Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоо менен байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 12-октябры № 546 Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоо менен байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоо менен байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. "Учкун" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоого ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 222 "Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 222 "Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо боюнча товарларды жана…Постановление · 25.04.2023 · № 222
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.