Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 12-октябры № 264 "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
1-берене. "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 11-статьянын 4-пунктунун биринчи абзацындагы экинчи сүйлөм алып салынсын.
2. 18-статьяда:
2-пунктта:
- биринчи абзац "жоюу комиссиясын" деген сөздөрдөн кийин "(жоюучуну)" деген сөз менен толукталсын;
- экинчи абзац "жоюу комиссиясын" деген сөздөрдөн кийин "(жоюучуну)" деген сөз менен толукталсын;
3-пункт "Жоюу комиссиясы" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү түрдө "(жоюучу)" деген сөз менен толукталсын.
3. 19-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацы "жоюу комиссиясы" деген сөздөрдөн кийин "(жоюучу)" деген сөз менен толукталсын.
4. 20-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-статья. Коомду жоюуну аяктоо
Каттоочу орган тиешелүү буйрук чыгарган учурдан тартып коомду жоюу аяктады, ал эми коом - өзүнүн ишин токтотту деп эсептелет.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
Шилтеме берет (1)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64