Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
93-берене. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын эсепке алуу жана кайтарып берүү
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 9-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Ушул Кодекстин 326-329-беренелеринде аныкталган кошумча нарк салыгы (мындан ары - КНС) боюнча ашкан сумманы кошпогондо, салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашык төлөнгөн суммасы деп салык төлөөчү бюджетке төлөгөн салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын суммасы менен бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын суммасынын ортосундагы оң айырма эсептелет.
2. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашык төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн салык боюнча карызын төлөөнүн эсебине төмөнкүдөй тартипте кириштелет:
1) салыктын бул түрү боюнча пайыздарды, туумду жана салыктык санкцияларды жоюунун эсебине;
2) салыктардын башка түрлөрү боюнча салык калдыгын жоюунун эсебине;
3) салыктардын башка түрлөрү боюнча пайыздарды, туумдарды жана салыктык санкцияларды жоюунун эсебине.
3. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын ушул салык боюнча келерки мезгилдердеги салык милдеттенмелерин аткаруу эсебине, ошондой эле салыктын ушул түрү боюнча пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын эсебине чегерүү салык кызматынын органы тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт.
4. Салык төлөөчүдө ашыкча төлөнгөн салыктык сумма бар болгон жана башка салыктар боюнча аткарылбаган салыктык милдеттенмеси пайда болгон учурда аткарыла элек салык милдеттенмесинин эсебине салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын чегерүү салык органы тарабынан аткарылбаган салык милдеттенмеси келип чыккан датага карата чегерүү жүргүзүлгөн күндөн кийинки 10 календардык күндүн ичинде салык төлөөчүгө кабарлоо менен өз алдынча жүргүзүлөт.
5. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттар аткарылган учурда салык төлөөчүнүн арызы боюнча салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын ашыкча төлөнгөн суммасы башка салыктар боюнча келечектеги мезгилдердеги салык милдеттенмелерин аткаруунун эсебине чегерилүүгө тийиш же болбосо Бирдиктүү салык эсебине чегерилүүгө тийиш же салык төлөөчүгө кайтарып берилет.
6. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарып берүү салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн учурдагы салыктык эсепке алынган же төлөгөн жери боюнча кайтарып берүү жөнүндө арыз түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
6-1. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасын чегерүү салык органы тарабынан чегерүү жөнүндө арыз келип түшкөн күндөн кийинки 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
7. Салык төлөөчүнүн салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашык төлөгөн суммасы башка салык төлөөчүнүн салык карызын жоюу эсебине эсепке алынууга тийиш эмес.
8. Арызды кароонун натыйжасында салык органы төмөнкүдөй чечим кабыл алат:
1) ашыкча төлөнгөн салыктын, пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын суммасын эсепке алуу же кайтарып берүү жөнүндө;
2) ашыкча төлөнгөн салыктын, пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын суммасын эсепке алуудан же кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө.
9. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасын эсепке алуу же кайтарып берүү жөнүндө арызды салык төлөөчү ашык төлөнгөн сумма пайда болгон күндөн кийинки күндөн тартып доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде бериши мүмкүн.
10. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасы Бирдиктүү салык эсебине чегерилүүгө жана/же салык төлөөчүнүн аткарыла элек салык милдеттенмеси жок болгон учурда салык төлөөчүгө анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча кайтарып берилүүгө тийиш.
12. Доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандан кийин салык төлөөчүнүн салыктын, ошондой эле пайыздарын, туумдарын жана салык санкцияларынын ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн жеке эсебинен бюджеттин пайдасына алынат.
13. Ушул берененин 6-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт бузулган учурда кайтарып берүү мөөнөтү бузулган ар бир күн үчүн салык төлөөчүгө бюджеттин каражаттарынын эсебинен 0,09 пайыз өлчөмүндө туумдар төлөнөт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 )
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
29.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттар аткарылган учурда кошулду: салык төлөөчүнүн арызы боюнча салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана алынып салынды: салыктык санкциялардын кошулду: салык санкцияларынын ашыкча төлөнгөн суммасы алынып салынды: салык төлөөчүнүн арызы боюнча башка салыктар боюнча алынып салынды: келерки мезгилдердин салыктык кошулду: келечектеги мезгилдердеги салык милдеттенмелерин аткаруунун эсебине чегерилүүгө тийиш же болбосо кошулду: Бирдиктүү салык эсебине чегерилүүгө тийиш же салык төлөөчүгө кайтарып берилет.
6. Салыктын, ошондой эле … кийинки күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
алынып салынды: 61. кошулду: 6-1. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык … күндөн тартып доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде бериши мүмкүн.
10. алынып салынды: Салыктын ашыкча төлөгөн, ошондой эле салыктын бир түрүнөн салыктын башка түрүнө жүргүзүлгөн эсепке алуунун эсебинен пайда болгон пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын суммасы эсепке алынууга жана кайтарып берилүүгө тийиш эмес.
кошулду: (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасы кошулду: Бирдиктүү салык эсебине чегерилүүгө жана/же салык төлөөчүнүн аткарыла элек салык милдеттенмеси жок болгон учурда салык төлөөчүгө анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча алынып салынды: салык төлөөчүгө аткарыла элек салыктык милдеттенмеси жок болсо кайтарып берилүүгө тийиш.
12. Доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандан … 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына алынып салынды: ылайык)кошулду: ылайык, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 )
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Салык милдеттенмеси боюнча өнбөөчү карызды эсептен чыгаруу ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна)Порядок · 22.03.2022 · № 150
- Социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууну алуу Тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 214 токтомуна)Порядок · 30.04.2024 · № 214
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августу № 533 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу…Постановление · 28.08.2025 · № 533
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 29.10.2025 · № 243
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-93" title="93-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>