Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
94-берене. Бюджетке туура эмес төлөнгөн салыктын суммасын эсепке алуу жана кайтарып берүү
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 9-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Бюджетке туура эмес төлөнгөн салыктын суммасы - бул төлөөдө төмөнкүдөй каталардын бирине жол берилген сумма:
1) төлөм документинде:
а) салыктын суммасы бюджетке төлөнө турган жашаган жери боюнча салык органынын топтоо эсебинин ордуна башка салык органынын коду көрсөтүлсө;
б) төлөмдүн тексттик багыты төлөмдүн багытынын кодуна жан/же кирешенин бюджеттик классификациясынын кодуна дал келбесе;
2) банк салык төлөөчүнүн төлөм документин туура эмес аткарса;
3) салык төлөөчү салыктык каттоодо жана/же каттоо эсебинде турбаган салык органында төлөм жүргүзүлсө;
4) салык төлөөчү салыктын бул түрү боюнча бюджетке салык төлөөчү болуп саналбаса.
2. Бюджетке туура эмес төлөнгөн салыктын суммасын эсепке алуу жана кайтаруу салык төлөөчүнүн жана/же банктын арызы боюнча жүргүзүлөт.
3. Салык органы арыздын негизинде бюджетке салыктын туура эмес төлөнгөн суммасынын себептери жөнүндө маалымкатты жол-жоболоштурат.
4. Бюджетке салыктын туура эмес төлөнгөн суммасын эсепке алуу жана кайтарып берүү салык төлөөчүнүн же банктын бюджетке салыктын туура эмес төлөнгөн суммасы, салыктын суммасынын туура эмес түшүүсү жөнүндө арызын алган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
5. Эгерде салык органы ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн каталардын бири бар экенин ырастаса, чечимдин негизинде салык органы:
1) жаңылыш төлөнгөн сумманы бюджеттик классификациянын тиешелүү төлөм кодуна жана/же салык органынын тиешелүү топтоочу эсебине жана/же Бирдиктүү салык эсебине чегерет;
2) ашыкча төлөнгөн сумманы салык төлөөчүнүн эсебине кайтарып берет.
6. Салык төлөөчүнүн төлөм документи банк тарабынан туура эмес аткарылган учурда, ал ошол эле төлөм документи боюнча бюджетке салык суммасын кайра которууга алып келсе, салык органы чечимдин негизинде банктын арызы боюнча катачылык фактысы ырасталган учурда туура эмес төлөнгөн сумманы кайтарып берет.
7. Бирдиктүү салык эсебине чегерүү жана/же салык төлөөчүнүн эсебине кайтарып берүү салык төлөөчүнүн салыктык карызы жок болгон учурда жүргүзүлөт.
8. Салык органы ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн каталардын бар экендигин ырастабаган учурда туура эмес төлөнгөн сумманы эсепке алуудан же кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө негизделген чечимди арыз келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде кабыл алат.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
29.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бири бар экенин ырастаса, чечимдин негизинде салык органы:
1) алынып салынды: туура эмес кошулду: жаңылыш төлөнгөн сумманы алынып салынды: бюджеттин кошулду: бюджеттик классификациянын тиешелүү төлөм кодуна жана/же салык алынып салынды: органдын кошулду: органынын тиешелүү топтоочу кошулду: эсебине жана/же Бирдиктүү салык эсебине чегерет;
2) ашыкча төлөнгөн сумманы салык төлөөчүнүн эсебине … ырасталган учурда туура эмес төлөнгөн сумманы кайтарып берет.
7. алынып салынды: Салык кошулду: Бирдиктүү салык эсебине чегерүү жана/же салык төлөөчүнүн эсебине кайтарып берүү салык төлөөчүнүн салыктык карызы … арыз келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде кабыл алат.
кошулду: (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-94" title="94-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>