Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-берене
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2021-жыл үчүн салык отчёттуулугу жана бирдиктүү салык декларациясы, алар боюнча салык милдеттенмелери 2021-жылдын 31-декабрына карата белгиленген талаптарга ылайык тапшырылат жана аткарылат;
2) 2021-жылдын 31-декабрындагы абалга карата түзүлгөн кошумча нарк салыгынан (мындан ары - КНС) ашкан сумма республикалык бюджеттин эсебинен, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен орду толтурулууга жана (же) кайтарылууга тийиш, ошондой эле доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен КНСтин ашыкча суммасы салык төлөөчүнүн өздүк эсебинен бюджеттин пайдасына эсептен чыгарылууга тийиш. КНСтин ашыкча суммасынын ордун толтуруу, кайтаруу жана эсептен чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет;
3) 2021-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болгон атайын салык режимдеринин негизинде салык төлөгөн салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодекси колдонууга киргизилген датадан тартып 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде салык органына салык режимин тандоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү, бул Кыргыз Республикасынын Салык кодекси ишке киргизилген датадан тартып колдонулат, эгерде мындай арыз жок болсо, көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин мындай салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодекси колдонууга киргизилген датадан тартып жалпы салык режиминин негизинде салык төлөгөн салык төлөөчү болуп таанылат;
4) жалпы салык режиминин негизинде салык төлөгөн жана 2021-жылдын 31-декабрындагы абалга карата КНС боюнча салык төлөөчү болуп саналбаган салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодекси колдонууга киргизилген датадан тартып 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде салык органына КНС боюнча салык төлөөчү катары каттоо же Кыргыз Республикасынын Салык кодекси колдонууга киргизилген датадан тартып колдонулган Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген талаптарга ылайык келген учурда атайын салык режимине өтүү тууралуу арыз берүүгө милдеттүү, ушундай арыз жок болгон учурда, көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин мындай салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодекси колдонууга киргизилген датадан тартып жалпы салык режиминин негизинде салык төлөгөн салык төлөөчү болуп таанылат;
5) ушул берененин 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн жана жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү болуп таанылган салык төлөөчү 2022-жылдын 1-мартына чейин ыйгарым укуктуу салык органынын электрондук эсеп-фактураларынын маалымат тутумунун катышуучусу катары каттоодон өтүүгө жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте электрондук эсеп-фактураларын тариздөөгө милдеттүү;
6) Кыргыз Республикасынын Салык кодекси колдонууга киргизилген датадан кийин бүтүүчү салык мезгилдери үчүн 2021-жылдын 31-декабрына чейин түзүлгөн турак жай куруучулары менен түзүлгөн салык контракттары салык контрактысында каралган салык мезгили аяктаганга чейин колдонулат, ал боюнча салык милдеттенмелери салыктар толук төлөнгөндө аткарылды деп эсептелет, салык милдеттенмелери аткарылбаган учурда салык төлөөчүгө Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салык милдеттенмелерин өндүрүү боюнча чаралар көрүлөт;
7) 2021-жылдын 31-декабрына чейин колдонулган милдеттүү патенттин негизинде ашыкча төлөнгөн салыктын суммасы Кыргыз Республикасынын Салык кодекси колдонууга киргизилген датадан тартып Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган тартипте чегерилүүгө же кайтарылууга тийиш;
8) (КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9) 2022-жылдын салык мезгилдерине карата киреше салыгын эсептөө үчүн минималдуу эсептик киреше, ошондой эле мүлк салыгын эсептөө үчүн зоналык коэффициент жана инфляциянын коэффициенти Кыргыз Республикасынын Салык кодекси колдонууга киргизилгенге чейин аныкталган өлчөмдө колдонулат.
10) 2008-жылдын 17-октябрындагы №230 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган тартипте 2021-жылдын 31-декабрына чейин салык төлөөчүгө тапшырылган, салык төлөөчү тарабынан аткарылбаган жана даттанылбаган, салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктык карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө чечим салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын аткарууну камсыз кылуу жөнүндө билдирүү катары таанылат;
11) бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууга же болбосо ушул салык салуу тутумунан чыгууга ниеттенген салык төлөөчү учурдагы салыктык катталган жери боюнча салык органына 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилде салык салуунун башка режимине өтүү тууралуу арыз берүүгө укуктуу. Тандалган салык режими боюнча салыктарды төлөө салык төлөөчү тарабынан арыз берилген айдан кийинки айдын 1инен тартып жүзөгө ашырылат.
Ушул пунктка ылайык бирдиктүү салык төлөөчү катары эсептен чыгарылган салык төлөөчү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунан өз ыктыяры менен чыккан салык төлөөчү болуп таанылат.
12) бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга, же болбосо салык салуунун бул системасынан чыгууга ниеттенген, турак жай жана турак эмес имараттарды куруу чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу, ошондой эле атайын курулуш иштерин аткаруучу субъекттер, айыл чарба продуктуларын даярдоочулар учурдагы салыктык эсепке алуунун орду боюнча салык органына 2024-жылдын 1-августуна чейинки мезгилдин ичинде салык салуунун башка режимине өтүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу. Тандалган салык режими боюнча салыктарды төлөө арыз берилген айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып салык төлөөчү тарабынан жүргүзүлөт.
Ушул пунктка ылайык бирдиктүү салык төлөөчү катары эсептен чыгарылган салык төлөөчү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынан ыктыярдуу чыккан салык төлөөчү деп таанылат.
13) Каттоо орду административдик-аймактык реформанын натыйжасында өзгөртүлгөн мүлккө карата учурдагы календардык жыл аяктаганга чейин салыкты эсептөө жана төлөө администрациялык-аймактык реформаны аткаруу үчүн кабыл алынган ченемдик укуктук акт күчүнө киргенге чейин мүлктү каттоо орду үчүн анын каттоо ордуна ылайык келген ставкалар боюнча жана тартипте жүзөгө ашырылат.
14) 2025-2027-жылдардагы салык мезгилдери үчүн турак имаратка жана жайга мүлк салыгын эсептөө үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган ставка 2025-жылдын 1-июлунан кечиктирилбестен бекитилүүгө тийиш;
15) Жеке ишкерлер катары катталгандарды кошпогондо, жеке жактар автотранспорт каражаттарын импорттоодо жана сатууда 2022-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алынган кирешелер боюнча салыктарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруудан, ошондой эле жоопкерчиликтен, анын ичинде пайыздардын жана туумдардын суммаларын төлөөдөн бошотулат.
Көрсөтүлгөн кирешелер боюнча пайда болгон салык карызы, анын ичинде өндүрүп алуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими, ошондой эле салык органы эсептен чыгарууну жүргүзгөн датага карата төлөнбөгөн, эсептелген туумдар жана салык санкциялары бар карыз, салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү жана/же аяктай элек кылмыш иши болгон учурларды кошпогондо, салык төлөөчүнүн арызынын негизинде эсептен чыгарылууга тийиш;
16) салык төлөөчү баштапкы эсепке алуу документтери жок товарлар жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутумуна 2025-жылдын 1-апрелине чейин киргизген шартта, төмөнкүлөрдү кошпогондо, мындай товарларга карата салык агентинин жоопкерчилигинен жана милдеттеринен бошотулат:
а) алкоголдук продукциялар, тамеки буюмдары, дары-дармек каражаттары, медициналык буюмдар, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдары;
б) ТЭИ ТН 2710197100 - 2710199800 коддорундагы майлоочу майларды жана башка майларды кошпогондо, мунай жана мунай продуктулары;
в) салыктык текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө салык кызматынын органынын чечимдери бар, аларга карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бар товарлар;
0 пайыздан, 0,1 пайыздан, 0,5 пайыздан жана 1 пайыздан баштап ставкалар боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча соода ишин жүзөгө ашыруучу, ошондой эле баштапкы эсепке алуу документтери жок товарларга салык агентинин жоопкерчилигинен жана милдетинен бошотуунун алкагында өзгөчө режимдеги соода зоналарында соода ишин жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөр ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма жана тартип боюнча товарды кириштөөнүн кагаз түрүндөгү документин түзүүгө укуктуу;
17) турак жай жана турак эмес имараттарды куруу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, ошондой эле бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууга же салык салуунун бул тутумунан чыгууга ниеттенген, атайын курулуш иштерин аткарган субъекттер учурдагы салыктык эсепке алуу орду боюнча салык органына 2025-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилдин ичинде салык салуунун башка режимине өтүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу. Тандалган салыктык режим боюнча салыктарды төлөө арыз берилген айдан кийинки айдын 1инен тартып салык төлөөчү тарабынан жүргүзүлөт.
