Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
328-берене. Нөлдүк ставка боюнча, салык салынуучу берүүлөр боюнча КНС ашкан сумманы кайтарып берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 40-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31
1. КНС төлөөчү төмөнкү шарттарды бир эле учурда сактаганда КНСтин ашыкча суммасын кайтарып берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибине укуктуу:
1) КНС төлөөчү нөлдүк ставка менен берүүлөрдү жүзөгө ашырса жана бул берүүлөрдүн жалпы наркы катары менен келген 6 айга барабар болгон мезгил үчүн салык салынуучу берүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмесин түзсө;
2) акыркы 12 календардык ай үчүн нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу КНС төлөөчүнүн берүүлөрүнүн наркы 40 миллион сомдон кем эмес болсо;
3) КНС салык төлөөчүнүн өздүк негизги каражаттарынын наркы 15 миллион сомдон кем эмес болсо.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шартка ылайык келген КНС төлөөчүнүн арызын кабыл алууда, КНС ашыкча суммасынын негизсиз түзүлүшүнүн тобокелдик факторлорунун негизинде салык органы, арыз алынган күндөн кийинки 5 жумушчу күндүн ичинде КНС кайтарып берүү жана/же ордун толтуруу жөнүндө же ушул беренеге ылайык жөнөкөйлөтүлгөн тартипте КНСти кайтарып берүүдөн жана/же ордун толтуруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
3. КНС ашкан сумманы кайтарып берүү ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган КНС ашкан суммасын кайтарып берүү жөнүндө салык органы чечим чыгарган күндөн кийинки 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
4. Аларга карата КНСтин ашыкча суммасы жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кайтарылган КНСтин салык төлөөчүлөрү үчүн КНСтин ашыкча суммасын түзүүнүн жана өлчөмүнүн негиздүүлүгү салык кызматынын органдары тарабынан салыктык көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө ушул Кодекстин 117-беренесине ылайык ырасталат.
5. КНС ашкан суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу жөнүндө салык төлөөчүгө чечим КНС төлөөчүнүн учурдагы салыктык эсепке алган жери боюнча салык органы тарабынан кабыл алынат.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
02.02.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…КНС ашкан сумманы кайтарып берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби
1. алынып салынды: Эгерде КНС төлөөчү алынып салынды: берүүлөрдү кошулду: төмөнкү шарттарды бир эле учурда сактаганда КНСтин ашыкча суммасын кайтарып берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибине укуктуу:
1) КНС төлөөчү нөлдүк ставка менен кошулду: берүүлөрдү жүзөгө ашырса жана бул берүүлөрдүн жалпы наркы катары менен келген 6 … салык салынуучу берүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмесин алынып салынды: түзсө, анда мындай субъект кошулду: түзсө;
2) акыркы 12 календардык ай үчүн нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу КНС алынып салынды: ашкан суммасын кайра кайтаруунун жөнөкөйлөтүлгөн тартибине укуктуу.
кошулду: төлөөчүнүн берүүлөрүнүн наркы 40 миллион сомдон кем эмес болсо;
3) КНС салык төлөөчүнүн өздүк негизги каражаттарынын наркы 15 миллион сомдон кем эмес болсо.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шартка ылайык келген КНС … күндүн ичинде КНС кайтарып берүү жана/же ордун толтуруу жөнүндө же алынып салынды: КНС ашкан суммасынын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүү жүргүзүү кошулду: ушул беренеге ылайык жөнөкөйлөтүлгөн тартипте КНСти кайтарып берүүдөн жана/же ордун толтуруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
3. КНС ашкан сумманы кайтарып … чечим чыгарган күндөн кийинки 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
4. алынып салынды: Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык камералдык текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган КНС төлөөчүгө КНС ашкан кошулду: Аларга карата КНСтин ашыкча суммасы жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кайтарылган КНСтин салык төлөөчүлөрү үчүн КНСтин ашыкча суммасын алынып салынды: кайтаруу кошулду: түзүүнүн жана өлчөмүнүн негиздүүлүгү салык кызматынын органдары тарабынан салыктык көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө ушул Кодекстин алынып салынды: 329-беренесинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
кошулду: 117-беренесине ылайык ырасталат.
5. КНС ашкан суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу жөнүндө салык … эсепке алган жери боюнча салык органы тарабынан кабыл алынат.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (10)
- КР Министрлер Кабинетинин "Кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералык текшерүүнү жүргүзүү тартиби, кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун…Положение · 30.03.2022 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 126, 326-329-беренелеринин, "Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 30.03.2022 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине…Постановление · 20.06.2026 · № 431
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу…Постановление · 13.09.2023 · № 470
- Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2025 · № 185
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августу № 525 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кыйыр салыктар маселелери боюнча айрым чечимдерине…Постановление · 27.08.2024 · № 525
- Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 646 токтому менен бекитилген)Порядок · 08.12.2016 · № 646 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №178 токтомуПостановление · 30.03.2022 · № 178
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө " токтомуПостановление · 23.01.2020 · № 25 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июлундагы № 365 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 163 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке…Постановление · 02.07.2014 · № 365 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-328" title="328-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>