Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-сентябры № 482
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 97-беренелерине, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги белгиленген тартипте:
- "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө чечим кабыл алсын жана жоюу комиссиясын түзсүн;
- "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун ишине тиешелүү ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна сунуш киргизсин.
2. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун жоюу комиссиясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун жоюу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү;
- "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун туунду коомдорунун мүлкүн, активдерин жана акцияларын Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин балансына өткөрүп берүү.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-январындагы № 4 "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы № 77 (3526) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-январындагы № 4 "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.01.2016 · № 4
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15