18) салык төлөөчүнүн - жеке жактын мүлк салыгын эсептөө боюнча салык отчеттуулугу жок болгон учурда, салык органы 2026-жылдын 1-январына чейин доонун эскирүү мөөнөтүнүн чегинде төмөнкүлөргө карата мүлк салыгын эсептөөгө укуктуу:
а) ишкердик иш максатында пайдаланылбаган жана курорттук-ден соолукту чыңдоочу зонанын аймагында жайгашпаган турак жай имаратына, жайга;
б) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
в) үйдүн жанындагы, короонун жанындагы жана багбанчылык-чарбак жер участогуна;
г) айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогуна.
19) төмөнкүлөрдү кошпогондо, 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилдери салыктык текшерүүлөр менен камтылууга тийиш эмес:
а) уюмду жоюуда жана жеке ишкердин ишин токтотууда пландан тышкаркы текшерүү;
б) КНС төлөөчүнүн арызынын негизинде КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтарып берүү менен байланышкан салыктык текшерүүлөр;
в) салык төлөөчүнүн такталган салык отчетун салык органы тарабынан кабыл алуу менен байланышкан салыктык текшерүүлөр;
г) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган ченемдерге ылайык укук коргоо органдарынын токтомдорунун негизинде дайындалган пландан тышкаркы текшерүү же кайра текшерүү;
20) 2025-жылдын 1-январына карата абал боюнча транспорт каражатына мүлк салыгынын ашыкча төлөнгөн суммасы бар салык төлөөчү 2025-жылдын 30-ноябрына чейин салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын эсепке алуу же кайтарып берүү жөнүндө арыз менен салык органына кайрылууга милдеттүү. Белгиленген мөөнөткө чейин арыз берилбеген учурда транспорт каражатына мүлк салыгынын ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн өздүк эсебинен бюджеттин пайдасына эсептен чыгарылат.
Транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча ашыкча төлөнгөн сумманы эсепке алуу салык төлөөчүнүн арызы боюнча салык органы тарабынан жүргүзүлөт;
21) турак эмес имаратка, жайга жана курулмага, ошондой эле административдик-аймактык реформанын натыйжасында катталган жери өзгөртүлгөн калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында эмес жерлерге мүлк салыгын эсептөө үчүн 2025-жылы колдонулуучу зоналык коэффициент 1,0гө барабар белгиленет;
22) бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууга ниеттенген салык төлөөчү 2025-жылдын 1-сентябрына чейинки мезгил ичинде учурдагы салыктык каттоодо турган жери боюнча салык органына салык салуунун башка режимине өтүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.
Тандалган салык режими боюнча салыктарды төлөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
- ири жана орто ишкердиктин субъекти тарабынан - арыз берилген айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып;
- чакан ишкердиктин субъекти тарабынан - отчеттук салык мезгили үчүн.
23) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин түзүлгөн инвестициялык макулдашууларда каралган, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3-беренесинин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылгандан кийин мөөнөтү аяктаган салыктык жеңилдиктер инвестициялык макулдашууда каралган салыктык жеңилдиктердин мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат;
24) салык төлөөчү жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде КНСтин нөлдүк ставкасы боюнча салык салынуучу берүүлөр боюнча пайда болгон, КНСтин ашып кетишинин орду толтурулбаган суммалары салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна өтүү учурунда салык төлөөчүнүн өздүк эсептеринен бюджеттин пайдасына эсептен чыгарылат;
25) салык төлөөчүнүн 2025-жылдын 1-сентябрына чейин жалпы салык режиминен атайын салык режимине өтүүсүндө пайда болгон КНС боюнча салык милдеттенмеси боюнча эки жылдан ашпаган мөөнөткө банктын кепилдигисиз салык төлөөчүнүн арызы боюнча бирдей үлүштөр менен ай сайын бөлүп төлөө берилиши мүмкүн.
26) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 383-1-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген мүлк салыгына салык төлөөчүнүн 2026-жылдагы салык мезгили үчүн милдеттенмеси 2026-жылдын 1-июнунан кечиктирбестен аткарылууга тийиш.
Эгерде мүлк салыгын төлөө боюнча милдеттенме 2026-жылдын 1-мартында пайда болсо, салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 383-1-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген милдеттенмеси 2026-жылдын 1-июнунан кечиктирбестен аткарылууга тийиш;
27) салык төлөөчү бул товарларды сатууда пайда болгон салыктарды кошпогондо, бул товарлар боюнча салыктарды төлөөнү кошо алганда, баштапкы эсепке алуу мындай товарлар жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутумуна 2026-жылдын 1-мартына чейин киргизилген шарттарда документтери жок баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарга салык агентинин жоопкерчилигинен жана милдеттеринен бошотулат;
28) салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча кылмыш иши козголгон чарбалык субъекттерге карата салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү салык текшерүүлөрүн, ошондой эле рейддик салык контролун кошпогондо, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды сатуучу субъекттерге карата 2026-жылдын 1-мартына чейин салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү салык текшерүүлөрүн, ошондой эле рейддик салык контролун жүргүзүүгө тыюу салынат;
29) жеке ишкер катары катталгандарды кошпогондо, жеке жактар 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде автотранспорт каражаттарын сатуудан алган кирешелери боюнча салык төлөө милдеттенмелерин аткаруудан, ошондой эле жоопкерчиликтен, анын ичинде туумдардын жана санкциялардын суммаларын төлөөдөн бошотулат.
Көрсөтүлгөн кирешелер боюнча пайда болгон салык карызы, анын ичинде соттун өндүрүп алуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар, ошондой эле соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү жана/же салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча аягына чыга элек кылмыш иши болгон учурлардагы карыз, анын ичинде салык кызматынын органы эсептен чыгарган датага карата жоюлбаган кошуп эсептелген туумдар жана салык санкциялары салык төлөөчүнүн арызынын негизинде эсептен чыгарылууга тийиш;
30) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүгө ниеттенген салык төлөөчү 2026-жылдын 1-мартына чейин салыктык каттоо орду боюнча 0,1 пайыздык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна өтүү жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.
Көрсөтүлгөн салык режими боюнча салыктарды төлөө 2026-жылдын 1-январынан тартып жүргүзүлөт. Арыз бербеген, мурда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзгөн жана жалпы салык режими боюнча салык төлөгөн салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүгө укугу жок;
31) жеке ишкерге менчик укугунда таандык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан түшкөн акчаны кошпогондо, ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө чейин 2025-жылдын 5-августунан тартып түзүлгөн салыктык мезгил үчүн бирдиктүү салыкты эсептөө үчүн салыктык базага киргизилген жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин VII бөлүмүнө ылайык салык салынуучу башка иштерден алынган киреше бөлүгүндө бирдиктүү салык боюнча салыктык карыз салык төлөөчүнүн арызынын негизинде эсептен чыгарылууга тийиш.
