Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Улуу Көчмөндөр Мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 10-февралы № 61 "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы №351, токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 97-статьяларына, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун жойсун;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясын түзсүн;
3) "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун ишине тиешелүү ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна сунуш киргизсин;
4) "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун жоюу балансын бекитсин.
2. Жоюу комиссиясы мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-99-статьяларына ылайык "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы №351, токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчө кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик органдар тарабынан тандоо жана көрсөтүү маселелери жөнүндө" токтомунун 1-2, 1-3-пункттары;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын 539-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелерин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2, 4-пункттары.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (5)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтомуна "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз…План · 25.12.2021 · № 352
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелерин жөнгө салуучу…Постановление · 10.06.2022 · № 307
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 467 "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун ишинин маселелери…Постановление · 13.09.2023 · № 467
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 351 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 61 "Улуу Көчмөндөр…Постановление · 12.07.2023 · № 351
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчө кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик…Постановление · 27.05.2020 · № 274 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз…Постановление · 25.12.2021 · № 352
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелерин жөнгө салуучу…Постановление · 10.06.2022 · № 307
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчө кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик…Постановление · 27.05.2020 · № 274 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Национальная программа развития Кыргызской Республики до 2026 года (к Указу Президента Кыргызской Республики от 12 октября 2021 года № 435)Программа · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон