КР Министрлер Кабинетинин токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 «Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, маалыматтык коопсуздук жана табигый кырсыктардын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана алардын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарында республикалык жана эл аралык иш-чараларды өткөрүүдө улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 «Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, маалыматтык коопсуздук жана табигый кырсыктардын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пунктунда:
биринчи абзацы «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору» деген сөздөрдөн кийин «Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары,» деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацы «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун» деген сөздөрдөн кийин «Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын,» деген сөздөр менен толукталсын;
2) 4-пункту «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (макулдашуу боюнча),» деген сөздөрдөн кийин «Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын,» деген сөздөр менен толукталсын;
3) аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, маалыматтык коопсуздук жана табигый кырсыктардын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибинде:
– 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи – он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
«– Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана алардын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана муниципалдык ишканалары төмөнкүлөрдү жүргүзүүдө:
республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал жана ал жеткис күчтүн жагдайлары шарттарында социалдык объекттерди (саламаттык сактоо, билим берүү, калкка социалдык (тиричилик) кызматтарын көрсөтүү объекттерин) долбоорлоо, куруу боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну;
республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен республикалык жана эл аралык иш-чараларды өткөрүүдө объекттерди, жолдорду жана гидротехникалык курулмаларды долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, көрктөндүрүү, капиталдык оңдоо боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну.».
2. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1998 года № 398 "Об утверждении порядка закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью…Постановление · 01.07.1998 · № 398 · Күчүн жоготкон