Ушул пунктту колдонууда салыктык карыз, анын ичинде салык кызматынын органы эсептен чыгарган датага карата кошуп эсептелген жана жоюлбаган туумдар жана салык санкциялары эсептен чыгарылууга тийиш. Карыздарды өндүрүү боюнча сот актысы жана/же соттун айыптоо өкүмү жана/же субъектке карата салык чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча аягына чыга эле кылмыш иши салык карызын эсептен чыгарууга тоскоол болбойт;
32) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 261-беренесинин 9 жана 10-бөлүктөрүндө белгиленген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагынан убактылуу ташып келүү ченемдери 2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу ташып келинген товарларга карата колдонулат.
33) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иши боюнча катталган, мындай субъект катары катталганга чейин бир эле убакта Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин же экспорттук операцияларды жүргүзүүчү бирдиктүү салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүчү субъект катары катталганга чейин колдонулган режимге ылайык жана ставкалар боюнча салыктарды төлөө менен импорттоо укугусуз 2026-жылдын 31-декабрына чейин товарлардын калдыктарын сатууга жана сатып алуучулар, берүүчүлөр жана принципалдар ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу;
34) транзакцияга салык боюнча катталган, мындай субъект катары катталганга чейин бир эле убакта Кыргыз Республикасынын аймагында ишин же экспорттук операцияларды жүргүзүүчү салык төлөөчү катталганга чейин колдонулган режимге ылайык жана ставкалар боюнча салыктарды төлөө менен 2026-жылдын 31-декабрына чейин товарлардын калдыктарын сатууга жана сатып алуучулар, берүүчүлөр жана принципалдар ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу;
35) патенттин негизинде зер буюмдарын сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген 1 жыл өткөнгө чейин бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна өтүүгө укуктуу;
36) ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген бардык милдеттүү реквизиттер толтурулган эсеп-фактуралар боюнча сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасы 2022-жылдын 1-январынан тартып чегерилүүгө тийиш;
37) бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тутумун колдонуучу, жалпы салык салуу режимин колдонуу ниети бар салык төлөөчү 2026-жылдын 1-октябрына чейинки мезгил ичинде учурдагы салыктык каттоо жери боюнча салык органына салык салуудан жалпы режимине өтүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу. Тандалган салык режими боюнча салыктарды төлөө салык төлөөчү тарабынан арыз берилген айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып жүргүзүлөт.
Ушул пунктка ылайык бирдиктүү салык төлөөчү катары каттоодон алынган салык төлөөчү салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тутумунан ыктыярдуу чыккан салык төлөөчү болуп эсептелет;
38) субъекттер 2025-жылдын 1-апрелине чейин ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутумуна ашыкча киргизилген, алгачкы эсепке алуу документтери жок товарлар жөнүндөгү маалыматтарды оңдоого укуктуу.
Мындай товарлар жөнүндөгү маалыматтарды алардын санын азайтууга алып келген оңдоолор, эгерде мындай товарларды сатуу фактысы мыйзамда белгиленген тартипте тастыкталбаса, анын ичинде салык контролунун жыйынтыгы боюнча салык органы тарабынан маалымат тутумуна киргизилген маалыматтар менен товарлардын иш жүзүндөгү калдыктарынын ортосундагы айырмачылыктарды аныктоого негизделген тийиштүү чечим кабыл алынган учурларда салык салуу максатында товарларды сатуу катары таанууга негиз болуп саналбайт;
39) Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонуу максатында 2026-жылдын 1-январынан тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде ОК-коддорду, мобилдик тиркемелерди, электрондук капчыктарды жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган башка аралыктан төлөө куралдарын колдонуу менен жүргүзүлүүчү төлөмдөр төлөөчүнү аныктоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтардын бар-жоктугуна карабастан, накталай эмес формадагы төлөм деп таанылат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Курама айылдык кеңештин 2025-жылдын 10-марты № 12 “Курама айыл аймагындагы турак жайларга жана имараттарга мүлк салыктын ставкасын кабыл алуу жөнүндө” токтомуПостановление · 10.03.2025 · № 12
- Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 03.04.2020 · № 33
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөЗакон · 25.02.2010 · № 35
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 11.01.2014 · № 2
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 14.11.2014 · № 152
Беренеде аталган актылар (5)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2025 · № 185
- Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 23.07.2024 · № 136
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112342/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>