун мүлкүн анын акционерлеринин ортосунда бөлүштүрүү
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 октября 2009 года № 264
1. Жоюлуп жаткан коомдун кредиторлор менен эсептешип бүткөндөн кийинки мүлкү жоюу комиссиясы (жоюучу) тарабынан акционерлердин ортосунда төмөнкүдөй кезек менен бөлүштүрүлөт:
биринчи кезекте артыкчылыктуу акциялар боюнча жоюу наркын эсептешүү жүргүзүлөт; экинчи кезекте жоюлуп жаткан коомдун мүлкүн жөнөкөй акциялардын ээлеринин - акционерлердин ортосунда бөлүштүрүү жүргүзүлөт.
2. Ар бир кезектин мүлкүн бөлүштүрүү мурунку кезектеги мүлк толук бөлүштүрүлгөндөн кийин жүргүзүлөт. Эгерде коомдун мүлкү биринчи кезектеги акционерлердин ортосунда бөлүштүргөнгө жетишсиз болсо, анда мүлк ошол кезектеги акционерлердин ортосунда аларга таандык болгон акциялардын санына пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.
3. Мүлктү сатып өткөрүүдөн алынган акча каражаттары мезгил-мезгили менен түшкөн учурда аларды белгилүү кезекте акционерлерге бөлүштүрүү аларга таандык болгон акциялардын санына жараша пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.
(КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 264 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-19" title="19-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>