Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 19-сентябры № 489 Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 825 токтомунун редакциясына ылайык)
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 825 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
- 7-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) преференцияларды колдонуу боюнча методикалык нускаманы, даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссияны тандоо боюнча нускаманы, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча типтүү формаларын;".
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2022-жылдын 17-майындагы № 85-б "Электрондук мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" буйругу жокко чыгарылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үч айлык мөөнөттө:
- Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартибин колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун кызматкерлерин окутсун;
- мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын модулдарын жана функционалдарын жогоруда аталган Тартипке ылайык келтирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы № 77 (3526) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү Тартиби (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 489 токтомуна)Порядок · 19.09.2023 · № 489
- 2029-жылга чейин Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү Программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 544 токтомуна…Программа · 01.09.2025 · № 544
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-апрели № 224 "Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 06.04.2026 · № 224
- Преференцияларды колдонуу боюнча методикалык нускама (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-декабрындагы №9-Б буйругуна ылайык)Приложение · 27.12.2023 · № 9-П
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 825 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду жөнгө салуу…Постановление · 31.12.2024 · № 825
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы № 356 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 489 "Мамлекеттик сатып…Постановление · 20.05.2026 · № 356
- Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону камсыз кылуу Тартиби (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 273 токтому менен бекитилди)Порядок · 21.05.2025 · № 273 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 31-122024-ж. №825 токтомуПостановление · № 825
- Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигин 2022-жылдын 17-майындагы № 85-Б "Электрондук мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 17.05.2022 · № 85-П · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 825 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду жөнгө салуу…Постановление · 31.12.2024 · № 825
- Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигин 2022-жылдын 17-майындагы № 85-Б "Электрондук мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 17.05.2022 · № 85-П · Күчүн жоготкон