Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин («Азия Нью Тек» айыл чарба машиналарын чыгаруучу завод» ачык акционердик коомунун ишин токтотуу жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 19-июну № 339-т "Азия Нью Тек" айыл чарба машиналарын чыгаруучу завод" ачык акционердик коомунун ишин токтотуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 97-статьяларына, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Азия Нью Тек" айыл чарба техникасын чыгаруу боюнча завод" ачык акционердик коомун жоюу жол-жобосун белгиленген тартипте жүргүзсүн.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 397-т тескемеси;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 519-т тескемеси.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64